Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Ырчы Микаэлди өлтүргөн деп шектелген киши кармалды


Эстрада чөйрөсүндө Микаэл деген ысым менен таанымал Мирлан Доутов.
Эстрада чөйрөсүндө Микаэл деген ысым менен таанымал Мирлан Доутов.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин издөө иш-аракеттеринен улам ырчы Микаэлди өлтүргөн деп шектелген киши кармалды. Президент алдындагы Юридикалык академия кызматкери Эркин Турусбеков Микаэлди өлтүрүшү мүмкүн деп шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эстрада чөйрөсүндө Микаэл деген ысым менен таанымал Мирлан Доутовду 31-мартта кечке жуук үйүнүн кире беришинде белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен. Бул окуя боюнча тергөө-иликтөө ишин жүргүзгөн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ырчыны өлтүргөн деп Юридикалык академия кызматкери Эркин Турусбековдон шектенип жатышат.

Милиция Турусбековду 24-майда камакка алган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Ырсалиевдин билдиришинче Микаэлди Эркин Турусбеков өлтүргөнү тууралуу тикелей далилдер бар.

- Сот чечимин чыгарып, сот өкүмү болмоюнча биз аны кылмышкер дей албайбыз. Бүгүнкү күнү ал камакта. Ошол киши шектүү катары айыпталып, бүгүн кармалып отурат.

Ырсалиевдин билдирүүсүндө сурак маалында Турусбеков маркум ырчынын өлүмүнө күнөөсү бар экендигин моюнга алып көрсөтмө берген.

Бирок айыпталуучунун адвокаттары 27-майда маалымат жыйынын өткөрүшүп, милиция Турусбековго жүйөсүз айып тагып, ал жасабаган кылмышты моюнга алдыруу үчүн кыйноолорго барганын айтып чыкты. Турусбековдун адвокаты Элмира Кудайкулова буларды айтты:

- Оперативдүү топтун өкүлдөрү коркутуп-үркүтүүлөр менен аны ушундай көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Алар суракта эмне деп айтышты, кантип айтышты - майда-чүйдөсүнөн бери көрсөтмө беришкен. Бирок 25-майдагы менин катышуумдагы суракта Турусбеков айыпталуучу катары өзүнө алган бардык күнөөлөрүн четке какты. Ал буга чейинки көрсөтмөлөрү мыйзамсыз түрдө алынганын айтты.

Турусбековдун жактоочулары “Микаэл өлөөр күнү - 31-мартта түшкү 12ден кечки алты жарымга дейре өз телефонунан 17 смс билдирүү алышып-беришип, 9 жолу телефон чалган. Алардын биринде да маркум Эркин Турусбеков менен сүйлөшүп же жазышканы тууралуу далил жок. Мыйзамсыз сурак жыйынтыгына жана Микаэл өлгөнгө чейин эки күн мурун жазышкан смс билдирүүлөргө таянып, аны камакка алуу натуура” дешет.

Микаэл жана Турусбеков 5 жыл мурда таанышкан. Микаэл өлөөрдөн 2 күн мурун алар смс аркылуу араздашканын жүйө кармап, милиция Турусбековду ырчынын өлүмүнө шектүү деп табууда.

Маркумдун сахналаш жакын сааналашы Миргүл Эсеналиева учурда убактылуу кармоочу жайда негизги шектүү катары камакта отурган Турусбековдун күнөөлүү экенинен күмөн санабайт:

- Микаэлдин үйүнө барып, бүт баарын көрсөттү. Каерден кантип өлтүргөнүн, кайсы жерге барып бычакты ыргытканын, телефонун кантип талкалаганын, кийими кан болуп калып кайсы таштандыга ыргытканын – бүт баарын көрсөткөндөн кийин эртеси башканы сүйлөп атат. Эми башында күнөөсүн мойнун алгандан кийин, мен ойлойм , ушул эле бала....

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн билдирүүсүндө Микаэлдин өлүмү боюнча тергөө-иликтөө тобу 180 адамдан сурак алган.
XS
SM
MD
LG