Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Кинорежиссер Нурбек Эген жаңыдан аяктап жаткан "Манастын төрөлүшүн утурлап" аттуу даректүү тасмасы тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

Шайырбек Эркин уулу: - Нурбек, сиз былтыр «Манастын төрөлүшүн утурлап» аттуу даректүү тасма тартып баштадыңыз эле. Биздин угушубузга караганда азыр тасманы дээрлик аяктап, үн коштоо сыяктуу акыркы иштерин жасап жатыптырсыз. Тасма толугу менен качан даяр болот, канча бөлүктөн турат, убактысы канча болду? Алгач сөздү ушундан баштасаңыз.
Тасманы тартуу учуру

Нурбек Эген: - “Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасы аябай эле көпкө созулуп кетти. Мен биринчи баштап атканда ойлодум эле 2-3 айдын ичинде бүтүп кое турган жумуш деп. Бир жарым жылга созулду тартылуусу. Ошентсе деле үстүртөн эле тартылып калгандай болуп калды. Бирок кантсе да кыргыздардын бүгүнкү жашоосун, дүйнө таанымын, турмушун кеңири чагылдырган фильм болот деп ойлойм. Азыр даяр болгон варианты 93 мүнөттүк, муну эл аралык вариант деп эсептесе болот. Себеби Кыргызстан үчүн 4 сааттан 6 саатка чейинки убакытта Улуттук телеканалдан көрсөтүлө турган дагы бир вариантын даярдайын деген оюм бар. Эл аралык көрсөтүүгө буюрса ушул жылдын этегинде, декабрь айында чыгат Германия, Франция өлкөлөрүндө. Орусия менен болсо кинодогу айрым эпизоддорго байланыштуу маселе чыгып, орустар кайра ойлонуп калды көрсөтсөкпү, көрсөтпөсөкпү дегендей...
Орустар Беделдин белиндеги көмүлбөй калган сөөктөрдү көргүсү келбей жатат.

Шайырбек Эркин уулу: - Ага эмне себеп?

Нурбек Эген: - Себеби тасмада 1916-жылкы Үркүн окуялары да чагылдырылган. Ошол Беделдин белиндеги сөөктөр, орус падышачылыгынын аскерлери келип кыргыздарды кырып, анан биздин ата-бабалардын итке, кушка жем болуп, 100 жыл бою көмүлбөй калган сөөктөрдү көргөндө орус тарап ошону мойнуна алгысы келбегендей, ошол жерин оңдоо дегендей кылып атышат. Эми бир өрөөн да аппак болуп сөөк басып жаткан. Эми аны Орусиянын мамлекеттик чоң каналдары көрсөтүшөбү, көрсөтүшпөйбү муну убакыт көрсөтөт.
Тасмадан бир көрүнүш

Шайырбек Эркин уулу: - Демек бул фильм Орусия, Франция, Германия өлкөлөрү менен биргеликте чыгарылып жатабы?

Нурбек Эген: - Ооба, 4 өлкөнүн биргелигинде.

Шайырбек Эркин уулу: - Эми Орусия тарабынан ошондой көрсөтмөлөр болуп жатса аларды аткарганга мажбур болосузбу?

Нурбек Эген: - Жок, алар антип кесе айтышпайт. Бул жерде кыргыздардын да акчасы бар. Мисалы орус алып ташта деген нерсе немистер менен француздарга жакпай калышы мүмкүн. Алар ушул калыш керек деп айтышы мүмкүн. Же тескерисинче, орустар ушул жери калсын десе тигилер түшүнбөй коюшу мүмкүн. Мисалы кыргыздарда көп которулбаган сөздөр, түшүнүктөр, үрп-адаттар бар да. Менин оюмча, бул жерде алар акча берип атканда билишет эле да кимге берип атканын. Канткен менен акыркы сөз бул фильмде мен тараптан болуш керек.

Шайырбек Эркин уулу: - Сиз бул тасманы баштаганда кыргыздын тарыхын, пейилин, мүнөзүн чагылдырууну максат кылгандыңызды айткан элеңиз. Ошол максат тилектериңиз канчалык деңгээлде ишке ашты?
Тасмадан бир көрүнүш

Нурбек Эген: - Ар кандай. Бүгүнкү күндөгү ар кандай катмардагы кыргыз элинин жашоосун менимче, бир сүртүм түс менен алганда бере алдык десем болот. Бирок фильмде элдин социалдык абалы терең берилген жок. Себеби тартылган материалдар менен иштеп келгенде социалдык жакты айта берсе бирөөгө арыздангандай, кейигендей болуп калат экен. Бул кинонун максаты башкада болчу. Ошон үчүн социалдык кесим алынып ташталды.

Шайырбек Эркин уулу: - Тасманы “Манастын төрөлүшүн утурлап” деп атаганыңызды азыр кыргыз эли мукурап, кыйналып, кысталып турган учурда ошондой кыйынчылыктан чыгарып, элди жаркын келечекке жетелей турган Манастай инсандын чыгышы, же төрөлүү зарылдыгы, эл ошондой кишини күтүп жатышы менен байланыштырдыңыз эле. Ушул жагдай кандай чагылдырылды сиздин тасмада, тактап айтканда ошол идеяны канчалык ачып бере алдыңыз?
Кыргыз бул кейпи менен жакын арада дагы бир Манасты жаратат деп айтуу кыйын

Нурбек Эген: - Бул өзү башында эле айтылган, сценарийге каармандарды тандаганда эле ушул ой айтылып, ушул ойдун артынан тандагам каармандарды. Бирок бир акыркы күндөрү бир топ түшүнбөстүктөр да болуп атат, себеби көпчүлүк Манастын төрөлүшү дегенде, Манас дегенде биздин түпкү тарыхты көргөзгөн көркөм тарых деп кабыл алышат экен муну. “Манас” эпосу, Манас баатыр, биздин ата-бабалар жаратып кеткен “Манас” бул тарых эле эмес, бул биздин келечегибиз. Ошондуктан менин айтайын дегеним, азыр бир журт атасы пайда болуп, ал таягы менен сыйкырчыдай болуп бир койсо элдин баары оңолуп калат деген сөз эмес. Манас келиш үчүн эл ошого даяр болуш керек, элдин аң сезими, рухий дүйнөсү башка деңгээлде болуш керек бүгүнкү күндө. Ошонун баардыгын күтүш керек, ошого жараша эмгектениш керек.Ошондо анан Манас төрөлөт, ошондо эл Манасты жарата алат.

Кыргыз эли кайсы убакта жаратып келген Манасты? Ойлонуп келгенде бүгүнкү күндө биздин шартыбыз дегеле андайга туура келбейт, бүгүнкүдөй шартта Манас жаралат деп айтуу кыйын. Бирок ушул фильм аркылуу мекендештерди Манасты жаратууга үндөө жатат менин максатымда. Эми ушул кино менен эле баарын мен оңдоп коем деген жокмун. Негизги көйгөйлүү бир түйүндөргө кайрылып, ошолордун жөнүн айтып берейин деген эле ой.

Шайырбек Эркин уулу: - Сиздин оюңузча Манастай инсан качан төрөлүшү мүмкүн, ага кандай шарт керек?
Тасмадан бир көрүнүш

Нурбек Эген: - Азырынча бир аз туңгуюк. Эгер ушул эле жол менен жыла берсек бүгүнкүдөй болуп, Манастын төрөлүшү бир аз кечигет. Манас төрөлүш үчүн эл башкача болуш керек, элде биримдүүлүк болуш керек, жок дегенде аң сезим жактан бир стандарттар болуш керек, элдин сый нерсеси бир болуш керек, эл бир нерсеге ишениш керек, элдин жалпы максаты болуш керек, ошонун баарын түшүнүш керек, эл кабардар болуш керек дүйнөдө болуп аткан иштер жөнүндө. Ошондой болгон учурда гана Манас чыгат деп айтса болот.

Шайырбек Эркин уулу: - Тасманын өзөгүн кайсы окуялар түздү, кыргыздын тарыхы, өткөнү менен азыркы доор тасмада кандай байланыштырылды?

Нурбек Эген: - Манас деген биздин түпкү тарых менен бүгүнкү күндү, биздин келечегибизди бириктирип турган чоң күч. Манас деген биз жашап аткан жердеги мейкиндикти, түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты, асман менен жерди бириктирип турган борбор деп айтса болот. Манас - бул аябай чоң түшүнүк. Бул кинодо Угуз хандан баштап бүгүнкү күнгө чейикни кыргыздын тарыхын учкай айтып кеткенге аракет кылдым.

Манас - түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты, асман менен жерди бириктирип турган борбор.
Шайырбек Эркин уулу: - Ошондо негизги өзөгүн кайсы окуялар камтыды?

Нурбек Эген: - Каармандардын бүгүнкү күндөгү жасап аткан ишитери аркылуу ар кандай тарыхый окуяларды чагылдырып кеттим деп айтсам болот.
Тасманы тартуу учуру

Шайырбек Эркин уулу: - Эми каармандар тууралуу сөз кылсак, сиз башында дүйнөнүн ар кайсы тарабында жашаган 10 кыргыз каарман тартыларын айткан элеңиз. Сиз издеген каармандар толук табылдыбы?

Нурбек Эген: - Ооба, 10 каарман издегем. Бирок тартып атканда кызык кишилер көбөйүп, тагдырлары кызык ар кандай кишилер менен таанышкандан кийин 10дон ашып кетти. Бирок бул жакында чыгара турган вариантында 8 каарман катышат, ар тараптуу, ар кандай катмардагы, ар кандай дүйнө таанымы бар кишилер. Негизинен алардын баары атпай журтка таанымал эмес кишилер.

Шайырбек Эркин уулу: - Тасмаңызга кыргыздын мурдагы, азыркы журт башчыларын, кыргызды дүйнөгө тааныткан инсандарды да камтууну максат кылган элеңиз. Ал ишке аштыбы?

Нурбек Эген: - Жок, ал идеядан өзүм баш тарттым. Биринчи президент менен дагы, бүгүнкү президент менен дагы сүйлөшүп көрүп, алардын оюн уккандан кийин ал идеядан кайттым. Алар “биз жөнүндө баары эле билишет, элге таанылбаган кишилердин тагдырын көрсөтсөң” деп кеңеш бергенинен мен ойлонуп, алардын айтканын туура деп эсептедим. Ошентип фильмге президенттер эле эмес, бүгүнкү жашап аткан башка белгилүү адамдардын бири дагы кирген жок.
Тасмадан бир көрүнүш

Шайырбек Эркин уулу: - Сиз жогоруда айтып кеттиңиз, эл аралык чөйрөгө чыга турган фильмдин варианты даяр болуп калды деп. Эл аралык чөйрө үчүн бул фильм эмнеси менен кызык?

Нурбек Эген: - Француздар менен германиялыктарды айтпай эле коеюн, орустар эле көрүп алып, “ой, Кыргызстанда деле элдер жашап аткан турбайбы, биз мындай деп ойлободук эле” дегендери болду. Демек, биздин тартып аткан кинолорубуз, биздин жасап аткан иштерибиз бири дагы жетпептир. Алар бизди бир караңгы, түнт жер деп ойлошот, бул жакта эч ким жок, өнүкпөгөн элдер жашап жүрөт деп. Ошондуктан бул кинодо кыргыздар өзү үчүн жаңы нерселерди көрө албайт деп ойлойм. Ошол эле бир жарым сааттык кинонун ичинде чет элдиктер көп нерселерди ачып атышат.
Азыр арабызда өз тилин түшүнбөй, "Манасты" угуп жатканда котормочу керек деген кыргыздар пайда болду.

Шайырбек Эркин уулу: - Мисалы, кандай нерселерди ачып атат?

Нурбек Эген: - Мисалы, кыргыздар байыркы эл экендигин, кыргыздар өзүнүн тарыхын, санжырасын, Нух пайгамбарга чейинки тарыхын билгендигин, Манастын бар экендигин, манасчы деген бул бир теңирдин жөнөткөн кишиси экендигин, Манасты жаттап айткандыгын. Ошол эле кезде Беделдеги сөөктөр, кыргыздын Саймалуу-Ташы, башка мамлекетке жапырт жумуш издеп кеткендер. Бир дагы мамлекет жок экен бизден башка эли жапырт сыртка жумуш издеп кеткен. Бизге билинбеген, биз көнүп калган көрүнүштөр алар үчүн аябай чоң жаңылык болуп атат. Мисалы биздин туштуктардагы оймолор, биз бүгүн түшүнбөй калган жазуулар, бүгүнкү күндө кыргыз баласы түшүнбөй калган ата-бабалардан келаткан көп сырдуу белгилер... Азыр тилин түшүнбөй калган, “Манасты” угуп аткан котормочу керек деген кишилер бар биздин арабызда. Ошондой болуп атканда, дүйнө рухий жактан ирилешип аткан учурда, бизге окшогон саны аз элдерге маданияты, тарыхы улуу болсо дагы рухий жактан тозуу, жок болуу коркунучу түзүлүп атат. Ошондон алыс болсок деген эле ой.

Шайырбек Эркин уулу: - Эми алдыдагы чыгармачылыгыңыз тууралуу да сөз кыла кетсек. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар, дагы ушундай даректүү фильмдерди тартасызбы?
Эми Улуу Үркүн окуясы тууралуу Арслан Капай уулунун "Беделдин белиндеги каргыш" деген чыгармасы боюнча көркөм тасма тартууга киришем.

Нурбек Эген: - Даректүү тасма тарткан аябай кыйын экен, мен мурда тартып көргөн эмесмин. Буга чейинки чоң тасмалардан кийин бир аз эс алып, кыргыздын жерлерин аралап эс алганча тартайын деген кином эле бул. Бирок мурдагы тасмалардан бул жүз эсе оор болуп түштү. Эми жакынкы күндөрдө даректүү тасма тартам деген оюм жок.

1916-жылдагы окуя боюнча “Беделдин белиндеги каргыш” деген чыгарма бар Арслан Капай уулу жазган. Азыр ошонун үстүндө иштеп атам, буюрса чоң көркөм тасма болот.

Шайырбек Эркин уулу: - Рахмат маегиңизге, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Нурбек Эген: - Сиздерге да алкыш.


Нурбек Эген 1975-жылы Ноокат районунда төрөлгөн. 1999-жылы Москвадагы кино институтун (ВГИК) аяктаган. Ал "Аталар керээзи" аттуу алгачкы көркөм тасмасы менен кыргыз журтуна жакшы таанылып калды. Ага чейинки кыска метраждуу фильмдери да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Нурбек Эген тарткан телесериалдар Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан да көрсөтүлүп келет. Кинорежиссер учурда АКШнын Лос-Анжелес шаарында атактуу Голливуд киноиндустриясында чеберчилигин өркүндөтүп, жаңы тасмасынын үстүнөн иштөөдө.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG