Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кыргыз китеп палатасына 70 жыл


Бүгүн, 23-апрель - Эл аралык китеп күнүндө Бишкектеги тарых музейинде Кыргыз мамлекеттик китеп палатасынын 70 жылдыгы да белгиленет. Жыйында бир жылдан бери жүрүп келаткан “Китеп искусствосу” сынагынын жеңүүчүлөрү аталып, айрым китеп адистерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат.

Эл аралык китеп майрамына жана Кыргыз китеп палатасынын 70 жылдыгына арналган салтанатты мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу ачмакчы. Анда “Китеп искусствосу” сынагынын жеңүүчүлөрү жана айрым алдыңкы китеп адистери өкмөттүн жана маданият министрлигинин сыйлыктары менен сыйланат.

Китеп палатасынын директорунун орунбасары Кален Сыдыкованын айтымында, айрым кыргыз китептери соңку бир жыл ичинде эл аралык китеп сынактарында ийгиликтерге жетишти:

- Кыргызстан боюнча жүргөн сынактарда “мыкты” деп табылган китептер эл аралык сынактарга катышууга укуктуу. Мисалы биздин “Кыргызский эпос” аттуу китебибиз былтыр Москвада өткөн КМШ мамлекеттеринин китептеринин V сынагында алдыңкы сыйлыктарга жетишсе, “Кыргызское искусство” аттуу китебибиз баш байгеге татыктуу болду. Ошондой эле Орусияда, Түркияда, Германияда, Иранда, Түркмөнстанда өткөн эл аралык сынактарда да “Кыргыз китеби” жакшы ийгиликтерге ээ болду.

Мамлекеттик китеп палатасында борбордо чыгып жаткан бардык басылмалардын бирден үлгүсү каттоодон өтүп, сакталат. Бүгүнкү күндө Китеп палатасында 2 млн. дон ашык басылманын архиви сакталып турат. Бирок палатанын ички шартынын начардыгынан, айрым басылмалар сапатынан да кетип жатат. Ошондой эле Китеп палатасынын имараты да тарып, китептерди сактоо иши жаңы жабдыктарга муктаж:

- Эми жыл сайын китептер да, басылмалар да өсүп, биздин чакан имаратка батпай да баратат. Ошондой эле имаратыбыз оңдоп-түзөөгө муктаж. Анан жарыктын бат-бат өчө бергенинен китеп сактоочу жайларыбыз ным тартып жатат. Китептерди сапатын бузбай кармай турган техникалык жабдыктар керек бизге.

Ал эми Кыргыз китеп палатасынын 70 жылдыгына арналган иш чаралар китепканаларда, басмаларда жыл бою уланмакчы.



XS
SM
MD
LG