Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

8-9-сентябрда А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында азербейжан композитору Узеир Гажибековдун “Кер оглы” операсынын бет ачары болду.

Азербайжан композитору Узеир Гажибековдун «Кер оглы» операсы 1935-жылы жазылып, азери элинин алгачкы профессионалдык операсы катары тарыхта калып, дүйнөлүк опера өнөрүндөгү жүз шедеврдин катарына кирет. Бул чыгарма менен композитор Узеир Гажибеков мамлекеттик Сталиндик сыйлыктын лауреаты жана башка эл аралык сыйлыктарды алган.

“Кер оглы» - кыргызча «Сокурдун уулу» эпикалык чыгармасы Азербайжандардын 16-кылымдын соңунда 17-кылымдын башында азерилердин улуттук баатыры жөнүндөгү элдик чыгарма катары пайда болгон.

Чыгармада азербайжандардын тоолу аймагында Гасан хандын доору өкүм сүрүп турган чакта, анын залимдигинен карапайым эл кыйналат. Анын хандыгына түрктөрдүн Эсхан пашасы мейманга келгенде күлүк аргымак тартуулайын дегенде, анын жылкычысы күлүктөрдү алыскы жайлоого чыгарып жиберген экен. Анын мындай жоругуна каарданган хан жылкычысы Алынын эки көзүн оюп салат.

Алынын баласы Равшен өнөрпоз, эр жүрөк, жигит экен. Ал каардуу хандан атасынын өчүн алууга ант берет. Алы баласынын атын «Кер оглы» деп атап, эл үчүн кызмат кыл деп батасын берет. Равшендин сүйгөн кызы Нигяр дагы Гасан хандын туткунуна түшөт. Кыскасы чыгармада ач көздүк, залимдик, адилетсиздик, зордукчулук, чыккынчылык кеңири чагылдырылган. Мына ушундай кара өзгөйлүккө тунук махабат, эл-жерге болгон сүйүү, баатырлык, элдин биримдиги каршы туруп, чыгарманын соңунда Кер оглы баштаган карапайым элден куралган эр жүрөк жигиттер тобу козголоңчуларга кошулуп каардуу хандын бийлигин кулатып, тоолук элге азаттык алып келет.

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында коюлган «Кер оглы» операсынын бет ачарынан кийин СССРдин эл артисти Токтонаалы Сейталиев аталган опера жогорку чеберчиликте коюлганын, түрк элдери кылымдардан бери биригелик деген ой-максаты маданият аркылуу эми ишке ашканын белгиледи. Анын айтымында, бир тууган элди саясат эмес, көркөм өнөр бириктирет.

- Бир убакта Мустафа Кемаль ойлосо керек, «түрк элдери бири-бири менен таанышса, жакындашса, бир чатырдын алдында чогулушса» - деп. Мына маданияттын аркасы менен Азербайжан, Башкырстан, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Татарстандын опералык ырчылары, балет тобунун бийчилери биригишип, кыргыздын сахнасында үлкөн операны иштеп чыгышты. Түрк тилдүү мамлекеттердин өнөрпоздорунун бир жамаат болуп биригиши, бул элдердин арасындагы достукту чыңдап, биригүүгө алып барат. Мындай биригүүнү саясат аркылуу жасай албайсың. Мына биздин опера жана балет театырынын өнөрпоздору бир тууган башка элдердин артисттерине өздөрнүн шыгын тартуулап, жогорку чеберчилигин көрсөтө алды. Бул бир укмуш опера болду. Эми бул Түркия, Азери, Казакстанда көрсөтүлүп, чоң ийгиликтерге жетишет. Мындай чыгармачылык байланыштар байма-бай болуп турса түрк тилдүү элдердин камыр-жумур болуп, ынтымакташып кетүүсүнө жакшы шарт түзүлөт эле.

Опера жана балет театрынын сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев белгилегендей, буга чейин кыргыз сахнасында «Манас», «Айчүрөк», «Токтогул» сыяктуу кыргыздын опералары зор ийгиликтер менен коюлуп, алардын декорациялары, костюмдары, сахнанын жасалгалары жогорку дегээлде даярдалуучу. «Азыркы операларга каражат жакшы бөлүнбөй сахнанын жасалгалары жупуну болуп келүүдө. «Кер оглы» операсына каражат жакшы бөлүнгөн экен. Декорациясы абдан бай, костюмдары ошол доорго ылайыкташтырылып тигилди. Каражат болсо мындай чоң опералардын сахналык жасалгалоосун кыргыз сүрөтчүлөрү мыкты тартат эле», - дейт М.Сыдыкбаев. Анын айтымында, «Кер оглы» операсынын декорациясы өтө эле күңүрт, көңүл чөгөрө турган атмосферада жасалып калган.

Ал эми «Кер оглы» операсын кыргыз сахнасында коюу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашырган Түрксой уюмунун директору Дүйсен Касенов аталган опера мыкты сахналаштырылып, артисттер зор чеберчиликте ойношконун белгиледи.

- Мен бүгүн өтө бактылуумун, ушул көптү көргөн сахнада сиздер менен бирге болгонума. Операдагы башкы каармандардын ролун ойногон ырчыларга, сахнаны шаңга бөлөгөн балет тобуна, мукамдуу аваздарды ийнине жеткире аткарган хордун артисттерине, театрдын техникалык кызматкерлерине чоң ыраазычылык билдирем. Түрксой уюмунун ушул долбоорунун символу Кер оглынын статуэткасын ушул тетардын жамаатына тапшырып коеюн. Бул чыграма боордош мамлекеттерде дагы зор ийгиликтерге жетишет деген ишенимдемин.

«Кер оглы» операсынын бет ачары 12-сентябрда Алма-Aтада тартууланып, 15-сентябрда Түркияда 18-сентябрда Бакуда көрсөтүлөт.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында «Кер оглы» операсы Түрксой эл аралык уюмунун долбоорунун негизинде коюлду. Бул операга Азербайжан, Башкырстан, Кыргызстан, Казакстан, Татарстан, Түркиянын артисттери катышты. Оюнду түрк режиссеру Афлатун Нейматзаде сахналаштырып, симфониялык оркестрге кыргыз дирижеру Жумакадыр Каныметов дирижерлук кылды. Операдагы хорлорду азери хормейстри Эльнара Керимова, опера жана балет тетарынын башкы хормейстри Карагул Тиленчиев даярдаса, сүрөтчү-коюучу түрк Самаш Жамгоз болду.

Эл аралык долбоор менен иштөө кыргыз опера жана балет театрынын чыгармачыл жамаатына абдан чоң демөөр болду дейт, театрдын башкы сүрөтчүсү Марат Шарафудинов.

- Мен бир жумадан ашуун сахнанын жасалгаларына, жарык берилишине жардам берип, кол кабыш кылдым. Режиссеру Афлатун Нейматзаде менен таанышып, анын иштөө ыкмаларына баа бердим. Ар бир нерсени ийне-жибине чейин алдын ала даярдап, артисттер менен репетицияны мыкты алып барат экен. Биздин артситтер режиссер менен кандай иштөө керектигин ушул Афлатундан үйрөнсө болот. Биздин режиссерлор дагы тажрыйба алмашышыты. Андан дагы балетмейстр Мехмет Балхан классикалык үлгүдөгү бий менен улуттук элдик бийди айкалыштырып абдан жакшы бийлерди көрсөттү. Кыскасын айтканда бул эл аралык долбоор менен коюлган опера түрк тилдүү элдердин артисттеринин башын кошуп, чыгармачылык байланышты чыңдоого салымын кошту.

Марат Шарафудинов белгилегендей, эгерде өкмөт опера жана балет искусствосуна жетишерлик деңгээлде көңүл бурса кыргыздын таланттуу өнөрпоздору дүйнөлүк сахналарда ат салышууга толук мүмкнүчүлүктөрү бар.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, кыргыздын «Манас» эпикалык операсы келерки жылы Бакунун опера жана балет театрында түрк тилдүү мамлекеттердин артисттеринин аткаруусунда коюлушу күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG