Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

Талант тагдыры: Эл артисти Кыдырбек Чодронов


Кыдырбек Чодронов Токтогулдун ролунда

Кыдырбек Чодронов Токтогулдун ролунда

"Талант тагдыры" аттуу түрмөктүн бул жолку чыгарылышында Кыргыз эл артисти, опера ырчысы Кыдырбек Чодроновдун чыгармачылыгы тууралуу сөз болот.

Кыргыз эл артисти, опера ырчысы Кыдырбек Чодронов КПССтин XXII-съездинин ачылышында композитор Таштан Эрматовдун “Ленин” аттуу ырын ырдап, КПССтин XXII съездинин ачылышына карата толкундана минтип сүйлөгөн эле:

- Ленин десем тилим таңда угулат,
Ленин десем тилим комуз жаңырат.
Кайраты жок элин отко жылытат,
Бири тандап, бири отко жылытат.
Мен бул ырымды Советтер Союзунун Комунисттик партиясынын XXII съездинин ачылышына белек кылып арнадым. Жаш композитор Таштан Эрматовдун “Ленин” деген ыры мен үчүн бак-таалайды жараткан Ленинди жана Комунисттик партияны ырдоо зор сыймык. Биздин өлкө эмгектин, тынчтыктын өлкөсү. Биздин көксөгөн максатыбыз, ойлогон оюбуз комунизмди куруу, тарыхый съезддин чечимдери бизди ар дайым шыктандырат.

Залкар шайырдын ырдаган ырын, сүйлөгөн сөзүн 1961-жылы Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп турган кезимде тасмага жазып алган элем. Андан бери 48 жыл учкан куштай зымырап өттү.

Маркум Кыдырбек агайдын кыргыз радиосунун алтын казынасына жаздырган композиторлордун лирикалык, патриоттук ырларын, опералардагы ариялардын үзүндүлөрүн уккан сайын мукамдуу артитон үндүү шыңга бойлуу, терең ойлуу, кабагынан кар жаадырбай, мурутуна муз тоңдурбай ар дайым жадырап, жайнап жүргөн тамашакөй, улууларды урматтаган, кичүүлөрдү сыйлаган ашкере адамкерчиликтүү, дүйнөнүн көзүнө карабай төгүп-чачып жүргөн март асыл адамдын келбети дайыма жан дүйнөмдө жашап келет. Ошондой эле Чодроновдун композиторлор В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин “Ажал ордунда” музыкалуу драмасындагы Искендердин, “Айчүрөктөгү” Семетейдин, “Манастагы” Манастын, “Токтогулдагы” Токтогулдун образдарын сахнага алып чыккандагы тубаса аткаруучулук чеберчилиги күнү бүгүнкүдөй көз алдыма тартылат.

Кыдырбек Чодронов Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын Улуттук студиясын бүтүп келери менен театрга коюлган кыргыз, орус, дүйнөлүк, казак, азербайжан жана башка элдердин композиторлордун операларындагы башкы ролдорду биринен сала бирин аткарды. Айрыкча Чодроновдун тубаса шыгы композиторлор Е. Брусиловскийдин “Кыз жибегиндеги” Бекежандын, Г. Гаджибековдун “Аршинмаланындагы” Сулаймандын, С. Рахманкуловдун “Алекосундагы” Алеконун, Ш. Гунонун “Фаустундагы” Валентиндин, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин “Манасындагы” Манастын ролдорун сахнага алып чыгууда, көрүүчүлөргө тартулоодо көрүнгөн.

Чодронов театырдын сахнасында элүүдөн ашык ар кандай оң, терс, күлкүлүү жана башка мүнөздөрдөгү ролдорду аткарган. Бирок алардын ичинен Чодронов Манастын ролун аткарганына өзгөчө сыймыктанган. Ал өзүнүн 1988-жылы “Кыргызстан” басмасынан басылып чыккан “Өнөрдөгү өмүрүм” аттуу эскерме мемуарына Манастын ролу менен кандайча сыймыктанганы жөнүндө: “Менин аткарган ролумдун ичинен элдин сүйгөн баатыры Манастын образын сахнада көрүүчүлөргө жеткендей чеберчиликте бүт өзүмдө болгон чыгармачылык күчүмдү аябадым. Москвада алты миң угуучу-көрүүчү сыя турган Кремелдеги съезддер Дворецинде Манастын ким экенин жана анын аркасы менен өзүмдү да борбордун көрүүчүлөрүнө тааныштырдым. Ленинграддагы Киров атындагы Академиялык опера жана балет театырынын сахнасында сүйгөн ролумду көрүүчүлөргө тартууладым. Айрыкча өзүмдү бактылуу сезгеним орустун улуу ырчысы Ф.И Шаляпиндин орустун баатырларынын образын түзгөн сахнада кыргыздын элдик баатыры Манастын ролун ойногонума өтө бактылуумун деп эсептедим. Дагы бир кубунганым: Шаляпин кийинип, гримденген (боёнгон) гана олтурган креслого отуруп боёнуп, образды ойногонума төбөм көккө жеткендей болду. Бир тууган өзбектердин Новаи Академиялык опера жана балет театырынын сахнасында да Манасты ойноп алардын алкоолоруна татыдым”- деп, жазган.

Айтылуу опера ырчысы Чодронов опералардагы ролдордо ойноо, арияларды аткаруу менен бирге өзү жашап, эмгектенип жаткан замандын талабына жараша концерттик өздүк репертуарын да байытат. Ал концерттерде дүйнөлүк ысымдагы жана орус, кыргыз композиторлорунун арияларын, романстарын, патриоттук, лирикалык ырларын да аткарат. Айрыкча ал А. Малдыбаевдин “Тилек”, “Ук жер жүзү”, “Ойлосом”, “Пахтачылардын ыры”, Аскар Түлеевдин “Москва сүлөйт”, “Ак тилек”, “Тынчтык ыры” аттуу жана башка патриоттук ырларды өткөрө образдык көркөм боёктор менен бүтүндөй жан дүйнөсү менен эргип аткарган.

Көп жылдары Чодронов азыркыдай жеке ырларды ырдап жүрүп, өткөн кылымдын 60-жылдарынан тыртып эки үндүү дуэтти ырдоого өтөт. Андай жанрдагы ырларды ырдашына ким себепчи болгонун “Өнөрдөгү өмүрүм” аттуу китебине: “1964-жылы дирижер, композитор Насыр Давлесов мага эки барак нота берип калды. Анын сыртында: “Алтындай болгон ардактуу Кыкеме”! Ушул нотадагы дуэтти унутулгус кылып аткарып жүрүүңүз үчүн тун дуэтимди тартуу кылам. Иниңиз Насыр. 26-февраль, 1964 жыл” деген жазуу бар экен. Ичин ачып карасам “Айнаш” деген ыр сөзү акын Байдылда Сарногоевдики. Ошол күндөн тартып эки үн менен ырдай турган шерикти издеп, тенор үндүү Сейдакмат Токтоналиевге токтодум. Ал менин сунушумду туура кабыл алды. Ошентип экөөбүз “Айнашты” эл алдына ырдап чыктык. Угуучулар жакшы кабыл алышты”- деп жазган эле.
Керимбайдын ролунда

Ошентип, Чодронов, Токтоналиев менен дуэттик репертуарларын да байыта баштайт. Ар тараптуу шыкка бай Кыдырбек Чодроновдун о, дүйнөгө сапар алганына он беш жылга аяк басты. Бирок маданият жетекчилери тарабынан эскерилбей, эстен чыгып калганы жөнүндө узак жылдар бою Чодронов менен бирге иштешкен маркум эл артисти Асек Жуманаев: “ Чодронов деген тирүү Манас, тирүү Семетей, тирүү Искендер эле. Бир сөз менен айтканда кыргыздын классикалык операларындагы классикалык ролдорду Чодронов аткарган эле. Мына Чодроновдун о, дүйнөгө кеткенине эки-үч жыл өтсө да бир да сөз жок. Айтылбайт, эскерилбейт, мүрзөсү кайда экенин эч ким билбейт. Тирүү Манасты, тирүү Семетейди сыйлабасак, кимди сыйлайбыз. Бул жөнүндө бир да сөз жок. Көчө эмес тооктун уясына да аты берилген жок”- деп, күйүп бышкан эле Асек ага.

Ооба, залкар шайыр Чодроновдун ысымы шаардын, туулган айылынын көчөлөрүнө берилбей, туулган күндөрүнүн 75, 80, 90-жылдыктары белгиленбей эстен чыгып келүүдө.
XS
SM
MD
LG