Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Бишкекте салтка айланган “Бир дүйнө - 2009” аттуу даректүү тасмалардын кинофестивалы башталды.

Анда адам укуктарына арналган фильмдер көрсөтүлөт. Фестиваль 25-сентябрга чейин созулуп, бул аралыкта АКШ, Финлдяндия, Монголия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү мамлекеттердин 16 тасмасы көрсөтүлөт. Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кинематографистеринин катышуусунда тегерек үстөл уюштурулуп, көрөрмандар менен баарлашуулар жүрөт.

Бул жумада Бишкекте Бабур атындагы Ош академиялык музыкалуу өзбек драма театры гастролун баштайт. Театрдын 90 жылдыгына арналган чыгармачылык сапарында артисттер бишкектик көрүүчүлөргө 5 спектакль тартуулашып, аны менен катар “Биз Оштонбуз” аттуу концертин сунуштайт.

25-сентябрда Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Чуйков атындагы сүрөт окуу жайынын 70 жылдык мааракесине арналган чоң көргөзмө ачылат. Бул туурасында музей жетекчиси Үрүстөмбек Шыгаев кабарлады.

25-сентябрда “Кинопоезд-2009” долбоору башталат. Бул долбоордо Европанын 15 өлкөсүнүн жаш кинематографистери катышкан 7 тартуучу топ түзүлгөн. Ал эми поезддин каттамына Кыргызстан, Казакстан жана Орусия кирген. Талапка ылайык катышуучулар ар бир токтогон жерден “Европа-Азия мадания кошуналар” аттуу 10 мүнөттүк даректүү тасма тартышат.

26-сентябрда эски аянтта жогорку окуу жайлар арасындагы 3-рок фестивалы өтөт. Фестивалдын программасында бир катар рок топтору өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле көрүүчүлөргө АКШдан келген “Фалкон” ансамбли ар кыл стилдеги музыкаларды аткарып берет.

Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын артисттери бул жумада Мар Байжиевдин чыгармаларына коюлган “Окуя” спектаклин жана “Кыз-күйөө” комедиясын тартуулашат. Мындан сырткары театрда Николай Коляданын “Театралдык роман” спектакли коюлат.

“Колдо” Арт-борборунда “Жалкоо көркөм өнөр” аттуу көргөзмө жүрүүдө. Анда көл жээгинде тартылган 20 дан ашуун сүрөттөр жана видеосюжеттер коюлган.
XS
SM
MD
LG