Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

Апта ичинде өткөн маданий окуялар


“Азыркы кыргыз адабий тили” аттуу илимий эмгектин бет ачары өттү. “Аста секин колукту” аттуу алгачкы кыргыз опереттасы кайрадан сахнага чыкты.

  • 31-мартта Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда “Азыркы кыргыз адабий тили” аттуу илимий эмгектин бет ачары өттү. Бул фундаменталдык эмгек – фонетика, лексикология, лексикография, фразеология, морфология, синтаксис, стилистика, текст таануу жана лингвопоэтика бөлүмдөрүнөн турат. Эмгек азырынча 200 даана менен 928 бет болуп басылып чыкты. Аталган жыйында манасчылар, акындар жана ырчылар өнөрлөрүн тартуулашты.

  • 1-апрелде мамлекеттик филармонияда, ал эми 2-апрелде мамлекеттик опера жана балет театрында “Аста секин колукту” аттуу алгачкы кыргыз опереттасы режиссер Аманбек Жапаровдун даярдоосунда коюлду. Опереттонун музыкасы композитор Насыр Давлесовдуку, ал эми либреттосун Насирдин Байтемиров жазган. 1977-жылы алгачкы ирет сахнага чыккан бул оперетта формасы жагынан албетте кыйла жаңыланып чыкты.

  • 1-апрелден тарта жаш кинорежиссер Нурлан Разакуловдун “Ү” же “А” аттуу кыргыз кино өнөрүндөгү алгачкы фантастикалык комедиясы Бишкектеги “Манас” кинотеатрында 2 сеанс менен көрсөтүлүп жатат. Фильмдин максаты – көрөрманды ойлонтуу. Тасмадагы келечекке барчу жолдон адашып калган каарман – ал жолдун ачкычы – эл-жерди сактоодо, табият алдында таза болууда экенин түшүнөт. Фильмди көрсөтүү 10-апрелге чейин жүрөт.

  • 2-апрелден тарта Кыргыз кино үйүндө жаш кинорежиссерлордун “Үмүт” кинофестивалына фильмдерди тандоо жүрүп баштады. Жаш кинорежиссерлордун “Үмүт” кинофестивалы 22-23-апрель күндөрү Бишкектеги Кыргыз кино үйүндө өтөт. Аталган кинофестивалга азыр 60 тан ашык эмгек келип түштү. Ал кинотасмалар көбүнесе кыска метраждуу келип, сүйүү темасын, кыргыз тарыхын, бүгүнкү социалдык маселелерди козгойт.

  • Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров “Арманым Лира” аттуу жаңы тасманы тартууга киришти. Ушул күндөрдө аталган фильмге актерлорду тандоо жүрүп жатат. “Арманым Лирада” Темир Бирназаров Кыргызстандагы сойкулук маселесин козгоо менен, кыздардын мындай жолдорго барышынын себеп-жагдайларын көркөм тасма аркылуу чечмелөөгө аракеттенмекчи.

XS
SM
MD
LG