Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бул жолку чыгарылышында белгилүү комузчу, чоорчу, темир, жыгач ооз комузчу, “Саамал” фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси, республикалык, эл аралык сынактардын, фестивалдардын лауреаты Асылбек Насирдиновдун ар тараптуу чыгармачылыгы, жаңы чыгарган күүлөрү тууралуу сөз болот.

Ар тараптуу жаркын шыктагы Асылбек Насирдинов 31 жашта. Ал ордо калаа Бишкекте төрөлгөн. Асылбек музыкалык билимдин башатын Петр Федорович Шубин атындагы музыкалык мектептин комуз классынан баштайт. Аны ийгиликтүү бүтөөрү менен окуусун Муратаалы Күрөңкөев атындагы орто музыкалык окуу жайынан улантат. 2005-жылы болсо Улуттук консерваториянын комуз классын бүтүрөт. Борбордогу “Ордо сахна”, “Камбаркан”, “Теңир тоо” топторунда иштейт. Туубаса шыгын жетилтет, өздүк репертуарын байытат. Ансамблде ойноо менен бирге концерттерде жеке комузда Карамолдонун, Ыбырайдын, Токтогулдун, Атайдын күүлөрүн чертет.

Ал өзү теңдүү кесиптештеринен айырмаланып, ар бир залкар шайырдын күүлөрүн автордун өздөрү кандай көркөмдүүлүктө, тереңдикте, кенендикте чертишсе дал ошондой мазмундуулукта, чеберчиликте чертүүгө аракеттенет.

- Асылбек мырза балапан кезиңден азкыркы угуучуларга тартуулагандай комуз күүлөрүн таңшыта чертип жүрүп эле созолонто чоор тартып чыга келишиңе кимдер таасир этти, эмне себеп болду?

- Биринчи кезекте “Ордо сахна” фольклордук тобу себепчи болду. Ал ансамблде комузчу болуп иштеп калдым. Ошол жерден биринчи жолу чоорду көрдүм. Мага байыркы аспаптын үнү жакты. Анан чоор тарткан жигиттерден чоор үйрөнө баштадым. Бара-бара көрүнүктүү чоорчу Асанбай Каримовдун кыргыз радиосунун алтын казнасына тасмага жазып кеткен күүлөрүн угуп, чоорду тарта баштадым. Асанбай атабыздын күүлөрүн көп уккандыктанбы бир күнү түшүмө кирди. Түшүмдө жапыс тоо, жаз айы экен. Асанбай аксакал дөңдө чай ичип отуруптур. Мен ылдый жактан келдим. Күн болсо чайттай ачык, кашкайып тийип турат. Тоо болсо жап жашыл чөпкө бөлөнгөн. Мен барсам аксакал туруп мага келди да “чоорду жакшы тартып калыпсың”, - деп батасын берди. Мен ойлойм балким чоор ойноп, күү чыгарып калышыма ошол да дем болдубу деп. Ошондон кийин чоор жасай баштадым. Чоор күүлөрүнүн тарыхтарын иликтеп билип, кийин жакшы ойной баштадым.

Асанбай аксакалдын жаркын элесине арнап, “Асанбайдын элеси” деген күү чыгардым. Анда Асанбай атанын күүлөрүнүн стилин сактадым.

- Чоор күүлөрү жөнүндө оюңду уласаң.

- “Көч жүрө жүрө оңолот” дегендей бара-бара чоорду иликтеп жаңыча ыкма менен аткара баштадым. Анткени, байыркы чоорчулар музыкалык сабаттарынын жоктугунанбы, алардын каталарын оңдоп-түзөп ойной баштадым. Элдик “Кыз Мактым” деген күү бар. Ал өтө эле жөнөкөй примитивдүү тартылчу. Ошол күүнү иштеп чыктым. Аны баардык жагынан оңдоп чоң күүгө айланттым. Биринчиден, ал күүнүн чыгыш тарыхын иликтедим. Мактым кыргыз элинин жалындуу патриоту болгон. Ал ойрот элинин баатыры Бекарыстандын зайыбы экен. Бекарыстан кыргыз элин басып алам деп келген кезде кыргыздар аябагандай сулуу, акылдуу, бойго жеткен Ак Мактымды аялдыкка беришип, аман калышат. Сөздүн кыскасы Мактым Бекарыстанга эки уул төрөп берет. Аларды Мактым караса келечекте баатыр чыкчудай. Булар да кийин эр жеткенде баатыр чыгып, кыргыздарды кырат – деп, Мактым кыргыздарга качмай болот. Мактым качат. Бекарыстан артынан кууп ага жетет. Мактым болсо чоң өйүздүн аркы жээгине өтүп кеткен болот. Бекарыстан болсо берки бетинде турат. Бекарыстан Мактымды ушунчалык жакшы көрчү экен. Ал: - кечирдим, бери кел, дейт. Мактым болсо: - жок мен бара албайм. Атыңды суудан өткөр – дейт. Ал атын өткөрөт. Барбайм – дейт. Бекарыстан мунуңу да кечтим, кел мага – десе. Жигиттериңди өткөр – дейт. Ал жигиттерин өткөрөт. Аларды шаркырап аккан суу агызып кетет. Бекарыстан мунуңду да кечтим – дейт. Мактым: - жок, алдагы эки балаңды өткөрсөң балким ошондо барармын – дейт. Бекарыстан эки баласын сууга кое бергенде суу агызып кетет. Ошондо Мактым атына минип, Бекарыстандын атын жетелеп кыргыздарга качып кетет. Мактымдын мындай талаптарды коюп, өзүнүн эки баласынан кечиши, алар эр жеткенде кыргыздарды кырат деп эли үчүн эки баласын кыйган.

- Асылбек мырза, элдик күү “Ак Мактымды” жакшы иштеп чыгыпсың. Эми дагы бир башка күүнүн маани-маңызына токтолсоң?

- Дагы эле Асанбай атабыздын репертуарына кайрылсам. Ал кишинин дагы бир жакшы күүсү бар. Ал “Кара кыз менен Сары кыз” деп аталат. Күүнү тартканда эки кыздын ойноп отурганын, кылык-жоруктарын элестейсиң. Күүдө эки кыздын образын абдан жакшы сүрөттөгөн.

Белгилүү жаш шайыр Асылбек чоор тартуу, комуз чертүү, кыргыздын эң байыркы какма тилдүү музыкалык аспаптары темир, жыгач ооз комуздарын табына чыгара кагуу менен бирге аларга өзү жашап, эмгектенип жаткан замандын агымына жараша өткөрө көркөмдүү терең мазмундуу күүлөрдү чыгарып келүүдө. Алсак, темир комуз менен эстрадалык топко “Жомок”, “Токой аралап”, чоорго “Балбан түн”, “Асанбайдын элеси”, комузга “Улуу көч”, “Бий” аттуу ж.б. күүлөрү “Саамал” тобунун өздүк репертуарынан түшпөй кыргыз эле эмес, чет өлкөлүк угармандардын да көңүлүнө татып келүүдө.

Асылбектин ар тараптуу өнөрүнө, күүлөрүнө Американын Нью-Йорк баштаган штаттарынын, Лондондун, Париждин, Токионун, Пекиндин, Түркиянын, Орусиянын жана башка чет өлкөлөрдүн музыка сүйүүчүлөрү да кол куушура таазим кылып келишүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG