Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Үчүнчү бирөө табышмагы же кезектеги конституциялык реформа


Конституциялык жаңылоо артынан борбордук агенттиктин төрагасын президенттин милдетин аркалоого, атасынан мамлекетти башкаруунун эки тизгин бир чылбырына ээ чыгышына алып келбес бекен түкшүмөл суроосун жаратууда.

Конституциялык жаңылоо артынан борбордук агенттиктин төрагасын президенттин милдетин аркалоого, атасынан мамлекетти башкаруунун эки тизгин бир чылбырына ээ чыгышына алып келбес бекен түкшүмөл суроосун жаратууда.

21-январда Кыргызстандын Конституциялык соту президент Курманбек Бакиевдин Башмыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын карайт. Мамлекет башчысынын башкаруу системасын реформалоо демилгеси Конституцияга кайчы келери такай айтылып келатат.

Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөрдүн эң орчуну президент кызматтык милдетин аткара албай калган чакта анын ордун ким басат суроосу болууда.

Эртелеп келген экинчи мөөнөт

1993-жылкы Конституция эчен ирет өзгөртүлгөнү менен, анын негизги принциптеринин бири болуп эсептелген президент өз милдетин аткара албай калган чакта эки тизгин – бир чылбыр өкмөт башчыга, андан артса Жогорку Кеңеш төрагасына өтөрү ырасталып келген. Бийлик бутактарынын милдети менен жоопкерчиликтери так көрсөтүлгөн конституциялык норма бул ирет таанылгыс өзгөртүлүп, мамлекет башчысы кызматын аткара албай калган чакта анын ордун ким ээлерин президенттик кеңеш чечери чоң талаштарды жаратууда.

Башмыйзамдын эреже-талаптары антип биринчи ирет бузулуп жатса артынан чоң талаш-тартыштарды жаратмак деле эмес. Өткөн
Кыргызстанда демократия бар экендигин, бар эле эмес, ал мына ушундай укуктук-демократиялык жолдо өнүгүп жаткандыгынын көрсөткүчү.
жылы ошол эле Конституциялык соттун президенттин беш жылдык мөөнөтүн бир жылга кыскарткан айныксыз чечимин парламент колдоп, саратан жайда шайлоо өткөн.

Аны “Ак Жол” партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаев мындайча чечмелеп берген.

- Ушул бир жыл калып, ошондон эрте өткөрүүгө президентибиздин макул болгондугу, бүгүнкү күндө коомдун ошого макулдугу бул Кыргызстанда демократия бар экендигин, бар эле эмес, ал мына ушундай укуктук-демократиялык жолдо өнүгүп жаткандыгынын көрсөткүчү.

Эшик кимге ачылды?

Күтүлгөндөй төрт жылдан кийинки саратан жайдагы шайлоодон утуп чыккан президенттин экинчи мөөнөтү башкаруу системасын жаңылоо демилгеси менен башталды. Натыйжасы өкмөткө караганда өтүмдүү Максим Бакиевдин Өнүгүү, инвестиция, инновациялар борбордук агенттигинин түзүлүшүнө алып келди. Эмки конституциялык жаңылоо артынан борбордук агенттиктин төрагасын президенттин милдетин аркалоого, атасынан мамлекетти башкаруунун эки тизгин бир чылбырына ээ чыгышына алып келбес бекен түкшүмөл суроосун жаратууда.

Акыйкатта да, башкаруу системасын жаңылоо М.Бакиевдин чоң кызматка келишине эшик ачып берсе, Башмыйзамга киргизилчү кезектеги өзгөрүүлөр дагы кандай жаңылыкты алып келерин азыр эч ким так айтып бере албайт.

“Кыргызстанды сактоо” кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаевдин ырасташынча, кызматты өткөрүп берүүнүн укуктук жөрөлгөлөрү аягына чыгууда.

- Ал кызматты өткөрүп бергенден кийин өзүңүздөр күткөндөй эле парламент таркатылат да, андан кийин парламентке да
Андан кийин парламентке да президентке да шайлоолор болот.
президентке да шайлоолор болот.

Азырынча алдагыдай божомолдун чынга чыгышына тоскоол болчу жагдайлар катары президенттин уулу Максим Бакиевдин ысмы атасынын аркасы менен гана аталып келатканы, чоң иштин өтөлүнө чыга электиги, анан да мамлекеттик тилде эркин сүйлөй албастыгы айтылууда.

Алдыга кетсең атың... артка кетсең арабаң...

Анткен менен Кыргызстанда дагыле мурунку президент А.Акаев тушундагыдай үй-бүлөлүк башкаруу күчөп кеткени, 2005-жылы элдик толкундоолордун деми менен бийликке келген К.Бакиевдин кылкылдаган көпчүлүк алдында дембе-дем берген убадаларынын көбү аткарылбай, атүгүл адам укугунун, сөз эркиндигинин сакталышы жагынан өлкөнүн артка кеткени өкүнүч менен белгиленүүдө.

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов учурда бийликти кандай да болсо сактап калуу, аны үй-бүлөнүн колунан чыгарбоо аракети саясий кысым, куугунтуктоолор менен коштолуп жатат, деген пикирде.

- Мына бул шайлоону да көрдүк. Чындыгын айтканда, легитимсиз бийлик бул. Эми эптеп-септеп мына бул бийликти кармап турсак деп, анан башын көтөргөн, акылын көрсөткөн адамдарды көтөрүп жерге чаап, жок кылып, андан кийин жыргап башкарсак дейт.

Президент К.Бакиевдин демилгеси менен Конституциялык сотко жолдонгон жаңы мыйзам долбоору ал жерден колдоо таап калса Башмыйзамды жаңылоо жөрөлгөсү парламентке тиет. Азыркы бийлик атаандаштарын өзгөчө кабатырга салган өзгөрүүлөр, өз милдетин аткара албай калган президенттин милдетин аткаруу кимге тапшырылары ошентип мыйзам тартибине өтүп, калган божомол-жоромолдордун баары анын качан ишке ашырылышына барып такалышы мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG