Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Денис жана Жанета мааракелик концерт беришти


“Досум Үсөн” тобунун солистери, чыгармачыл жубайлар Денис жана Жанета Бобкованын сахнага ырдап чыкканына 10 жыл толду.

Мына ушул мааракеге арналган концерт Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Концертти аталган топтун жетекчиси Юрий Бобков, куудул кыз Назира Жетигенова жана башка бир катар куудулдар алып барды. Театралдаштырылган кечени ошондой эле белгилүү ырчылар коштоду.

19-ноябрда Бишкекте жапон кинолорунун фестивалы башталды. Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган фестивалдын алкагында үч тасма тартууланды. Аталган элчиликтен билдиришкендей фестивалда көрсөтүлгөн тасмалардын баары бир эле жапон элинде гана эмес, башка мамлекеттердин да кино күйөрмандарынын арасында да сүймөнчүлүккө ээ болгон мыкты делген тасмалар.

Келерки жылдын жаз айларында Ош шаарында жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтөөрү күтүлүүдө. Бул туурасында Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаев кабарлады. Анын айтуусунда бул көргөзмөгө Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн сүрөтчүлөр чакырылмакчы.

Москвада кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын концерти өттү. Ага Кыргызстандын Москвадагы элчилигин өкүлдөрү, улуттук маданият борборлорунун кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышкан. Кеченин көрүүчүлөрү жана уюштуруучулары Саламат Садыкованын чыгармачылыгы менен жакындан таанышып, анын аткаруусундагы “Кыргыз жери” жана башка бир катар чыгармаларына күбө болушкан.

Белгилүү кинорежиссер Квентин Тарантино “Абийирсиз акмактар” деген аталыштагы жаңы тасмасын тартып баштады. Анда улутчулдар менен күрөш жүргүзгөн атайын отряддын окуясы чагылдырылат. Фильмде Бред Питт, Майк Майерс, Эли Рот, Тиль Швайгер, Дайэн Крюгер жана башка актерлор образ жаратышууда.

Ал эми тасманын музыкасын атактуу композитор жана дирижер Эннио Морриконе жазат. Маалыматтарга караганда кинорежиссер бул тасмасын 2009-жылы өтө турган Канн кинофестивалында көрүүчүлөрдүн сынына коюууну пландаштырууда.

14-ноябрдан тарта 17-ноябрга чейин Берлинде өткөн “Эксполингва-2008” маданият жана тил жарманке көргөзмөсү коомчулуктун кызыгуусун жараткан. Тактап айтканда бул жолку көргөзмөдө 33 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, эмгектерин коюшкан.

Дүйнөгө белгилүү Миландагы ла Скала опера тетары Франц Легардын чыгармасына коюлган “Шайыр жесир” аттуу операсы көрүүчүлөргө тартууланбай калды. Бул аталган теардагы артистердин иш таштоосунан улам келип чыккан. Ал эми алардын иш таштоосуна театрда артистердин иштөөсүнө оңчулуктуу шарт түзүлбөгөндүгү себеп болгон.

Мосвкадагы Пушкин атындагы көркөм сүрөт музейинде британ сүрөтчүсү Уильям Тернердин жеке көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүнүн Лондондогу “Тейт” галлереясынан алынган 100 дөн ашуунэмгеги коюлган. Бул жолку ачылган көргөзмө Тернердин Москвадагы акыркы 20 жылдагы экинчи көргөзмөсү.

XS
SM
MD
LG