Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Президент кызматы: 5 жыл көппү же азбы?


Конституция долбоорунун талкуусу.
Конституция долбоорунун талкуусу.

Жаңы Конституция долбоорундагы чоң талаш президенттик кызматтын айланасында жүрүүдө. Мамлекет башчысынын бир мөөнөткө 5 жылга гана шайланары толгон-токой түкшүмөл суроолорду жаратууда. Экинчи мөөнөттөн үмүтү үзүлгөн президенттин 5 жыл таза иштеп беришинен күмөнсүнгөндөр көп.


5 жыл азбы же көппү?

Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоордо президент бир гана мөөнөткө 5 жылга шайлана алат. Долбоорду даярдаган жумушчу топтун мүчөсү Эркин Мамыров президент биртоп ыйгарым укуктарынан ажырады деп эсептейт.

- Бирок ошол калып аткан укуктары деле жетиштүү. Анткени маанилүү маселелер президент аркылуу чечилет. Мисалы, президент Борбор шайлоо комиссиясынын бирден үч бөлүгүн сунуштайт. Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн бирден үчүн сунуштайт. Коргоо министрин, улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисин дайындоого укуктуу.

Жогорку Кеңеш белгиленген мөөнөттө өкмөттү сунуштай албаса аны таратуу, кабыл алынган мыйзамдарды кайтарып берүүгө акылуу. Анткен менен чоң жоопкерчиликти жүктөнүп жүргөнү менен 5 жылга бир мөөнөткө гана шайланган мамлекет башчысы өзүнө тагылган милдеттерди кынтыксыз аткарат деп айтыш деле кыйын.

Айдарбек Көчкүнов
Саясат таануучу Айдарбек Көчкүновдун ырасташынча, президент эки мөөнөткө шайланышы керек.

- Анан жаңыдан эле иштеп, алдыдагы максат-милдеттерин ишке ашырайын деп жатканда дагы шайлоо башталып, ал экинчи мөөнөткө барбаса президенттин кийинки иштерине психологияда, илимде мотив деп коет, мотив калбай калат да. Илки-салкы болуп эле элдин шары менен айткан жагына басып жүрө берет. Андай президенттин бизге кереги жок.

Өй, 5 жыл аз, 8 жыл отурсун

Президент кызматын жалаң 5 жылдык бир мөөнөткө байлап коюу, парламенттин мурдагы депутаты Бейшен Абдыразаковдун пикиринде да туура эмес.

Бейшен Абдырасаков
- Ойлойт да бул. “Беш эле жыл иштейт экем. Болду, ичип-жейм да кетип калышым керек” дейт. Эки мөөнөт койсок, биринчи мөөнөтүн 4 жыл деп койсок, төрт жылда экинчи мөөнөткө өтүш үчүн жанталашып иштейт. Экинчи мөөнөтүн тарыхта калыш үчүн иштейт.

Президенттин шайлоо мөөнөтүн 8 жылга узартуу демилгесинен тышкары аны дагыле бир мөөнөткө, бирок 6 жылга шайлоо зарылдыгы да сунушталууда.

Конституциянын жаңы долбоорун даярдоочу жумушчу топко келип түшкөн варианттардын саны жыйырмадан эчак ашкан. Алардын бир тобунда бийлик бутактарынын текши баарынын аткарган иштерин көзөмөлдөп туруучу дагы бир орган - Элдик курултай институту киргизилиш зарылдыгы белгиленген.

Өкмөттү өзүнө алат бекен?

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу президент аткаруу бийлигине өзү башчы болушу керек, анын ыйгарым укуктарын өкмөт башчыга алып берүүдөн эч кандай өзгөрүү болбойт, деп эсептейт.

- Эгерде президент буякта туугандары менен жесе, буякта премьер-министр партиялаштары менен жейт. Ошол айырмасы.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, президент жалпы эл тарабынан шайланышы керек.

- Элдин батасын алып, ал өзүнүн абалына татыктуу болуп, адилет болгонго аракет кылышы керек.

Азырынча бул илгери үмүт, изги тилек гана катары калууда. Эгемендик жылдары элдин батасын алып бири үч мөөнөткө, кийинкиси экинчи мөөнөткө шайланган президенттер өлкөсүн таштап качууга мажбур болушкан. Үчүнчү президентти жаңыланчу Конституция аркылуу жүктөлгөн ыйгарым укуктары кандай тагдырга алып барары азырынча табышмак.

XS
SM
MD
LG