Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Кумтөр компаниясы Ысык-Көл облусунун 70 жылдыгына карата фотосүрөттөрдүн сынагын өткөрүүдө.
Кумтөр компаниясы Ысык-Көл облусунун 70 жылдыгына карата фотосүрөттөрдүн сынагын өткөрүүдө.

Бул жумада Кыргыз туризм асоцациясы Чоң-Кеминдин Кара-Дөбө айылында улуттук тамак аштардын фестивалын уюштурат

Ага жергиликтүү тургундар жана четтен келген туристер катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук тамак-аштардын жасалыш ыкмасы көрсөтүлүп, аны менен бирге кыргыз элинин каада-салтарын чагылдырган оюн-зооктор уюштурулат.

Бишкектеги М галлереясына келген сүрөт күйөрмандары Lанакан Адашканова, Аскар Турeмбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү Сабитжан Бабаджановдун жана башка айкелчи, кыл калемчилердин эмгектеринен турган экспозицияга күбө болушат.

Ысык-Көл облусунун 70 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кумтөр оперейтинг компаниясы фотосүрөт сынагын өткөрүүдө. Бул көргөзмөгө ышкыбоз жана тажрыйбалуу фотосүрөтчүлөр катышып, эмгектер ысыккөлдүктөрдүн турмушун жана Ысык-Көл облусунун өзгөчөлүктөрүн чагылдыруучу репортаж, портерт жана пейзаж жанрларында кабыл алынат. Уюштуруучулар кабарлагандай сынак ушул жылдын октябрь айында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмө менен жыйынтыкталмакчы.

Ал эми борбордогу буга чейин жүрүп жаткан көргөзмөлөр улана бермекчи. Эске салсак, борбордогу Кыргыз-Артекс көркөм өнөр борборунда кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган “Салон-2009” аттуу көргөзмө ачылды. Ага 50гө жакын сүрөтчүнүн 100 дөн ашуун эмгеги коюлган. Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде Орусияда жаш сүрөтчүлөргө өткөрүлгөн “Дүйнөнү кең пейилдик сактап калат” аттуу сынактын жеңүүчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Ошондой эле борбордогу Аалы Токомбаевдин, Раззаковдун, Мануйлованын, чуйковдун мемориалдык үй музейилеринде дайыма туруучу экспозициялар жүрүүдө.
XS
SM
MD
LG