Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөгүбүздүн бул жолку мейманы айтылуу Суусамырда жарык дүйнөгө келген, балалыктын балдай таттуу күндөрүн өткөргөн, азыркы күндө Кыргыз Улуттук консерваториясынын 4-курсуна көчкөн, “Ага Хандын” маданият корунун Бишкектеги “Устатат шакирт” борборунун шакирти домбрачы, темир, жыгач ооз комузчу, чопо чогойно чоорчу, сыбызгычы Кутманаалы Султамбеков.

Кутманаалы туубаса шыгынын ойгонушуна, жанышына айылдык ырчылардын ырдаган ырлары, жумгалдык комузчу таякелеринин черткен күүлөрү данек болгонун айтып келип, мындайча токтолду:

- Бала кезимден эле ырдган ырчылардын, күү черткен шайырларга таңданып, ошолордой ырдасам, күү чертсем деп кызыга баштадым. Жумгалдык таякелерим абдан таланттуу комузчулардан эле. Алар комуз чертсе, кошотоосунда ырдагандай болуп, алардын жандарынан жарым карыш чыкчу эмес элем. Айылда ыр кеселер көп өтүүчү. Анда Манас, дастан айтылып, ырлар ырдалып, күүлөр чертилүүчү. Ошондо биздин айылдан сен Манас айтасың- деп, мени тандашты. Мен анда 6-7 жашта элем. “Манастан” үзүнду жаттадым. Аны айтып ыр кесеге катыштым. Күндөрдүн биринде “Манас” айтып жүргөндө түшүмө кырк чоросу менен Манас кирди. Апама айттым ал деле этибар албады. “Манас” айт деп деле сүрөгөн киши болгон жок. Өзүңүз билгендей чыграмачылык адамга сүрөөчү болбосо шыгы жакшы өнүкпөйт. Ошентип “Манас” айтпай калдым. Айылда ыр кесе улана берди. Комуз чертсем деп, аябай кызыгып жүрдүм. Айылда комузчу, үйдө аспап жок болгондуктан, кадимки эле эки чоң жыгач кашыкты колума кыпчып алып, аккордиондун коштоосунда урма аспаптардай ритмден жаңылбай ойноп жүрдүм. Бул кашык черткеним бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Кичине чоңоё баштаганда дастан айта баштадым. Ырлардын обондорун коштоп айтып комуз үйрөндүм.

- Кайсыл дастандарды айта баштадың. Эсиңде калгандары барбы?

-Эсимде бар. Какен Алмазбековдун “Эненин арманын”, “Олжобай менен Кишимжандан” үзүдүнү, “Өрүк комузду” жана башка дастандарды айтчумун.

- Кутманаалы мырза, азыркыдай дастан айтып ырдап жүрүп, Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын чертме кылдуу орустун домбра классын бүтүрүп, ал аспапты чертип жүрүп эле акыркы кезде кыргыздын какма тилдүү темир, жыгач ооз комуздарын кагып, үйлөмөлүү чоордун түрлөрүн, сыбызгыны тартып калышыңа бүгүнкү күндө белгилүү шайырдан болуп чыга келишиңе эмне себеп болду, ким таасир этти? Аталган элдик аспаптардын ичинен алгачкы жолу калк алдына кайсыл аспапта ойноп чыктың эле?

- Чоң рахмат. Абдан жакшы суроо болду. Сиздин сурооңуздун алдында бир нерсени айта кетейин. Айылда окуп жүрүп, 9-классты бүткөндөн кийин борборго келип Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын плектор домбра классына тапшырып, профессор Т. Мураталиевден окуп калдым. Төрт жылы плектор домбрада окудум. Анан өзүмө-өзүм суроо бердим. Муну бүтөм анан эмне кылам. Айылга барсам комуз билесиңби, комуз чертесиңби, эмнеге окуп атасың, ырдап бербейсиңби-деп сурашат. Айылдаштарыма жооп бериш мен үчүн өтө кыйын болду. М. Күреңкеев атындагы муузыкалык окуу жайында плектордо окуп жатам десем, айылдаштарым күлүшөт. Ал эмне деген аспап деп сурашат. Мен балалайка деген аспап десем а- деп күлүп калышат.

Кудай жалгап, 2005-жылы “Устат-шакирт” борбору ачылып калды. Көрүнүктүү ар тараптуу шыктагы Нурлнбек Нышановду жакшы билчүмүн, көрүп жүргөм, талантын сыйлачумун. Агайдын ойногон аспаптарын мен эмне үчүн ойной албайм деп, өзүмө-өзүм кыжырланчумун. Мен үчүн темир, жыгач ооз комуз, чоор мага абдан татаал көрүнчү. Азыр мен Нурланбек Нышановдун “Ала-жазы” аттуу күүсүн темир ооз комузда кагып берейин. Баса, Нышанов агайдан окуп калдым. Бат эле темир ооз комузду кантип кандайча ойноп калганымды билбей калдым.

- Кутманлаалы мырза какма тилдүү элдик музыкалык аспаптардын ана башы темир ооз комуз менен бирге жыгач ооз комузду да кагасыңба? Каксаң күүнүн атын атап, ойноп бербейсиңби?

-Жакшы болот. Кыргызда, “учкаштың, учкашкандан кийин түшө качпагың”- деген жаекшы накыл кеп бар. Устаттым Нурланбек Нышанов агайдын бир жакшы касиети бар. Ал мен өүңдөнгөн жаштарды бир эле аспапты үйрөтпөстөн, өзү кандай аспаптарда ойносо баарын үйрөткөнгө аракеттенет. Мен ага абдан ыраазы болом Кыргызда бир жаман бири-бирибизди көрө албаган. Бирок, биз ошон үчүн өспөй келе жатабыз. Мен агайдан андай жаман касиетти көргөнүм жок. Агай өзү билген баардык өнөрүн жаап жашырбай үйрөтүп жатканына аябай ыраазымын. Эми жыгач ооз комузда жаз менен жайдын жарчысы атыккан Күкүк жөнүндөгү элдик күү “Күкүктү” кагып берейин.

- Кутманаалы мырза кыргыздын чертме, какма тилдүү элдик музыкалык аспаптарынан башкада аспаптарда ойнойсузбу?

- Агайым Нурланбектин жңы бирчи мага үйрөткөн үлөмөлү аспап чопо чоор болду. Азыр чопо чоордо “Бекташ” деген элдик күүнү тартып берейин. “Бекташ күүсүнүн баянын айта кетейин. Илгери түштүк тараптан Бекташ деген баатыр чыгыптыр. Ал хандын кызын жактырып калат. Кызда Бекташты жактырат. Экөө бири-бирин жактыргандан кийин Хан каршы чыгат, Хандын кызы болсо колунан көөрү төгүлгөн узчу экен. Бекташ менен Хандын кызы тоого качып кетет. Тоодо экөө мергенчилик менен алектенишет. Бекташ атып келген кийиктин терилеринен буюмдрды жасайт. Ошентип, эки жар күн көрүп жүргөндө Хан жигиттерине Бекташты өлтүрүү жөнүндө буйрук берет. Бекташ өлөт. Ошондо жубайы кошок кошуптур. Ошол Бекташка арналып чыккан кошокту чопо чоордо тартып берейин.

- Баракелде, Кутманаалы мырза чоордун канча түрү бар?

- Чоордун түрлөрү көп музыкалык тил менен айтаканда алар тональностору боюнча бөлүнөт. Азыркы мен ойногон “ля” чопо чоору. Менин алдымда турган чоор “ре” чопо чоору,, андан кийинкиси “пикалло” чопо чоору. Азыр мен сыбызгыда койчулардын турмушун баяндаган “Койчулардын коңур күүсүн” тартып берейин.

- Кутманаалы мырза чет өлкөлүк бейтааныш угуучулар кыргыздын элдик музыкалык аспаптары комузда чертилген, темир жыгач ооз комуздарда, кагылган чоордо кыл кыякта тартылган күүлөрдүн коштоосунда ырдалган ырларды кандай кабыл алышат?

- Абдан жакшы суроо бердиңиз. Мен Нурланбек Нышанов жетектеген “Теңир-Тоо” фольклордук ансамбль менен Швецариянын Деломонит деген шаарында өткөн фестивалга барып калдым. Ошондо мен чоң аренага чыктым десем жаңылышпайм. 18 өлкөдөн улуттук ансамблдар келди. Биз ошондо экинчи болуп сахнага чыктык. Биздин ансамбль концерт берип бүткөндөн кийин угуучулар туруп алып жарым саат кол чапканда аябай таң бердим. Угуучулар кетпей коюшту. Ошондо мен биринчи жолу ушунчалык узакка созулган кол чабууну көрдүм. Эл кетпей койду, эмне кылаар айлабызды таппай калдык. Бир жарым саатан ашык концерт бергенбиз. Кайра чыгып концерт берүүгө туура келди. Үч номер аткардык. Эл кетпей койду. Кайра-кайра сурап кол чаап жатты. Ушундай бир таң калдык. Эмне кылаар айлабызды таппай калдык. Акырында комузчу, ырчы Зайнидин Иманалиевди сахнага чыгардык. Ал сахнага чыкты. Атайчасынан буту менен “Машботойду” черткенде Шведцариялыктар укмутай таң калып жатып калышты. Сахнадан кеткенге мүмкүнчүлүк болбой калды. Эшике чыксак залда отурушкандар артыбыздан ээрчишип, автограф алышып, сүрөткө түшүп айраң калышты.

Фестивалды уюштуруучу франциядагы күчтүү бир ансамбль бар экен. Аны да чакырыптыр. Ал концертин берип коюп эле кайра самолет менен учуп кетиптир. Аны биз көрбөй калдык. Элдин айтышына, берген бааларына караганда ал ансамблден биз өтүп кетипбиз. Жарым саат сахнадан кетирбей кол чабыш мен үчүн сиз, үчүн деле керемет болуш керек деп ойлойм. Бул жерде ар кандай тональностогу, тембрдеги аспаптардан курулган ансамбль аябай кызыктуу болот экен. Биз кыргыз эли улуттук аспаптарыбызды баалай баркатай албай жатабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG