Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Талант тагдыры: Айтылуу ырчы Гарифулла


“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөгүбүздүн бул жолку чыгарылышы өз кезегинде “Он алты кыз” баштаган ондогон казактын элдик ырларын ырдап, эки эгиз элдин (казак менен кыргыз) угуучуларынын алкоолоруна алынып өткөн Казакстандын эл артисти, айтылуу ырчы Гарифулла Курмангалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналат.

Кыргыздар менен казактар «Ыр элдин жаны, ырсыз эл да, турмуш да жок» дешип, бир да күнүн, бир да түнүн ырсыз, обонсуз, күүсүз өткөрүшпөптүр. Эки эгиз элдин торко электеринен өткөн терең мазмундагы, руханий жан дүйнөңдү козгогон, рахат тартуулаган канаттуу ырларды төкмө акындар, обончу-ырчылар, аткаруучулар жаратышкан. Казактын обондуу ырларынын башатында турган Биржан-Салдын, Мухиттин Абайдын, Жагу Мусанын, Майранын, Естайдын ж.б. шайырлардын жолдорун жолдоп, өнөрлөрүн улагандардын бири – айтылуу ырчы, Казак Республикасынын эл артисти Гарифулла Курмангалиев эле. Ал кезегинде казакка да, кыргызга да терең сүйүктүү ырчы болгон.

Гарифулла 1909-жылы Уралдын Кара-Төбө районунун Аккүл деген жеринде туулат. Ал ата-энеден эрте жетим калат. Ошентип, атасынын инилеринин колунда өсөт. Болочоктогу ырчынын шыгынын жанышына атактуу элдик композитор, ырчы, Мухиттин шакирттери Шынтас менен Шайхы себепкер болушат. Алардан жаш шайыр домбыра да черткенди, Мухиттин ырларын, махабатты баяндаган “Кыз Жибек” аттуу дастанды үйрөнөт. Ырларды ырдап, дастан айта баштайт.

1934-жыл. Июнь айы. Алма-Ата калаасы, элдик шайырлардын республикалык биринчи кароосу өтөт. Ошондо жаш ырчы элдик ыр “Желдирмени” ырдайт.

Калыстар тобунун сунушу менен ал казак музыкалык драма театрына кийин Абай атындагы опера жана балет театрына артист болуп кабыл алынат. Опера театрына коюлган “Кыз Жибек”, “Жалбыр”, “Эр таргын”, “Айман Шолпан”, “Абай”, “Биржан жана Сара”, “Амангелди” ж.б. опералардагы ар кыл мүнөздөгү, түркүн тагдырдагы ролдорду көрүүчү-угуучулардын жан дүйнөсүнө өчпөс болуп жашагандай аваздык көркөм чеберчиликте бирде үлпүлдөтө, бирде созолонто бийик созуп, ырдын ар бир сөзүнө өңү-түсүн айкалыштыра ажарын ача аткарат. Ал ар кандай тагдырдагы кейипкерлердин сахнада келбеттерин келиштире ойноо менен бирге балапан чагынан ырдап өскөн элдик ырларга өзгөчө көңүл бөлөт. Айрыкча Гарифулла кандай гана тилдеги, кандай гана диндеги угуучулардын арасында концерт бербесин, сөзсүз түрдө ыр дүйнөсүнөн багын ачкан “Үлкөн айдай”, “Терме”, “Он алты кыз”, “Ак айша” аттуу ырларды ушунчалык берилип, өткөрө кумарлана эргип, ар бир угуучунун жүрөгүнө жеткендей өчпөс болуп жашап калгандай устаттыкта аткарган. Бир мисал, академик, композитор, музыка изилдөөчү Ахмет Жубанов 1950-жылдын ноябрь айынын орто ченинде казак артисттери менен Кытай Эл Республикасынын Турфан шаарына барып калат. Курамы 45 ырчыдан, бийчилерден, музыканттардан турган шайырлардын арасында Курмангалиев да бар экен.

Ахмет Жубанов бул окуяны мындайча эскерет:

- Бизди кытайлыктар чоң салтанат менен кучак жая абдан жакшы тосуп алышты. Концерт башталды. Кезек айтылуу ырчы Гарифулла Курмангалиевге келди. Ал бейтааныш угуучуларга ар бир концертте дайыма ырдап жүргөн “Үлкен айдай” аттуу элдик ырды ырдоо менен баштады. Ал угуп-көрүп отургандардын баштары айлангандай тунук, мукамдуу үн менен айкыра ырдады эле зал жарылып кете жаздады. Андан соң эң бир назик, эң бир мукамдуу, эң бир жумшак үндө элдик “Ак Айшаны” үлпүлдөтө ырдаганда залдын ичи дүркүрөгөн кол чабууларга жаңырды. Гарифулла ырын ырдап бүтөөрү менен таазим эте ырдасын деген кол чабуулар үстөккө-босток чабылып жатты. Акырында Гарифулла айтылуу “Он алты кыз” аттуу ырын аткарды. Мына шатыра-шатман кол чабуулар кыраан каткырык, күлкүлөр менен коштолду. Бейтааныш угуучулар кайра-кайра калгаап, ырдоосун суранып, Гарифулланы сахнадан кетирбей коюшту. Акырында Гарифулла “Он алты кыздан” эки куплет кайталап ырдап берип, сахнадан араң бошонду. Бир сөз менен айтканда Курмангалиев кайсы жерде, кандай тилдеги элдердин арасында ырдабасын концертти ар дайым ура менен өтчү эле.

Казактын эл артисти Гарифулла Курмангалиев менен кыргыздын айтылуу ырчысы, эл артисти Асек Жумабаевдин ортосундагы чыгармачылык, ага-инилик карым-катнаш абдан жакшы эле.

Асек Гарифулла агайы менен кандайча таанышып, андан казак эл ыры “Он алты кызды” кандайча үйрөнгөнү жөнүндө мындай деп айткан эле:

- 1960-жылдын күз айы. Казак филармониясынын чакыруусу менен Алма-Атага концерт бергени барып калдым. Гарифулла агай экөөбүз алмак-салмак ырдап концерт бердик. Ырас, буга чейин эле Гарифулла агайдын ырдаган ырларын угуп, өзү менен саламдашып сүйлөшүп жүргөмүн. Бирок агай менен бүгүнкүдөй кең-кесири отуруп баардаша элек элем. Агайдын ырчылык, аткаруучулук чеберчилиги, үнү, ар бир ырды майын чыгара ырдаганы мага аябай жакты. Гарифулла агай ошол күнкү концертте өзүнүн сүйүктүү “Он алты кызды” ырдады. Адаттагыдай эле угуучулар ырды ура менен кабыл алышты. Мага “Он алты кыздын” обону, сөздөрү ушунчалык жакты. Концерттен кийин агайдын “Он алты кыздын” сөзүн жазып берсеңиз, обонун эсиме тутуп алдым, - десем. Агай: - макул, мен Казакстанда, сен Кыргызстанда ырдасаң “Он алты кыз” казак менен кыргыздын орток элдик ыры болот, - деп, ырдын сөзүн жазып берди. Мен “Он алты кыздын” сөздөрүн бат эле жаттап эл алдына ырдап чыктым.

Астыма минген атым генадушка,
Шабамын көңүл ашып немножка,
Не керек бул дүйнеде жит өтүге,
Азырак ойнап-күлмей, молодушка

Кайырма:
Зулкия-ай, Уркия-ай,
Катира-ай, Сагира-ай
Күлзира-ай, Назира-ай,
Нагима-ай, Батима-ай
Ашеккей кыз Айжан-ай.
Балеккей кыз Балжан-ай
Шашбалу кыз Салима-ай
Эркелеген Тайса-ай
Талыксыган Маруся-ай,
Тыңдаушы өдү-ау Салем-ай
Кай кеттиң Райса-ай,
Я люблю аяй, Рая-ай

Кайырмасы:

Карагум, айналайын черный көзүм,
Никогда не забуду айткан сөзүң,
Второй, третий сорттар толуп жатыр
Первый сорт кайдан туудың сенин өзүң?

Кайырмасы:

Угуучулар ура менен кабыл алышты. Кезектеги бир жолугушууда “Он алты кызды” Гарифулла агайыма ырдап берсем аябай кубанып “Асек иним, “Он алты кызды” менден да ашыра ырдап коюпсуң, азамат, ушул басыгыңдан жазба” – деп далыга чаап, ак батасын берген эле, - деген эле маркум Асек Жумабаев.

Ооба, Асектин казак боордоштордун жүрөктөрүнөн түнөк тапкан тамашалуу ыры “Он алты кыздын” обонун, сөздөрүн бузбай, аваздык көркөм боекторун өчүрбөй, Гарифулланын айрым бир аваздык жактан жеткире албай калган жактарын миң түрлөнтө кооздоп, ажарын ача ырдап чыгат. Ал ырды Жумабаев ырдап чыккан күндөн аткаруучулук чеберчилигинин да дагы бир жаңы баракчасы ачылат. Асек кайсыл гана жерде, кандай гана элде концерт бербесин сиңдеген угуучулар “Он алты кызды” ырдатышмайынча сахнадан кое беришпейт. Ошентип, Асектин ырдоосунда “Он алты кыз” жан дүйнөлөрүн асылданткан элдик ырына айланат. Асакем “Он алты кызды” ырчылык шыгы ашып-ташып, гүлдөп турган курагынан касиеттүү 80 жашка чыкканга чейин ырдап жүрүп, о,дүйнөгө сапар алды.

2004-жыл. Айымдардын эл аралык 8-март майрамынын алдындагы бир жолугушууда Аскаш:

- “Жаш карыбас, ат арыбас болсочу” дегендей жаштык кетип, карылык келип, өмүр бою ырдап жүргөн “Он алты кыз” бойго жетип, турмуш куруп, өчөр-бачарлуу болушуп, баштарына бакыт конуп, бүгүн балпайган байбичелерден болушту. Эми ак элечекчен айдай жүздүү байбичелерди жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап “Он алты кемпир” аттуу ырымды гүл десте катары сунуп коеюн.

Кадимки генадушка карып калган,
Аземи алты асытга барып калган
Он алты селки менен ойноп күлгөн,
Асектин кең дүйнөсү тарып калган.

Умсунай, Кулпунай,
Катира-ай, Сагира-ай,
Күлзира-ай, Батима-ай,

Алтындай кемпир Алтынай,
Белгилүү кемпир Балжан-ай,
Чачбалуу кемпир Салима-ай,
Тоок баккан Маруся-ай
Кайда кетип Райса, я люблю ай.

Азыркы кемпирим сүйгөң жарым,
Остальной кемпирлерим другдарым,
Шестнадцать сердца болбойт бир адамда
Капа болбогула калган кемпирларым, -
деп атактуу ырчы Асек Жумабаев ырдап берген эле.

Ошентип казактын ырчысы Гарифулланын “Он алты кыз” аттуу тамашалуу ыры Жумабаевдин ырдоосунда кыргыздардын төл ырына айланды.

Казактын ырдоо менен бирген өзү да ондогон обондорду чыгарат. Өнөрүм өлбөй элиме калса да” – деп ондогон жаштарга ырчы-аткаруучулук, обончулук өнөрүн үйрөтөт. “Өчпөй турган ат, өлбөй турган жан жок” дегендей Курмангалиевдин көзү өтсө да, казак ыр өнөрүнүн айтылуу устаты катары калк жүрөгүндө жашап келүүдө.
XS
SM
MD
LG