Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Келтектен өлгөн өспүрүм, кечирим алган күнөөкөрлөр


Бакай-Ата райондук соту бир окуучунун өлүмүнө алып келген «мектеп зөөкүрлүгү» боюнча ишти карап бүтүп, чечим чыгарды. Бир жыл мурда мектепти бүткөн эки өспүрүм бала айыптуу деп табылып, ар бири үч жылдан шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Төрт бала кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Жабырланган тарап айыпталгандарды кечиргендиктен жеңил жаза берилгенин билдирди.

Сот өкүмү 30-январда угузулду. Сот Абдыбеков Абдырасулду жана Данияров Данилди КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 101-статьясынын биринчи бөлүгү менен күнөлүү деп таап, ар бирин үч жылга эркинен ажыратты. Жаза шарттуу түрдө берилип, алардын ар бирине үч жылдан сыноо мөөнөтү белгиленди. Сыноо мөөнөтүндө жаңы кылмыш жасашпаса жана сот аларга жүктөгөн милдеттерди аткарышса, өкүм аткарылбайт.

Алардын жүрүш-турушуна көзөмөл жүргүзүү милдети Бакай-Ата райондук жазык аткаруу инспекциясына жүктөлдү. Соттолгондор бул органдын макулдугусуз жашаган жерин өзгөртпөөгө, мезгили-мезгили менен аталган органга келип катталып турууга милдеттендирилди. Калган төрт бала кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.

Ишти караган судья Альбина Жээнбекова жабырлануучу тарап соттолуучуларды кечиргендиктен жеңил жаза берилгенин эскертип, бул соттук ишти сот катары эле эмес эне катары да карагандыгын, ошол себептүү чечим чыгаруу кыйын болгонун айтты:

- Ата-энелери жазык ишиндеги сүрөттөрдү көргөн жоксуңар. Балдар деле Нурактын сүрөтүн көргөн жок болуш керек. Өлүкканада жаткан сүрөтүн көрдүңөрбү? Эмне үчүн ошону көрүп туруп соттук териштирүүнүн башталышында эле күнөөңөрдү мойнуңарга алган жоксуңар. Чындыгын айтып берсеңер жакшы болот эле го,-деди Альбина Жээнбекова соттолгондорго кайрылып.

Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылындагы Жанадил Тойчубеков орто мектебинде былтыр 9- класстын окуучусу Нурак Садабай уулу бүтүрүүчү класстын балдарынан келтек жеп, бутунан онкологиялык ооруга дуушар болуп, былтыр жай айларында каза болгон. Нурак Садабай уулу жогорку класстын балдарынан келтек жегендиктен бутунан орулуу болуп калганы жөнүндө өлөөр алдында апасына айтып берип, кат жаздыртып калтырган экен. Мына ошол айыптоо каты каты сотто башкы далил катарында каралды.

Нурактын өлүмү боюнча 2009-жылы октябрь айында былтыркы бүтүрүүчүлөрдөн алты балага кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен экөө - 1991-жылы туулган Абдырасул Абдыбеков менен Данил Данияров камакка алынган. Тергөө материалдарына караганда, алар өздөрүнөн эки жаш кичүү класстын балдарын полдун плинтустары менен сабап, колдорун бириктирип китеп менен уруп, келтектеп, күбөлөрдүн айтымында «муж совет» деген жыйындарды өткөрүп келишкен.

Соттолуучулар көпкө чейин аларга коюлган айыпты четке кагып келишип, акыры жетинчи сот жыйынында гана Нурактын ата- энесинен кечирим сурашып, күнөөлөрүн моюндарына алышты. Нурактын атасы Садабай Токтоналиев балдардын күнөөсүн кечкенин билдирди:

-Качан аныгына чыгам, ошондо булар күнөөсүн мойнун алса булар менен элдешем деген сөзүм бар болчу. Ошол сөзүмдө туруп, балдардын күнөөсүн кечкени турам,- деди С. Токтоналиев.

Судья Жээнбекова сөзүнүн аягында соттук териштирүүгө аталган мектептин айрым мугалимдери келбей коюп, аталган ишке кайдыгер мамиле кылгандары тууралуу сот тарабынан Билим берүү министрлигине кат жолдонгонун кошумчалады.

Бул чырлуу окуя башталгандан коомчулук арасында сөз көбөйүп, бири балдарды күнөөлөсө, бири ата- энелерди, дагы бири мектеп мугалимдерин күнөөлөп келишет. Бакай-Ата районун тургуну Жаннат мырза мектеп рекетчилигин күчөп кетишинде бийлик башчыларынын жоопкерчилигин баса белгиледи:

- Балдарды күнөөлөшүп жатат. Балдарды күнөөлөш болбойт. Алар баарыбызды көрүп атат. Биздин коомубуз рекетчилик менен жүрүп калды.

Соттолгон балдар жана алардын ата-энелери өздөрүнүн пикирлерин билдирип, маалымат каражаттарына сүйлөөдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG