Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

«Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусунда экс-депутат Гүлнара Дербишева менен Транзиттик өлкөлөрдү изилдөө борборунун жетекчиси Айдарбек Көчкүнов бийликтеги партиялар жоопкерчилиги, Конституция долбоорундагы парламенттик башкаруу тууралуу ой бөлүшөт.



Партиялар көп, орун аз

- Гүлнара айым, парламенттик шайлоодо бир партиянын үстөмдүгүнө жол бербөөнүн арга-амалдары жаңы Конституция долбоорунда каралган. Калыс шайлоо өтсө бир партиянын толук үстөмдүк кылып кетиши күмөн. Канча добуш алса деле 65 ашуун орунга бир партиянын ээ боло албай калышы, аларга добуш бергендердин укугун басмырлап койбойбу?

Гүлнара Дербишева:
- Мындай шайлоо Кыргызстан үчүн алдыга дагы бир кадам болот. Бирок да партиялык тизме боюнча шайлоонун деле биртоп кемчиликтери бар. Анын эң негизгиси императивдик мандат. Мына биз “Акжолдун” көп депутаттары өз ойлорубузду эркин айта албайт элек. Саясий олуттуу маселелер фракция же партия жетекчиси тарабынан гана чечилип калчу. Ошондуктан парламенттик башкаруу биз үчүн кыйла проблемалуу болгону турат. Менимче бизге президенттик-парламенттик башкаруу оң. Парламенттик эртерээкпи дейм.

- Акыйкатта да, бир партия абыдан көп добуштарды алса деле 65 орундан ашуунга ээ болбошу аны жактап берген шайлоочулардын укугун чектеп койбойбу?

Айдарбек Көчкүнов: - Туура, бир партия 100% добуш алып калса парламенттеги жарым орунду гана ээлеп калышы биртоп укуктук маселелерди жаратат. Кайсы бир партиянын идеясы элге жагып, ошону колдоп добуш беришсе аны чектеп коюшса, бул албетте, татаал маселе. Кыргызстандагы азыркы кырдаалдан улам ушундай жолго баратат болушубуз керек. Бирок ойлоно турган маселелер бар.

- Гүлнара айым, парламент тууралуу кеп болгондо аны коллективдүү жоопкерчилиги жок бийлик деп коюшат. Парламенттик башкарууга өткөндөн кийин анын, бийликтеги партиялардын, жоопкерчилиги кандай болушу керек?

Гүлнара Дербишева: - Парламенттик башкарууга өткөнүбүздөн кийин ошо көпчүлүктү түзгөн фракция жетекчисинин жоопкерчилиги чоң болушу керек. Ачык-айкын шайлоо өтсө ошондой жоопкерчиликтин моюнга алган партия бийликке келет. “Акжолду” түптөп аткандагыдай административдик ресурсту пайдаланып кайсы бир партия бийликке келсе анда алар деле добуштарды уурдап алышты деп айтсак болот.

- Айдарбек мырза, парламент жоопкерчилиги жаңы Конституция долбоорунда кенен-кесир жазылганбы?

Айдарбек Көчкүнов: - Конституциялык кеңешме учурунда профессор Бекбосун Бөрүбашев парламент жоопкерчилиги чечилбей калды деп төрагага суроо берген. Мынабу долбоордо партиянын, парламенттин жоопкерчилиги конституциялык деңгээлде көтөрүлүп каралган жок. Мамлекеттин ички жана тышкы саясатын түзүп аткан парламенттин жоопкерчилиги каралган эмес. Бул маселе чийки бойдон калды. Аны чечүүнү ойлонушубуз керек. Президенттин, өкмөттүн жоопкерчилиги бар болсо парламенттин, андагы көпчүлүктү түзгөн саясий партиянын жоопкерчилиги Конституцияда каралган эмес.

Окшош партиялар, үндөш идеялар

- Гүлнара айым, Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөн жатат. Бул деле кезектеги саясий эксперимент болуп калбайбы?

Гүлнара Дербишева: - Бизге ушундай эксперименттер керек. Эми партия, фракция лидерлеринин ролу жогорулап жатат. Парламентке 4-5 партия өтсө ошончо президент болот. Коллективдүү жоопкерчилик болбосо да партия, фракция лидерлеринин жоопкерчилиги болушу керек.

- Мына болбой эле баш салып, жаңы жолго түшүп атабыз. Парламенттик башкарууга өтүү, Айдарбек мырза, бул президенттердин айынан эле болуп жатабы же объективдүү зарылдыкпы?

Айдарбек Көчкүнов:
- Жаңы Конституция долбоорун жазгандардын айтуусунда, президенттердин айынан ушундай жолго түшүп жатабыз. Транзиттик - өткөөл биз сындуу өлкөлөрдө эксперименттер жүргүзүлө берет. Лидерди тандоодо эл деле адашат экен. Парламентти тандоодо деле адашыбыз мүмкүн. Мына азыр 4-5 партиянын аты чыгып жатат. Алардын көйгөйлүү проблемалар, экономика, миграция, аскер база, башка маселелер боюнча позициясы кандай, аны чечүүнүн жолдору боюнча позициясын биз билбейбиз. Эл бул партиялардын башында турган адамдарына карап эле билишет. Эки жолку президенттен оозубуз күйгөндөн кийин эми парламенттик жолго эксперимент жасап жатабыз. Муну деле бир 5 жылдан кийин Конституциянын кээ бир жоболорун кайрадан кароого туура келет. Ички-тышкы саясатты 120 адам кантип аныктайт? Алардын бирөөсүнүн оозунан чыккан сөз дипломатиялык мамиле-катышка таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Парламенттик эксперименттин таасири кандай болушун да ойлой жүрүшүбүз керек.

- Мына бизде жүздөн ашуун партия бар. Ошолор алдыдагы шайлоо алдында биригиши мүмкүнбү? Гүлнара айым, алардын канчасы калышы мүмкүн?

Гүлнара Дербишева: - Угушума караганда ушу азыр партиялар арасында сүйлөшүүлөр жүрүп атыптыр. 5-6 партиянын коалициясын түзүү аракетинен азырынча натыйжа чыга элек экен. Азыркы шартта майда партиялар чоң коалицияга биригиши керек.

- Алдыдагы шайлоо, Айдарбек мырза, майда партиялардын биригишине өбөлгө түзөбү?

Айдарбек Көчкүнов: - Өбөлгө түзүшү мүмкүн. Мунун баары идеологияга келип такалат. Экинчиси партия башында кимдер турганына да көп нерсе көз каранды. Акчасы, коомдогу таасири эске алынат. Экинчиси идеологиялык жагы. Партиялар программалары боюнча бириксе коом структуралык өнүгүү жолуна түшмөк. Мисалы, социалисттик идеядагы партиялар бир багытка биригишсе жакшы болмок. Социал-демократиялык багыттагы партиялар, анан улутчул-мекенчил партиялар турат. Ушулар, ошондой эле интернационалисттик партиялар өз-өзүнчө бириксе дурус болмок. Ушул төрт багыттын ортосунда күрөш жүрсө андан өлкө, эл утмак. Мына ушул төрт багыт ортосундагы атаандаштык өлкөнү туруктуу абалга алып келүүгө жардам бермек. Биздеги партиялардын көбү кландык мүнөзгө ээ.

- Илгерки совхоздун ак коюндай окшош идеядагы партиялар көп. Алардын ичинен татыктуусун тандап алыш үчүн эл ичинде кандай иштер жасалышы керек?

Гүлнара Дербишева: - Убактылуу өкмөт административдик ресурсту колдонбойбуз деп убада кылып атпайбы. Эгер ошол ишке ашса анда эл белгилүү 4-5 партия эмес, таптакыр жаңы партияны алып келиши деле мүмкүн. Эски ыкма колдонулса мына ушул 4-5 партия эле келиши ыктымал.

- Айдарбек мырза, мына ушул жалпы топтон бөлүнүп чыкчу күчтөр барбы?

Айдарбек Көчкүнов: - Бар, албетте. 20 жылдан бери принцибинен тайбай, туруктуу идеяны ишке ашырууга аракет кылып келаткандар бар. Чоң ишеним мына ошолорго жүктөлөт.

- Анда эмес сөзүбүздү жыйынтыктасак. Сиздерге чоң ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG