Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Жылдыз кантип жаралат?


Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева
Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева

Азаттык+ сыналгы долбоору “Жылдыз кантип жаралат?” деген темада талкуу уюштурду. Программага белгилүү ырчы Ташкен кызы Гүл, продюсер Т. Кожобеков, композитор А. Алымов катышты.

Төмөндө "Азаттык+" берүүсүнө көрөмандардан телефон аркылуу түшкөн пикирлерди сунуштайбыз.

Асылкан Шайназарова: - “Азаттык+” элдер жактырып көргөн берүүлөрдүн бири болчу. Эми “Манас жаңырыгынан” чыгып жатканыңарга кубанычтамын. Бирок бул канал үйдө жакшы тартпай, программаны оңгулуктуу көрө албай койдум. Жаштар үчүн шоу-бизнес темасын көтөргөнүңөр туура болду. Анын оң жана терс жактары тууралуу коомчулук билиши керек да. “Жылдыздар кантип жаралат” деген суроого, алар акчанын күчү менен бир күндө атактуу адамга айланууда деп айтаар элем. Азыр студиялар көп, алар техниканын күчү менен сен каалагандай ырларды, клиптери менен кошо жаратып беришет. Негизинин шоу-бизнес бизде акча табуунун бир жолуна айланды. Ошол эле маалда музыкалык мектептерде окуп, таланты менен таанылган жаштар дагы бар. Алардын катарына мен Курмангазынын уул-кыздарын кошоор элем. Ал эми келечектеги берүүлөрдө мектептеги билимдин сапатына арналган программа даярдасаңар деген ойдомун. Билим берүү мнистрлигинин маалыматы боюнча мектептер 80% китептер менен камсыз болгон. Бирок чынында окуучуларга көптөгөн адабияттар жетишсиз болуп жатат.

Мирбек Осмонов: - “Азаттык+” программасында жаштарды кызыктырган маселелер козголууда. Бирок бул берүүнү баардык аймактар көрө албай жатканы өкүнүчтүү. Негизинин аудиториянын тардыгы, ага конок катары катышкан жаштардын аздыгы жана берүүлөрдүн сапаты төмөн болгондугу кемчилик катары көрүнүүдө. Бирок мага “Азаттык плюстун” эркин баарлашуусу жагат. Жакын арада жаштар кызыккан берүүлөр көбөйөт деген үмүттөмүн. Шоу-бизнес маселесине арналган берүүнү көрдүм. Менимче, жылдыздар алгач өз таланты менен ырдап чыгып анан клип тарттырып, жакшы ырларды жаратып таанылса керек. Бирок азыркы маалда таланты жок адамдар дагы сахнага чыгып алышууда. Ошентип козу-карындай болуп ырчылар көбөйдү, аларды сындаган сынчылар дагы аз эмес. Ырларды сапаттулугун караган эч ким жок. Начар ырларды эфирге чыгарбай эле коюшса дейт элем. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы, ошол эле маалда кемчиликтери дагы бар.

Айжамал Каныбекова:
- Бизде шоу-бизнес акырындан өнүгүп жатат. Илгерки ырларды дагы жаман деп айта албайм. Ал маалда өзүнүн дооруна жараша жакшы өнүккөн. Негизинен бүгүнкү жаштар арасында жаңылануу көп болуп жатат. Чоң конкурстарга, ири фестивалдарга биздин Омар, Гулзинат Суранчиева, Ома сыяктуу ырчыларыбыз барып ийгилик жаратышууда. Бийчи кыздарыбыз дагы андай иш-чаралардан куру кол кайтышкан жок. Клип тартуу дагы акырындан колго алынууда. Эми өнүгүү ушул темп менен жүрсө жакынкы 5-6 жылдын жакшы көрсөткүчтөргө жетет деген ойдомун.

Эгерде жаштардын "Азаттык+" берүүсү боюнча айта турган ой-пикир, сунуштарыңыздар болсо (0312) 31-61-71 телефонуна чалыңыздар.

Жылдыз кантип жаралат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

XS
SM
MD
LG