Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Кыргызстан коррупцияны ооздуктай алабы?


Дүйнөлүк алкакта коррупцияга каршы күрөшкөн уюм – “Транспaренси интернешнлдин” төрайымы Угетт Лаббел бул күндөрү Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Буга байланыштуу “Жарандык коом коррупцияга каршы уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованы “Азаттыктын” таңкы түз обосунда сөзгө тарттык.

- “Трансперенси интернешнл” уюмунун лидери жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар менен да жолугушабы?

- Сөзсүз түрдө. Анткени коррупцияга каршы изилдөө жасаган бир канча уюмдар бар, ошонун ичинде Айгүл айым жетектеген өкмөт менен иштеген уюм да бар, ошолор менен жолугушат.

- Жергиликтүү уюмдар бийликке кандай кеңеш берет, коррупцияга каршы күрөштө чет өлкөлүк уюмга караганда бул жердеги уюмдар кырдаалды жакшы билсе керек?

- Бул сөзсүз түрдө. Анткени басма сөз, журналисттер коррупцияга каршы чиеленген түйүндөрдү ачыш керек коомчулукка, эркин гезиттерде изилдөөлөр болуш керек. Мамлекеттик эмес уюмдар өкмөт менен структуралык, же административдик коррупцияны ачканга аябай жардам берсек болот. Бирок тилекке каршы Кыргызстанда катышуу процесси анча-мынча аз. Анткени Конституцияга каршы көп мыйзамдар дагы акыркы жылдарда кабыл алынып, ошон үчүн өкмөт менен тыгыз байланышып иштей албай атабыз.

- “Трансперенси интернешнл” уюму кандай кеңеш бере алат биздин өкмөткө?

- Бул дүйнөдөгү абдан белгилүү жана профессионалдуу уюм. Ошон үчүн мен ойлойм, Бакиев мырза менен, өкмөт менен жолукканда дагы алардын системасын жана кандай талаптар бар экени боюнча жакшылап кеңешип алса. Кыргызстан азыр эл аралык деңгээлде бул багытта эң начар орунда турат. Анткени көп структуралар коррупцияга чырмалган жана саясат ачык эмес. Ошон үчүн мен ойлойм, мырза Бакиев азыр кандидат болуп турганда, бул уюмдун кеңештери бүгүнкү жана эртеңки Кыргызстандын келечегине салым кошот деген жакшы ойлор бар.

- Мүмкүн бул чакыруу сиз белгилегендей коррупциялык өлкө деген өтө төмөнкү деңгээлдеги рейтингди жакшыртуу үчүн кызмат кылаар?

- Мен дагы ошого ишенем. Анткени “Трансперенси интернешнл” уюму көп өлкөлөргө барбайт. Менимче, Орто Азия чөлкөмүндө Кыргызстан өзүнүн жарандары менен тазалыкка жана жакшы өкмөткө ээ болгонго умтулуп жана жакында келе турган шайлоо дагы ошого багыт алат. Ошон үчүн бул уюмдун жетекчиси келгени - саясий чечкиндүүлүк. Анткени ушундай мезгилде аларды кабыл алып, баарлашуу - бул жарандык коом үчүн да, өкмөт үчүн да пайдалуу болот.

- Шайлоо деп айттыңыз, сиздер “Менин тандоомдун мезгили” аттуу бирикме менен шайлоого байкоо жүргүзүп жатасыздар. Азыркы кезде сиздин оюңуз боюнча үгүт өнөктүгү адилеттүү жүрүп жатабы?

- Биз жакында эле өзүбүздүн көз карашты жарыяладык. Эң кейиштүүсү - талапкерлерге конституциялык ченемде жана Шайлоо кодекси боюнча тең укуктук болбой атат. Анткени башкача ресурстар менен бир гана талапкер аябай белгилүү болуп атат. Ошон үчүн биз тең укуктуулукту талап кылып жатабыз. Талапкерлердин жолугуушууларына милиция жана жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылбаш керек

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG