Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

БШКнын автоматтык "шайлоо" системасындагы соңку маалыматка караганда, референдумга 1 922 295 шайлоочу катышты. Бул тизмедеги шайлоочулардын 69,47 пайызын түзөт. Эң жогорку активдүүлүк Чүй жана Ысык-Көл областтарында болду. Бул жакта шайлоочулардын 82-84 пайызы келип добуш берди. Чыр-чатак чыгып тынчыган Ош жана Жалал-Абад областтарында көрсөткүч 50 пайыздан ашты.

Ош облусунда шайлоочулардын 55 пайызы, Ош шаарында 51 пайызы, Жалал-Абад облусунда 59 пайызы добуш берүүгө катышты. Кыргызстандын сыртында добуш бергендердин көрсөткүчү 64 пайызды түздү. Бирок бул көрсөткүчтөр улам убакыт өткөн сайын жаңырып жатканын эске алганда, референдумдун көрсөткүчү мындан да жогору болуп чыгышы мүмкүн.

Кечки саат сегизде бардык жерде добуш берүү бекеттери жабылды. БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөгө киришти.

Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева добуш берүү аяктагандан кийин билдирүү жасап, референдумга катышкан шайлоочуларга ыраазылык сөзүн айтты. "Ушуну менен элибиз Акаевдер менен Бакиевдердин мурдагы үй-бүлөлүк авторитардык режимине кабелтең чекит коюшту",-деп баса белгиледи мамлекет жетекчиси.

Р. Отунбаева ошондой эле Кыргызстанда парламенттик демократиялык башкаруудагы мамлекет курууга саясатчылар жана саясат таануучулар тарабынан айтылып жаткан ишенбөөчүлүк негизсиз экенин референдум даана көрсөткөнүн белгилеп, жакында парламенттик шайлоонун мөөнөтү жарыяланып, күзүндө Кыргызстан бийликтин бардык легитимдүү бутактарына ээ болорун билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум 2281 добуш берүү участогунда өттү. Анын ичинен 38 бекет өлкөнүн сыртында болду.

Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча өткөрүлгөн референдумга 18 эл аралык уюмдан жана 31 өлкөдөн келген 189 эл аралык байкоочу катышты. Ошондой эле өлкөнүн өзүнүн ичинен бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын бир нече миң өкүлү добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салды.

Байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар катталбагандыгын билдиришүүдө. Референдум коопсуздуктун абдан күчөтүлгөн шартында өттү. Кырдаал морт болуп турган Ош жана Жалал-Абад областтарында шайлоо участокторун аскер күчтөрү, милиция кызматкерлери жана элдик кошуундун күчтөрү кайтарып турушту.

Убактылуу өкмөт жетекчиси, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Ош шаарынан барып добуш берип, чыга бергенде ММКга сөз сүйлөп, бүгүн референдум Кыргызстандын сяасий турмушун укуктук жолго салып, элдин биримдигин чыңдай турган зор мааниге ээ экендигин билдирди.

Чыр-чатак чыгып жаңы тынчыган Ош жана Жалал-Абад областтарында добуш берүү тынч кырдаалда, бирок санаркоонун сезиминин кучагында өттү. 11-14-июндагы тополоң маалында үй-жайы өрттөлүп, документтерин жоготуп жиберген жарандарга жеңилдетилген тартипте добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Добуш беүү аяктаар замат Убактылуу өкмөт чыр-чатактуу аймактарда кырдаал морт экенин эске алып, кайрадан 10-августка чейин коменданттык саат киргизди. Коменданттык тартип кечки саат ондон таңкы алтыга чейин иштейт.

Р. Отунбаева: Референдум боюнча соңку сөз


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG