Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Улуттук тамак-аштардын фестивалы өтөт


Жайлоодо кыргыздар козу союп жеген жатышат
Жайлоодо кыргыздар козу союп жеген жатышат

Бул жумада “Коомчулукка негизделген Кыргыз туризм ассоциациясы” жылда өткөрчү маданий иш-чараларын баштайт.

Программа боюнча ушул жуманын ишемби күнү Чоң-Кеминдеги Кароол-Дөбө айылында Кыргыз улуттук тамак-аштарынын фестивалы өтөт. “Коомчулукка негизделген Кыргыз туризм асоциациясы” уюштурчу иш-чаралардын негизги катышуучулары бул четтен келген туристтер.

Фестивалдын негизги максаты бул кыргыз элинин үрп-адат, каада-салтын чет өлкөлүк конокторго көрсөтүү, тааныштыруу аны менен бирге Кыргызстандын кооз жерлерин даңазалоо. Андыктан бул жолку өтчү тамак-аш фестивалында кыргыз элинин улуттук даамдары толугу менен көрсөтүлөт деп билдирди аталган ассоциациянын менеджери Асылбек Ражиев

Алгач кой союу процесси көрсөтүлөт. Андан кийин куурдак, жөргөм, быжы жана эн башкы тамак беш бармак жасалат. Ошондой эле фестивалдын жүрүшүндө коноктор өз колдору менен боорсок, каттама жана башка ушул сыяктуу нан, жана башка тамак-аштардын түрлөрүн жасап үйрөнүшөт.

Фестивалдын жүрүшүндө ошондой эле кыз-куумай, эр эңиш жана башка ушул сыяктуу улуттук оюндар уюштурулат. Мындан сырткары жергиликтүү чеберлер кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдардын көргөзмөсүн уюштурат. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтуусунда мындай фестивалдардын жергиликтүү тургундарга пайдасы тиет. Башкача айтканда аларга туристерди тейлегенге жана азык-түлүк жана башка ар кандай буюмдарын сатканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Коомчулукка негизделген Кыргыз туризм ассоциациясы” уюштурган маданий иш-чараларга четтен келген туристтердин кызыгуусу чоң. Өзгөчө аларды тарткан иш-чара бул “Кыргыз көчү” фестивалы экенин кабарлайт Нарын облустук координатор Маарима Аманкулова.

-Кыргыздын көчүү салты да өзгөчө эмеспи. Көч башталганда алгач үйдүн улуу ээси малды айдап өтөт. Андан кийин боз үй чечилип, андан жаштар, бала-бакыралар менен жөнөшөт. Ал эми келген туристер мына ушул процесстин баарына күбө болуп, өздөрү кошо көчүп, камерага түшүргөнгө аракет кылышат.

Фестивалдын уюштуруучуларынын айтуусунда негизинен бир жолу келип эс алып, оюн-зоокторго күбө болуп кеткен эс алуучулар сөзсүз кайрылып келишет. Байкоочулар жүргүзгөн статистикага караганда көбүнчө Европадан туристтер келишет. Бирок мурунку жылдарга салыштырмалуу четтен келген эс алуучулардын саны аз болууда. Буга бир жагынан каржы каатчылыгы жана башка себептер кедергисин тийгизүүдө деп билдирди Асылбек Ражиев.

“Коомчулукка негизделген "Кыргыз туризм" ассоциациясынан кабарлашкандай 18-июндан тартып ар жуманын ишемби күндөрү фестивалдар өтөт. Ал эми бул жылы тогуз иш-чара өткөрүү пландаштырылган. Ал фестивалдар көбүнчө Ысык-Көл жана Нарын дубандарынын жайлоолорунда өтмөкчү.
XS
SM
MD
LG