Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Ош: дагы бир журналистке кол салынды


1-ноябрь түнү «Ош шамы» гезитинин журналисти Кубаныч Жолдошевди белгисиз бирөөлөр аёсуз сабап кетишти. Учурда ал оор абалда ооруканада жатат.

Түнкү саат экилер чамасында белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган журналист Кубаныч Жолдошев, учурда шаардык ооруканада дарыланууда. Токмоктолгон журналист окуя тууралуу өзү “Азаттыкка” буларды айтты:

- Граждандык кийимчен үч жигит алдыман чыгып, бирөө мени көкүрөккө бир тепти. Мен жатып калдым. Анан үчөөлөп тепкилеп киришти. Бирөө бутун ээгиме коюп, кекиртегиме бутун такап тилиңди ач деп муунтту.

“Азаттык”: Сиз гезитке эмнелер тууралуу жазчу элеңиз?

- Мен ОшМУдагы студенттердин көтөрүлгөнүнө түрткү болгон ректордун чечими мыйзамсыз экенин жазгам. Ошондон кийин мага коңгуроо чалышкан жок, бирок башкы редакторубузга чалышып, ар кандай сөздөрдү айтышкан.

Дарыгерлер Жолдошев катуу токмоктон улам, баш мээси чайкалып, денесине катуу зыян келтирилгенин билдиришти. Журналисттин кабыргасы да сынган болушу мүмкүн, дейт шаардык оорукананын нейрохирургу Кылыч Мамашарипов:

- Кубаныч Жолдошевдин баш мээси чайкалган. Анан кабыргасы да сынган болушу мүмкүн. Аны жакынкы үч күндүн ичинде рентген адистери такташат.

Кубаныч Жолдошев сонку эки айдан бери жергиликтүү бийлике таандык «Ош шамы»
гезитинде иштеп келген. Жолдошев басылманын акыркы санында ОшМУдагы студенттердин көтөрүлүшүн кенен жазып, митингге чыккан студенттерге окуу жай жетекчилиги тарабынан куугунтуктар болуп жатканын айткан.

Ал эми гезиттин келерки санына «Оштогу сойку бизнеси кимдин колунда?» деген темада анонс берген. Аталган басылманын башкы редактору Тургунбай Алдакулов, журналисттин сабалышы түздөн-түз анын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтты:

- Мен Кубаныч менен сүйлөшсөм, ал кесиптик ишмердигиме байланыштуу деп айтып жатат. Окуянын жыйынтыгы да мени ошентип айтууга түртүп жатат. Анткени буга чейин бизге «эгер материал жарык көрсө, силер менен башкача сүйлөшөбүз» деген коркутуулар болгон. Гезитке сындалып чыкчулардын «ортомчулары» бизге ошентип айткан. Абайлабасаңар, өзүңөрдөн көргүлө деген эскертүүлөр болгон.

Кубаныч Жолдошев дарыланып жаткан оорукананын алдына чогулган ондогон журналисттер бул окуяга катуу тынчсыздануусун билдиришти. Орто Азиялык «Оазис» интернет журналынын Кыргызстандагы өкүлү Алмаз Исманов, 2007-жылы Алишер Саипов атылып, андан бери дагы бир канча журналисттер сабалгандан бери, түштүктө көптөгөн журналисттер саясий курч темаларды чагылдыруудан баш тартып калышканын белгилөөдө:

- Мындай көрүнүш соңку жылдары Кыргызстанда жаман тенденцияга айланып калды. Канча журналисттер уруп-сабалды, канчалары чет өлкөгө кетти. Журналисттер саясий журналистикадан кетип жатышат. Кубанычтын сабалышы журналисттерге дагы сокку болушу мүмкүн. Журналисттик иликтөөлөр, курч темаларды ММК чагылдырбай калса, анда телеканалдардан жалаң гана музыка менен кино көрүп эле отурабыз.

Исмановдун айтымында, журналист Кубаныч Жолдошевдин белгисиз бирөөлөр тарабынан аёсуз сабалышы Кыргызстандагы журналист журтчулугунун чочулоосун пайда кылып, сөз эркиндиги уламдан улам тарып баратканынын белгиси.

Кыргызстандагы медиа өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 2005-жылкы ыңкылаптан бери 58 журналист түрдүүчө кол салууларга кабылган. Анын ичинде 6 журналист чет өлкөгө баш паанек издеп кетүүгө аргасыз болсо, эки журналист өлтүрүлгөн.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG