Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Көк-Жаңгак: Х.Шаруев өмүр бою эркинен ажыратылды


1-мартта Сузак райондук соту кичинекей кызды зордуктаган Хамза Шаруевге карата чечимин чыгарды. Хамза Шаруев Кылмыш кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү боюнча айыптуу деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Соттун жүрүшүндө ал күнөөсүн мойундаган жок.

1-мартта Сузак райондук сотунун алдына чогулган Көк-Жаңгак шаарынын тургундары ачык сот өткөрүүнү, 20-январда сегиз жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган шаар тургуну Хамза Шаруевге эң жогорку жаза берүүнү талап кылып турушту.

Күбөлөрдүн бири Шаарбү Акматова ошол күнкү окуя алиге дейре көз алдынан кетпей турганын жана чиедей кыздын ошондогу абалын сөз менен айтууга мүмкүн эместигин белгилеп, Хамза Шаруев буга чейин жасаган кылмышы үчүн жеңил жаза алганына нааразы болду.

Райондук соттун төрагасы Жаныбек Бекназаров эл алдына чыгып, аларды кызуу кандуулукка алдырбай, сабырдуу болууга, сот адилетүүлүгүн орнотуу үчүн мыйзамды сыйлоого чакырды.

Көк-Жаңгак шаарынын башчысы Зикирбай Хайтахунов калаада учурда абал тынч экендигин билдирди. Шаарда катталган күрт улутундагы 39 үй-бүлөнүн (200гө жакын күрттүн) көпчүлүгү малы менен үйлөрүн сатып, жүк ташуучу контейнерлерге заказ берип коюшкан. Алардын турак-жайларын жергиликтүү тургундар сатып алышууда.

Зордукталган кыздын чоң апасы Мавлия Кулбашеванын айтымында, жабырлануучу тараптын Көк-Жаңгактан күрттөрдү кетирүү талабы орундалбай, 2-февралда болгон жыйындан да жыйынтык чыккан жок. Анын айтымында, талап аткарылбай, сот катуу жаза бербесе, кыздын туугандары күрттөрдөн өз алдынча өч алышы мүмкүн.

Кызууланган эненин талабы менен биз оюн сураган күрт улутундагы киши макул болгон жок. Аты-жөнүн атагысы келбеген бул адам күрттөр бул аймакка 1937-жылы көчүп келишкендигин, Көк-Жаңгактагы кыргыздар менен мамыр-жумур аралаш жашап жүргөндүгүн, өзүнүн көптөгөн көзү өткөн туугандары ушу калаанын мүрзөсүндө жаткандыгын белгилеп, буларды айтты:

- Хамза Шаруев өз кылмышына жараша мыйзамда каралгандай жазасын тартыш керек. Кечээ эле Көк-Жаңгактан 21 адам башы оогон жакка көчүп кетти. Баланын кылмышы үчүн атасы, атасыныкы үчүн уулу жооп бербейт.

Соттун жүрүшүндө Хамза Шаруев окуя болгон күнү, 20-январда ичимдик ичип, кара куурай чеккенден кийин 8 жаштагы кызды жолуктуруп, аны коркутуп, көпүрө алдына сүйрөп түшүп, арам оюн ишке ашырганы белгиленди.

Хамза Шаруев 2007-жылы аялды зордуктаганы үчүн Сузак райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган. Адвокаттын аппеляциялык арызынан кийин Жалал-Абад облустук соту анын жазасын эки жылга жеңилдетип, абакта тартип бузбаганы үчүн Шаруев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG