Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

"Туңгуч президенттин китепканасы" сотко кайрылат


“Туңгуч президенттин китепканасы” фондунун жетекчиси Санаткүл Жамакеева аларга тиешелүү имарат мамлекет тарабынан мыйзамсыз тартылып алынды деген арыз менен прокуратурага, сотко кайрылган жатат.

- Санаткүл айым, айтсаңыз, Кыргызстандын биринчи президентинин китепканасы деп аталган имараттын тегерегинде бир топ талаш-тартыштар болуп атат. Канчалык деңгээлде бул имараттын сиздерге таандыктыгы мыйзам ченемдүү?

- Бул жерде эң биринчиден түшүндүрүп коеюн дегеним, 17-сентябрда өкмөт тараптан келген өкүлдөр биздин фонддун жеке менчигинде турган имаратты баскынчылык түрдө тартып алышты деп дагы бир жолу сиздерге айтып коеюн. Анткени кечээ күнкү маалымат каражаттарына сот департаменти берген маалыматы таптакыр эле башка - Раззаков 8 адреси боюнча жайгашкан имаратка тиешелүү.

Аны биз соттун чечими менен, өз ыктыярыбыз менен чындыгында 1-сентябрь күнү мамлекетке өткөрүп бергенбиз. Анысы чын. Ал эми азыр үч күндөн бери болуп келаткан чыр-чатак бул такыр башка имарат боюнча болуп атат. Ал имаратты 2003-жылы Аскар Акаевич фондго өткөрүп берген, ал имарат боюнча эч кандай соттун чечими болгон эмес.

Ал эми 15-сентябрь күнү милициянын наряды, сот департаментинин өкүлү, мүлк фондусунун өкүлдөрү жана президенттин иш башкармалыгынан келген өкүлдөр эч кандай документтерди, соттун чечимин көрсөтпөй, лом менен келишип, эшикти талкалап, мыйзамсыз түрдө үйдүн ичине киришип, А.Акаевдин өзүнүн мүлкүн, фонддун мүлкүн таңып чогулта эте башташкан. Эч ким бизге "биз келебиз, алабыз, же болбосо соттун чечими бар" деп айтышкан да жок. Ошентип мен алардын аракетин баскынчылык катары баалайм.

- Сиз жакшы билесиз да, 2005-жылкы март окуясынан кийин А.Акаевдин үй мүлктөрүнүн арасында ушул биринчи президенттин китепканасы деп аталган имарат дагы бар экени айтылган. Бул имарат кандайча сиздердин фонддо сакталып калды эле?

- 2005-жылы кайсы тизме жөнүндө айтып атканыңызды билбейм. Бирок бул үй 1996-жылдан бери Аскар Акаев өзүнө куруп аткан үй болчу. Ал эми биздин фонд түзүлүп, китепкана ачабыз дегенде, ал үйдү бизге КР биринчи президенти А.Акаев өзү белек катары берген.

- Демек бул китепкана, бул имарат 2005-жылкы март окуясынан кийинки түзүлгөн экс президент А.Акаевдин үй мүлктөрүнүн тизмесине киргизилген эмес турбайбы?

- Менчик мүлкүнө киргизилген эмес.

- Дегеле ушул Раззаков көчөсүндөгү 8-а адресинде катталган сиздердин фондго тиешелүү имарат боюнча сот иши болду беле буга чейин?

- Жарым жылдан бери бул үй эч кандай сот талашында жок болчу. Мен пресс конференция бергенде 1-сентябрда кандай актыга кол койгонубуздун көчүрмөсүн журналисттерге таратып бердим. 15-сентябрда актыга биз бир аз кошумчалар менен кол койгонбуз. Ал жерде биз бул имарат баскынчылык түрдө тартылып алды деп жазып бергенбиз өз колубуз менен.

- Эми сиздердин мындан аркы аракетиңиздер кандай болот?

- Фонддун бир имаратын биз сактап калалбадык, аны мамлекетке өткөрүп бердик деп айтпадымбы. Ал эми бул Аскар Акаевдин бизге белек кылып берген мүлкүн сот аркылуу өзүбүздүн укуктарыбызды коргой алабызбы, коргой албайбызбы билбейм. Бирок биз сот органдарына да кайрылабыз. Биздин адвокат баскынчылык тууралуу прокуратурага дагы арыз жазды. Кайрадан сот аркылуу өз укуктарыбызды коргойбуз.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG