Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Жабык сотко ишеним жарашпайт


Кыргызстанда сотторго элдин сексен пайызы ишенбейт деп мурдагы президент Аскар Акаев айтып кеткен.
Кыргызстанда сотторго элдин сексен пайызы ишенбейт деп мурдагы президент Аскар Акаев айтып кеткен.

Cоттук териштирүүлөр ачык болууга тийиш деп Кыргызстанда мыйзамдар түздөн түз талап кылса да, байкоочуларга, ММК өкүлдөрүнө соттук жыйындарга катышууга жол тосулуп келген учурлар көп.

ЕККУ сот системасына жарандардын ишеничин кайтарууга багытталган укуктук долбоор түзгөн. Анын алкагында “ЛАРК” коомдук уюму акыркы бир жыл ичинде соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, Кыргызстанда сот жараяндары негизинен жабык өткөрүлөрүн маалымдады. Аталган уюмдун белгилөөсү боюнча жалпы өлкө боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштери көрсөткөндөй сот жараяндарынын 55 пайызы соттордун иш бөлмөсүндө өткөрүлөт. Соттук териштирүүлөрдүн 54 пайызы графиги жок өткөрүлөт. Соттук териштирүүгө төрагалык кылып жаткандар байкоочуларга жараянга катышууга уруксат бербей койгон учурлар 18 пайызды түзгөн. ЕККУнун колдоосу астында Бишкекте болгон тегерек үстөлдө ушул маселе талкууланды. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын пикири боюнча соттук териштирүү ачык-айкын болууга тийиш:

-Cоттук териштирүүнүн жараяндары, механизмдери ачык болушу керек. Себеби эң биринчиден сотко элдер адилеттүүлүктү жана чындыкты издеп кайрылышат. Анан ошол адилеттүүлүк издеген бийлик структурасында айкындуулук болбосо – анда элдин нааразылыгын жана ишенбөөчүлүгүн пайда кылат.

Мыйзам боюнча соттук териштирүүлөр ачык болушу керек. Бул Баш мыйзамда да белгиленген. Байкоочулар, укук коргоочулар же журналисттер кайсы бир соттук териштирүүгө киргизилбеген учурларда мындай көрүнүш соттордун өздөрү мыйзам бузуп жатканы катары айтылып, аларга кине коюлуп келет. ЖК депутаты Алишер Сабировдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бир жактуу сотторду айыптай берүү да туура эмес:

-Кээ бир соттор тарабынан ачыктык принциби кармалбай жатканы –алардын каалоосуна гана тиешелүү деп айтуу мүмкүн эмес. Сот залдарынын жетишсиздиги, иш бөлмөгө көп кишини батырууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу да буга себеп. Ошондой эле бир жагынан соттордун коопсуздугун да эске алуу керек. Каалагандардын баары соттук жараянга катыша берсе, бул соттун гана эмес, жараяндын катышуучуларынын коопсуздугуна да коркунуч туудуруусу мүмкүн.

Соттун коопсуздугу демекчи, 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Сузак районунун сотун депутаттыкка талапкердин жактоочулары келип, иш бөлмөсүндө коркутуп-үркүтүү менен өздөрүнө ыңгайлуу чечим чыгартып алганы белгилүү. Сот системасынын өкүлдөрүнүн айтуусунда соттордун өмүрүнө коркунуч туулган учурлар ондоп саналат. Чүй облустук райондор аралык соттун төрагасы Ашырбек Курмановдун “Азаттыкка” белгилеши боюнча соттордун коопсуздугун сактоо боюнча атайын кызматтарды киргизүү зарыл:

-Мисалы Орусияда соттук приставдар, АКШда соттук маршалдар соттордун коопсуздугун камсыз кылышат. Бизге да ушундай кызмат зарыл. Менин билишимче буга байланыштуу мыйзам долбоору түзүлгөн.

Кыргызстанда сотторго элдин сексен пайызы ишенбейт деп мурдагы президент Аскар Акаевдин мындан бир нече жыл мурда айткан сөзү бүгүнкү күнү да күчүндө турат, дешет айрым талдоочулар. Анткени ушул тапта Кыргызстандагы сот системасы коррупцияланган, көз каранды система катары түрдүү сын-пикирлерге кабылып келет. 2005-жылы бийликке келген Курманбек Бакиевдин президенттик программасында сот системасын реформалоо дээрлик биринчи орунда турган. Айрым байкоочулардын белгилегени боюнча канчалык бир деңгээлде бул тармакта реформа жүргүзүлгөнү менен бирок система баягы баткан сазында кала берди. Чүй облустук райондор аралык соттун төрагасы Ашырбек Курманов сот системасын коррупцияланып кетти, элдин сотторго ишеничи кеткен, деген пикирлерге кошулбай тургандыгын кошумчалады:

-Мен буга толук каршымын. Анткени соттук жараянда эки тарап бар. Бирөө утулат, экинчиси утат. Ошол утулган жак соттун чечимине нааразы пикирин айтат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG