Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Москвада кыргыз сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин көргөзмөсү ачылды


Ю. Шыгаевдин чыгармалары Москва көргөзмөсүндө. 2009-жылдын 22-апрели.

Ю. Шыгаевдин чыгармалары Москва көргөзмөсүндө. 2009-жылдын 22-апрели.

Москванын ЦДХ көргөзмө залында 22 апрель күнү белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин чыгармаларынын көргөзмөсү ачылды. Аны ачууга Орусиянын маданият министри Александр Авдеев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров баш болушкан аттуу-баштуу кишилер катышышты. Орусиянын ордо шаарында алгач ирет көргөзмөсү ачылып атканы менен чыгып сүйлөгөндөр Шыгаевдин кыл калеминен жаралган дараметтүү чыгармалар танапташ мамлекеттерде, ошондой эле алыскы чет элдерде да көргөзүлгөнү айтылды. Конкурстарда сыйлыктарга ээ болуп, маселен, Лос-Анжелес, Бангладеште баш байгелерди жеңип алганы белгиленди.

«Азаттык»: - Юристанбек мырза, Москвага келип калыпсыз, тоюңуз кут болсун!

Ю. Шыгаев: - Рахмат!

«Азаттык»: - Сиздин эмгекти буга дейре көрө элек экемин. Бул жердеги эмгектериңизден мага көрүүчү
катары – «Айчүрөк» жана «Кара ат жана Боз ат» катуу жакты. Мыкты чыгыптыр. Кимдерден таасир алгансыз?

Ю. Шыгаев: - Мен Ленинграддан окуп, ал шаарда улуу сүрөтчүлөрдөн сабак алгам. Мыльников деген чоң сүрөтчү, Ветрогонский өзүмдүн устатым, Герасимов деген улуу кишилерден сабак алгамын. Бирок менен баамымда ар бир киши сүрөт өнөрүндө өз ордун табыш керек деймин. Ошондуктан ар бир мамлекеттин өзүнүн Салвадор Далиси болушу керек, Винсент Ван Гогу ошондой эле Пабло Пикассосу болушу керек. Мен азыр Кыргызстандын өнөрүндө өз ордумду таптым деп ойлоймун.

«Азаттык»: - Сиздин орунду өзүңүз атаган сүрөтчүлөрдүн кайсынысы менен катар койсо болот? Далини атадыңыз, Ван Гогду атадыңыз...

Ю. Шыгаев: - Мени кыргыздын Пикассосу деп коюшат. Мен чынында эле Пикассонун чыгармачылыгын жогору баалайм. Анын күндөлүктөрү, ал туурасында китептер үйүмдө толтура.

«Азаттык»: - Пикассо дегенде атактуу кыл калемгер эмгектеринен абстракциясы башка келет.

Сезимдерге жуккан «Герника» эмгеги эске келет. Сиздин эмгектерде кыргыздын нукура турмушунан даана чагылган учурлар бар экен. Мунун Пикассо эмгеги менен чукулдук жагы эмнеде дээр элеңиз?

Ю. Шыгаев: - Менин чыгармачылыгым тамга, белги түрүндө чагылдырылат. Ата тегибиз таштарга, балбалдарга илгери сүрөт салып кетишкен. Азыр ошол саймалы таштарды кайра анализдеп аларды дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп чыгуу биздин милдет. Мындайча айтканда саймалы ташты өзөгү катары алып өнөрдү өөрчүтүп атамын. Биздин улуу сүрөтчүлөр: Белек Кошоев, Жумабаевдер калтырып кеткен мурастардай. Азыркы заман компьютердин, космостун заманы болгондуктан ата-баба калтырган мурасыбызды дүйнөлүк деңгээлде даңазалашыбыз керек. Ар бир атуул, ар бир сүрөтчү өз элинин ырын ырдашы керек. Ошондуктан мен кайсы мамлекетке барбайын менин эмгегимди көргөндөр бул нагыз кыргыздын сүрөтчүсү экен деп айткандай болуш керек. Кыргыздын жыты келди, үнү келди, обону, жомогунун сыры келди деп айткандай болуш керек.

«Азаттык»: - Рахмат, чыгармачылыгыңыз арта берсин!

Көргөзмөнүн тушоо кесүүсүнө чакырылыган сый коноктордун бири “Музей Востока” музейинин директирин орун басары Татьяна Метакса экен, аны да кепке тарттык:

Т. Метакса: - Биздин музейдин коллекциясында кыргыздын өнөрү кыйла бар. Залдарыбызда көп кыргыз кыл калемгер эмгектери илинүү турат. Ошол себептен биз үчүн бүгүнкү бул художниктер борбордук үйүндө ачылган дараметтүү Шыгаев чыгармаларынын тушоо кесүүсүнө катышуу өгөчө маанилүү. Кыл калемгер менен тааныштыгым бар, ал кыйла жолу биздин музейге келип жүрөт. Бирок анын жеке көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып олтурамын. Эмгектери жакшынакай. Жаркырак маанай жаратат. Жашоого жыргал кошкон маанайда. Аны эч кимдин эмгеги менен салыштырып кереги жок.
XS
SM
MD
LG