Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Италиянын Бари шаарында өткөн айда музыкалык апсаптарда ойноочу чеберлердин эл аралык XI конкурсу өттү. Ага Москвадагы П.И.Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын бешинчи курсунун студенти Азамат Сыдыков да катышып, фортепианодо ойноо боюнча мелдештин баш байгесин жеңип алды. Азамат Сыдыков менен Москвадагы кабарчыбыз баарлашты.

- Азамат, бул ай июлда Консерваторияны бүтүп, аспирантурага өтүшүң менен куттуктайбыз. Өзүң жана чыгармачылыгың тууралуу айта кетсең.

- Мен 7 класска дейре Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окугамын. Анан 8-11-класстарды Москвадагы Консерватория алдындагы ЦМШда окудум. Ал мектепти бүткөндөн кийин Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияга өттүм. Николай Арнольдович Петровдун классына алындым.

- Айтылуу Петровдун классына кандайча өтүп калдың? Студент болгондорду бөлүштүрүү маалында тигил тигиге, бул буга деп бөлүштүрүү болдубу же Петров мырза өзү тандап алдыбы? Же өзүңдүн каалооң менен болдубу?
"Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Муса Мураталиев жаш музыкант Азамат Сыдыков менен.

- Алды менен башка мугалимге өткөм, бирок пикир келишпөөчүлүк пайда болду. Мен ошондо өзүм Арнольд Николаевичке кайрылдым. Ал абдан жакшы, айкөл киши, мени угуп туруп, үйүнө кел деп убактысын айтты. Ойнойсуң деп он чакты чыгарманы атады. Келип он-он беш мүнөттөй ойноп бердим. Аягында сенин дараметиң бар экен, сен экөбүз чоң долбоор түзөбүз, конкурстарга катышып аны жеңишибиз деди.

- Арнольд Николаевич сыноодон өткөрүп, жактырып туруп анан классына алган экен да?

- Албетте.

- Эми сыйлык ала баштапсың. Болгондо да эл аралык байге алыпсың. Кайсы конкурс жана кандай жеңиш, алар?

- Буге дейре алты конкурска катыштым. Барселонада Мария Канальц атындагы чоң конкурска катыштым. Ал жерде дүйнөлүк музыкалык чөйрөдөн келишкендер ат салышуусу болду. Ал конкурска катышуунун өзү эле музыкачы үчүн чоң сыймык. Эмне дегенде ал жерге барыш үчүн өзгөчө конкурстан өтүш керек. Selection round - тандоо туру деп коет аны жеңип чыгыш керек. Кийинки конкурска катышуум – Голландиядагы Утрехт шаарында эл аралык Лист атында өткөн ат салышта болду. Ага 185 талапкер катыштык. Аягында 12 аткаруучуну алдыңкы катарда деп иргешти, мен ошол, он экинин бири болдум. Орто Азиядан мен жангыз болдум. Андан кийин үч жолу Италияга барып келдим. Үчүнчү жолку барышымда, таймашып, кабыргам кайышканча кармашып атып, баш байгени алып кайттым. Бир айдай болуп калды. Июндун 8и күнү Италиядан Москвага учуп келдим. Мен үчүн бул чоң сыймык, эмне дегенде менин өзүмүн өмүр баянымдагы жетишкендик болду.

-Баш-аягы канча аткаруучу катышты?

- Жетимиштей киши чу дегенде катышып, тандалган 24 аткаруучу биринчи мөрөй үчүн күрөштүк. Мыктылары Орусиядан, Украина, Жапония, Италиядан келген пианисттер болшту.

- Азамат, сенин кебиңден улам, раматылык улуу ырчы Болот Миңжылкиев эске түштү. Анын тушоосу да Ла Скала сахнасында кесилген эле. Бас үндүүлөр арасынан биринчи орунду жеңип кайтты эле. Италия шол себептен опера боюнча чыгаандырыбызга жол ачкан жак болуп келатты эле эми өзүң айткандай апсапта ойногон чеберлер үчүн да салым кошо баштаган экен. Алардын кандай сый-сыпаты болот экен?

- Албетте, колго тийгени жөн эле кагаз, бетинде биринчи орунду жеңди деген эле жазуусу болбосо жайынча эле кагаз. Бирок ошону алыш үчүн канча мамлекеттен чеберлер келип күрөшкө түшөт. Ошол кагазды мен колума алганда кубанычым койнума батпай ыракатка баттым. Мындай маданияттын борбору атанган жерлерде жеңишке жетүү чоң сыймык. Италияда мени эстеп калды деп ойлойм эмне дегенде Кыргызстан деген сөздү биринчи жолу туура айтууга үйрөнүштү.

- Эл аралык тогузунчу конкурста өзүңөн башка алдыга аттары чыккан музыкачылар кайсы өлкөлөрдөн болушту?

- Жапониядан, Орусиядан, Украинадан болушту. Кытай, Корейден да болушту.

- Сыйлык ушул элеби же башка да сыйлык алгансыңбы?

- Бул жолку Италияда өткөн эл аралык конкурста эки чеберчилик боюнча ат салышуу болду. Мен жеке аткаруучулар конкурсуна катышып, фортепианодо ойноп баш байгени жеңип алдым. Андан сырткары камералык музыка боюнча да ат салышуу болду. Ага да катышып, мен пианинодо Зуаб Соткилаванын шакирти Марина Начкебия ырын коштоп ойноп жыйынтыгында ал экөбүз Гран-При жеңип алдык.

- Жакшы кабар ушул экен. Даңазалай турган айта жүрө турган иш болуптур. Азамат, болсун! Кыргыздын атын, мүдөөсүн алыска таанытып аткан иш экен. Болсун! Элдин кулагында Башмет жана Спиваков дегендер бар. Ошолордун ансамблине катышып ойносо болор беле?

- Мен Спиваковдун ансамбли менен биринчи курста окуп атканымда Москванын музыкалык үйүнүн сахнасында ойногом. Иши кылып, Спиваков менен музыкалык алакам болгон. Мен аткарууларым тууралуу жакшы пикир айтып келет. Башмет менен алакам жок.

- Конкурска катышуу үчүн машыгыш керек, көп ойнош керек. Кандай эрежеде ишкердик этесиң? Эртеден кечкеби? Кези келе калгандабы? Же дагы бир башка жол-жобосу барбы?

- Машыгууну мен сыйкырдуу учур деп эсептейм. Дал ошол жатыгуу маалында бир укмуштуу ачылыштар жаралат. Авторлордун – композиторлордун биз (аткаруучулар – ММ) үчүн чыгармасына катып кеткен каймана маани - Message ой толгоосу болот. Ошону ача билүү керек. Бирок мунун спорттогудай жагы деле бар. Бармактарың дайыма калыбында жүрүш үчүн дайыма ойноп турушуң керек. Бирок музыканы ача билүү - анын руханий маанисин ачып берүүгө жараша болот. Ошондой болсо да машыгуу көп болуш керек. Эң маанилүүлүгү – машыгуу кызыгуу менен, жан дили менен өтүү керек! Мен абдан берилип, элирип ойноймун. Музыка дайыма табышмак!

- Демек, аткарып атканда нотага түшүрүлгөн гана музыканы эмес аны окуп түшүнгөнүң боюнча ойнойт турбайсыңбы же туура эмес түшүндүмбү?

- Жо-жо, түшүнбөй калдыңыз. Айтайын дегеним, канча залкар пианисттер бар. Святослав Рихтер же Владимир Горовиц. Айырмасы эмнеде? Экөө бир эле чыгармны, айталы Фредери́к Шопе́н «Балладасын» ойойт. Кандай айырма менен ойнойт? Бирок аларды мен ээрчип кетпешим керек.

- Горовицтин ойногонун карап турсаң баягы музыкада сөзсүз сакталучу манжалардын топ мыкчып тургандай абалда болушун түшүрүп салат экен. Анан бир бул, бир тигил бармагы менен эле ойногонун көрдүк. Бирок обонду жеткиликтүү жаңылбай классикалык музыканы өзүндөй аткарып берип атат. Рихтер болсо, өзүң билесиң, ал устат аткаруучу эле. Классикалык музыка кандай шааниде болсо ошону так чагылдырып келген, чаалыкпас инсан эле.

-Азамат, кыргыз музыкасынан кандай кабарың бар, кимдер келип кошулуп атат, айталы, жаштардан?

- Менимче жыйырмынчы кылымдын жакасында, 17 –20 жылдардан тарта бизде профессионалдуу музыка пайда боло баштады. Батыштын маданияты келе баштаганда кандай залкар композиторлор пайда болушту. А.Малдыбаев, Н.Давлесов, К.Молдобасанов. Укмуштуудай болушкан. Кыргыз музкасынын тонунун ичинде европалык мукамдык жатат. Бирок азыр да кыргыз музыкасы дүйнөлүк авторун табууга муктаж. Залкар композиторун таба элек. Эмне дегенде биздин кыргыз обонубуз укмуштуудай! Биз Азиянын ортосунда жашап атканыбыз менен биздин обондордо европалык музыканын ачкычы бар. Мисалга, биздин музыка араб обондоруна окшошпойт, кытай обондоруна окшошпойт. Биздин ладалык мукам европалык обондор тобуна кирет.

- «Манастын» обону бар да, аны аткарып атканда.

- Албетте.

- Манасчылар айтып келе жаткан кыргыз баласынын аң-сезиминдеги обон да. Ушуну кандай чечмелесе болот? Кандай түшүндүрүп бересиң?

- Мындай чыгарманы музыкалык дүйнөдө речитативдүү деп коет. «Манас» биз үчүн касиеттүү үкөк. Анын обону да бир сырдуу. Акындар ошло кезден эстерине тутуп бир муун бир муунга өтүп берип келген. Мурда айтуучулар төгүп ырдашса эми кагазга түшүрүлгөн нускасы жаралды. Ошону шаасы жетип чагылдыра алган бир композитор келет, биздин кыргыз элинин тарыхын ачып, баркын көтөрүш үчүн келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG