Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Төкмө акын, ырчы жана обончу катары кыргыз-казакка таанымал Майра Керим кызынын кайтыш болушу өнөр, жалпы эле маданият дүйнөсү үчүн оор жоготуу болду.

“Көзүм өтүп кетсе, менин күйөрмандарым менен Кыргыз опера балет театрында коштошуу расмисин өткөрүп койгула” деген атактуу төкмө акындын акыркы аманаты аткарылбай калды. Кыргыз маданиятындагы төкмө айтыш боюнча кыргыз коомчулугуна аттын кашкасындай таанымал болгон Майра Керим кызы 48 жаш курагында бул жарык дүйнөдөн өттү.

Айла канча бир жарым жыл онкология ооруканасында өмүр менен ажалдын алпурушунда калган Майранын колундагы домбурасы менен комузун жетим калтырган ушул жылдын 18-августунун таңы армандуу атты. Шаңкылдаган таза үндүү, обончу, чанда кезиккен таланты бар Майра актыкка моюн сунду. Армандуу дегенибиз - төкмө акындыгы менен таанымал болгон Майра ичер суусу түгөнүп, өмүр жарыгы өчүп бараткан акыркы мүнөттөрдө “эл-журтуна ыраазычылыгын билдирип, анан коштошуу расмиси уюштурулсун” деген акыркы аманаты аткарылбай калгандагы кайдыгерлик азабынан айтылат.

Майра Керим кызы казак домбурасы, кыргыз комузу эгиз деп жаратмандык менен жазып, обон чыгарып, комуз-домбуранын коштоосунда шаңкылдаганда шаңданбаган казак, сыймыктанбаган кыргыз калды беле!?

Кош өнөрдү эгелеп, кош тилди эгиз деп, комуз менен домбуранын кылдарындай дирилдеген талант не себептен мамлекеттик сыйлыктан кур калды? –деп курсак кайнаган арманга салып туру азыр. Айтпаса мындай таланттуу айымды маданият өнөрканасына энчилеп бергендей ар бир айтыш жеңиштерде ырахаттанып, кол чаппадык беле .

Тирүүсүндө, кайсыл кыйын болбосун, сыйлап алганга не жетсин эле. Ушул арманды балким Майра тирүүсүндө эле билгендир. Ошондон жумулган көзүндөгү бир тамчы жаш, төгүлүп-төгүлалбай өзү менен кетти делген армандуу эскерүүлөр жөн жеринен айтылып жатпагандыр. Деген менен армандуу эскерменин артында кендирди кескен кайдыгерликтин жатканы айтылат да, көлөкө сымал ээрчип, жашап келет.

Майранын 252 ыры бар. Анын 39уна обон жаралган. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар” деген сыяктуу ырлары Кутман Жолдошевдин аткаруусунда ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөк түнөгүнөн орун тапкан.

Маркумдун төкмө акын катары жараткан “Эгиз элдин төрүндө” деген ыр саптарын окуйлу:

- Арбагыла кыргыз, казак агайын,
Көркөм ырдын көрөңгөсүн табайын
Ынтымактуу бир эненин балдары
Тынччылыкты, токчулукту каалайын,
Ырысым бар, ынтымактуу эл-журтум
Ырымды ырдап ырахматың алайын.

Босогосун ачып жаңы кылымдын
Эрк өзүңдө, элим кайра курулдуң.
Азаттыгым, эркиндигим болсун деп,
Канча турдуң, канча кайра жыгылдың?
Асабаңды асмандата бек кармап,
Эки билек, бир муштумга жумулгун.

Кыргыз, казак окшош каада-салты бар,
Ак боз үйлүү, ак калпактуу калкы бар.
Бир эненин эгиз уулу сыяктуу
Энчилери бөлүнбөгөн наркы бар.
Бирөөсүнүн кабыргасы сыздаса
Бирөөсүнүн көзүнөн жаш тамчылар (1999-жыл)

Майранын демилгеси менен “Айым айтыш” деген өнөр тобу уюштурулуп, эми баралына жетип, элге чыгарда Майра ооруп калбаспы. Жаны канчалык ооруп турса да, айтышка чакырганда калбачу. “Анткени Майранын ооруган жери сахнага чыкканда басылып, төкмөсүн кое бергенде, өңүнө чыгып, жайнай түшчү”, - дейт бир замандашы. Казакстанда болобу, Кыргызстанда болобу айтышуу сынагында Майра эч жерде жеңилбегени айтылат. Бирок да ошондой жалтанбас, кайтпас талантка мамлекеттик сыйлыктын берилбегени, өтө эле осол көрүнүш сыяктанат.

Анткени, Майра керим кызы Кыргызстанда кыздар ичинде аты чыккан жалгыз төкмө акын экенине карабай бир да мамлекеттик сыйлыгы жок экендиги Майра менен коштошуп жатып билинбеспи. Бир муундашы: “Атаганат актыкка моюн сунуп, казактын домбурасын, кыргыздын комузун кучактап түшкөн сүрөтүнө тик карай албай, мүлдө кыргыз мүрзөсүндө “мүңкүрөп” турдук дейт. Ыймандай сырдын отчету ошондой туюлат экен.

Тирүүсүндө сыйлай албай калыппыз дегендер чыгар эми. Майра өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейинки жүрөк кагуусу жашайм деген гана үмүткө жетелеп отуруптур. Бул аралыкта да обондуу ырларын жыйнап, жаңы ырларын басмага берем, анан мамлекеттик сыйлыкка көрсөткөн документтери чечилбей, ары-бери болуп жатканда оорусу катуулагандан айтканбы, айтор “мага буйрук” болбоду деп үшкүрүптүр. Анан “кокус өтүп кетсем, Кыргыз опера балет театрында менин күйөрмандарым менен расмий коштошуу өткөзүлсө” деген аманатын айтыптыр. Эл-журтуна ыраазычылыгын билдириптир. Оң тааныш, жүз тааныштарына саламын жолдоптур”.

Аны кызы Тергун мындайча айтып, апасынын айткандарын эсине салды:

- Апамды бир жарым жыл бою онкологиялык ооруканада карап жаттым. Турмушта акчадан, материалдык жактан кыйналбаса да жашоо-турмуш жеке адамдын тагдырына баш ийбегени кыйын экен да. Апамдын руханий байлыгы терең болгондуктан, ошол жан дүйнөсүн руханий дүйнөсү менен колдоп, коргоп эле жүрдү эле. Баары бир жеке тагдырдын ташпиши акыры оорутуп, буттан чалып туруп алды. Кыйналып жатса да кыңылдап ырдап, эргип алар эле. Биз билбедик да, өтүп кетерин. Жакшына отуруп эле, чачымдан сылаган болуп айтып жатпайбы: “Менин сөөгүмдү Кыргыз опера балетинен алып чыккыла” деп. Анан кичик иним Акжолтойду, анан атабызды табыштады: “Акжолтой домбра менен ырдаганга көнсүн. Казак-кыргыздын ортосунда жүрсүн. Дайыма апамдын өнөрүн улайм деп, кээде менин ырларымды ырдасын. Ошондо өлбөй жүрөм” деп. Апам Акжолтойдун Туркияда өткөн айтышта дипломдуу болуп жеңиш менен кайтканын көрүп калды. Апам каза болгон түнү Акжолтой апамды жоктогон ыр жаратты. Буюрса эскерүү өткөрөбүз. Ошондо угасыздар.

Деген Майранын кызы Тергун апасынын элдик артист деген наамды албай калганына аябай кейигенин кыйытты. Өлүм алдында келген ой-максаттары тушалгандай болуп, бир жамандыкты сезгендей болгон Майра кызы Тергунга айткан аманаты да ушундай болуп эл-журту менен коштошуу расмиси өткөрүлгөндө кейиген көрөрмандардын көксөөсү сууп калар беле, ким билет?..

Чынгыз Айтматов кайтыш болгондогу бир окуя эске түшөт. Казак акыны Мухтар Шаханов Айтматовду акыркы сапарга узаткан сааттарда коштошуу ырын жазыптыр. Аны окуп жатып, “Мен ооруканада элем. Жүрөгүмө операция жасалмак ушул ай ичинде, Чыкем өтүптүр дегенде, баарын унутуп эле Кыргызстанымды көздөй, Чыкемди көздөй жөнөбөдүмбү” деди. Ошол жерден Мухтар ава жүрөк деген опурталдуу да, ага карабай келипсиз да дегендей болдум окшойт. Муктар Шаханов көзүнүн жашын сүртүп жатып: “ Ээ тообо десе, Чыкемден жүрөгүм кымбат” эмес да десе...

Кана адамды ушинтип бааласа. Өлгөн кишинин сөөгү агарбайбы тимеле. Анынсыңарындай Майра Керим кызын сүйгөн, талантын баалагандар Майра менен коштошуп, ичтериндеги буулуккан ойлорун төгүп алышат эле да. Бул тирүүчүлүк парз эмеспи.

Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Абдырахман Алымбаев, Майра Керим кызы тууралуу мындай деди:

- Эки улуттун тилин да, дилин да сыйлаган, комуз менен домбураны келтире черте билген, акындык өнөрүн, айрыкча төкмө акындыгын өзгөчө баалай турган талант эле. Аны менен көрөрмандардын коштошуусу боюнча аманаты тиешелүү жерге таасын жетип, таасирдүү айтылганда маданият министрлиги муну жок дебейт эле. Бул жерге чала-чалбырт жетип, анан да эс алуу мезгили өкүм сүрүп турган убак болбодубу. Анан мамлекеттик сыйлык боюнча документтери жасалып, жогору жактанбы, же башкасынан көз көрүнө бут тоскондук болсо, анда эми алардын ыйманына койдук. Майранын үнү, чыгармалары кыргыздын комузу менен казактын домбурасы жашап турганда, Майра өлбөйт дейм. Жаткан жери жайлуу болсун. Кантелик эми...

Ал эми кызы Тергундун билдиргенине караганда, Казакстандан бир өнөр адамы “Майранын көзү өтүп кеткенин угуп келдим” дептир. Ал Майранын жарыкка чыгаралбай калган кол жазмалар жыйнагын, айтыш убагында жазылып калган үн тасмаларын сураптыр. Казакстан басмасынан китебин чыгарып, казак өнөр адамдарынын арасында Майраны эскерген жыйын өткөрүүнү пландап жатышканын билдириптир.

Бир адам бул турмуштун казанына быкшып, түтөп кайнаса, Майра өтөр-кетер жашоо өтмүштөрдү боюна сиңирип, көтөрүп, чөгүп же басынып калбастан өнөр адамынын өлбөс деми менен оргуп кайнады. Ошондон ар кандай айтыштарда болсун, сан көздөр тиктеп турган төкмөлөрдүн сынагында болсун, күндөлүк тиричилик буттан тартып турганына карабай, басынтып турган ооруну да тоготпой, орошон ойлорду домбурасы менен ортого төгүп турар эле. Ал ырды казакча, анан кыргызча жазчу. Эки тил Майранын ички кыйкырыктарын толуктап турганга көмөк болор эле.

“Таланттуу адамдын байлыгы болбойт, тагдыры болот” демекчи , Майрадан да аялдардагы оомал-төкмөлүү тагдыр буйтап кетпеген. Таланттуу аялдардын тагдырына балким ушундай оюш-кыйыш тагдыр жазылаттыр.

Өзү жөнүндө көп айта бербеген төкмө акындын өксүктүү деп эсептеген өмүр өкүттөрүн өзүнүн айтуусу боюнча уккандар, көзү өткөн соң басылмаларга басып, айтып жатышат. Таланттуу айымдын мезгилинен эрте жаздым болушуна мына ошол тагдыр кыйчалыштары да себеп болбой койбогондур.

Аны Майра кыргызга келин болуп келгенде кайненесине арнап чыгарган ырынан баамдаса болот:

- Улуу элден уулуңду ээрчип мен келдим,
Урмат-сыйдын бешигине термелдим.
Умай энем көрөм сизди, апамдай
Келин дебей, кызың менен тең көргүн.

Ортосунда турмуш деген чеңгелдин
Жол таба албай, чындыгында сенделдим.
Канатымды төрөбөсөң кантмекмин.
Уучума күмүш жүгөн сен бердиң. (1996-жыл.)

Ошентип, Майра ооруканада онтоп жатып, уулу Акжолтойдун Түркиядагы айтыштан жеңиштүү кайтканына сүйүнүп “Уулума” деп төрт купулет ыр жазыптыр:

- Элиңдин бол сүймөнчүгү, сүйөрү,
Адам болсоң, аалам сени сүйөдү.
Ысык-Көлгө барымталап кыз апкел,
Калыс жүрөк, казактардын жээни.

Акжолтойдун акындык айтышка катышкандагы тушоосу кесилип, эне-баланын сүйүнүчү көз тийгендей болуп, төкмө акын Майра Керим кызынын өлүмү, ажыроо менен коштолду. Мындай оор кайгы эми канатын төкмөлүккө күүлөп жаткан Акжолтой үчүн канчалык оор болбосун, апасын жерге берген күнү көзүнөн аккан жашынан ыр курап, апасынын арманын да, жыргалын да ырга кошуп төктү Акжолтой.

Эмне демек элек, Майра өзү айткандай өнөрүн улай турган уулу турганда Майра кыргыз-казак элинин жүрөгүндө өчпөй жашай берет. Анын артында эмне калды. Талантына тамшанган, оюнуна агылган эли калды. Жан дүйнөсүнөн агып чыккан ырлары калды. Жаркылдаган пейилин, адамкерчиликтүү өзгөчө инсан экендигин дааналаган өнөр адамдары, комуз, домбура жашап турганда Майрадай төкмө акын эч качан эл эсинен чыкпай, ыр-күүлөр жаңырган жерде Майранын да аты жаңырып турарлыгында шек жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG