Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

“Трансперенси интернешнл” эл аралык уюму дүйнө боюнча паракорчулуктун деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялады. Ага ылайык Кыргызстан 178 мамлекеттин ичинен 164-орунду алыптыр.

Эксперт Эркайым Мамбеталиева Кыргызстанда коррупция жана паракорчулук проблемалары боюнча маек курду.

“Азаттык”:
Дүйнө боюча паракорчулуктун деңгээлин аныктаган “Трансперенси интернешнл” эл аралык уюму кезектеги баяндамасын жарыялады. Ага ылайык Кыргызстан 178 мамлекеттин ичинен 164-орунду алыптыр. Бул коррупциянын деңгээли мурдагыдай дегенди эле билдирет. Өлкө азыр парламенттик башкарууга өткөнү жатат. Башкаруунун мындай формасында коррупция менен күрөшүүдө кандай артыкчылыктар, кемчиликтер бар?

Э. Мамбеталиева: Быйыл былтыркыга салыштырмалуу эки деңгээлге абал төмөндөдү деп айтсак болот. Былтыр Кыргызстан 162 орунду ээлеген, быйыл 164 орунга чыгыптыр. Ушундан улам биздин коомдо коркунучтуу абал түзүлүп жатат деп айтсак болот. Парламенттик башкарууга өткөндө жакшы жагы көзөмөлдөө жакшырып, ар тараптуу саясий күчтөр бул проблемага көңүлүн бурат, абал жакшырат деген ишенич бар. Бирок албетте дүйнө жүзүндө парламенттик республикалар толугу менен коррупциянын деңгээли төмөн түшкөн деп айтуудан алыспыз. Бул жерде да көптөгөн факторлор бар.

“Азаттык”: Сиз мурдагы маектериңизде Кыргызстан коррупция менен күрөшүү үчүн саясий эрк жетишпейт деп айтчу элеңиз. Айтсаңыз, саясий эркти көрсөтүү эмнеден башталышы керек?

Э. Мамбеталиева: Дүйнө жүзүндө, бардык өлкөлөрдө эле коррупциянын деңгээлин түшүрүүдө биринчи фактор болуп саясий эрк эсептелет. Бул, албетте, конкреттүү иш-чаралар менен коштолуп, коррупцияга каршы саясатты институтташтыруу процесси жүргөндө гана, анын көрсөткүчү болгон коомчулук аны сезгенде, коррупция канчалык деңгээлде төмөндөдү деген көрсөткүчтөр болгондо гана саясий эрк болот. Же болбосо стратегия кабыл алынып жатса, аны ишке ашыруу механизми болгондо гана саясий эрк бар деп айтсак болот.

2005-жылдан тартып биз “мына, коррупцияга каршы, же аны төмөндөтүү боюнча саясий институтташтыруу башталды”, деп айтып келгенбиз. Быйыл апрель окуяларынан кийин Коррупциянын алдын алуу боюнча атайын орган жоюлуп кетти.

“Азаттык”: Ушул агенттикке ишинин жыйынтыгы көрүнбөйт дегендей бир топ эле сындар айтылчу. Сиз ушул агенттиктин түндүк аймагы боюнча өкүлү элеңиз. Эмне үчүн ишиңер натыйжасыз калчу эле?

Э. Мамбеталиева: Эмне үчүн бул агенттиктин иши көрүнгөн жок дегенде баягы эле маселе – саясий эрктин жоктугу менен байланыштуу болот, же болбосо “мына коррупция менен күрөшүп жатабыз, төмөндөтүп жатабыз”, деп анын баары декларативдүү мүнөзгө ээ болгондуктан да ушул агенттиктин иши көрүнбөй калды.

Түзгөнү түзүлдү, бирок конкреттүү иш-чараларды, же болбосо агенттик иштен чыккан материалдардын баарын чечүүгө келгенде баардык маселелер токтоп калып жатты. Бул өз кезегинде агенттиктин ишин толук кандуу жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берген жок. Экинчиден, кыска мөөнөттүн ичинде натыйжага жетүү мүмкүн эмес.

Мына көп өлкөлөрдө, алсак коррупциянын деңгээлин азайтуу боюнча жакшы чаралар көрүлгөн Гонконг, Сингапур сыяктуу өлкөлөрдө ушундай агенттиктер же органдар түзүлгөндө, алардын биринчи ийгиликтери коом сезиши үчүн көп убакыт талап кылынган экен. Мисалы, 74-жылы түзүлсө, 84-жылдары гана жакшы жыйынтыктарга келишкен экен. Муну дүйнө жүзүндөгү бардык эксперттер тастыктай алат.

“Азаттык”: Жаңы парламент келгенде коррупцияга каршы бирдиктүү мамлекеттик саясатты кантип жүргүзүшү керек? Кайрадан атайын бир орган түзүшү керекпи?

Э. Мамбеталиева: Сөзсүз түрдө эле атайын бир орган түзгөндө гана коррупцияны төмөндөтөбүз деп айткандан алыспыз. Себеби дагы да болсо декларативдүү түрдө түзүп коюп, бирок ал иштебесе эч кандай натыйжа болбойт. Бирок Кыргыз Республикасы 2005-жылы Коррупция менен күрөшүү боюнча Бириккен Улуттар уюмунун конвенциясын ратификациялаган. Ошол документке ылайык, ушундай орган болушу керек болчу. Мындай орган коррупцияга каршы күрөшүү аракеттерин координациялаганга жакшы түрткү берет.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG