Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Залкар дирижер, улуу композитор Социалистик эмгектин баатыры, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл артисти Калый Молдобасанов тирүү болгондо быйыл 28-сентябрда 80 жашка чыкмак.

Залкар манасчы, төмө акын, комузчу Молдобасандын 12 жашар Калый аттуу уулу Кыргыз филармониясынын дирижер, композитор Петр Феодрович Шубин жетектеген азыркы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин курамына артистикке кабыл алынат. Ал өркүндөтүлгөн комузду чертет. Бир эле мезгилде Калый Молдобасанов Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайында скрипка, дирижерлор классында окуйт. Аны артыкчылык диплом менен бүтүрүү менен Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын дирижерлоо классына өтүп, профессор Гинзбургдун классынан окуйт. Аны 1954-жылы артыкчылык диплом менен бүтүрөт. Ал бүтөөрү менен азыркы Кыргыз Улуттук Абдылас Малдыбев атындагы опера жана балет театырында алгач катардагы дирижер, кийин башкы дирижер болуп иштейт.

Калыйдын туубаса дирижерлук шыгы, жүзү билиминин тереңдиги, изденгичтиги, чеберчилиги дүйнөлүк “Отелло”, “Борис Годунов”, улуттук “Манас”, “Асел” өңдүү ондогон классикалык операларды, балеттерди коюуда, дирижерлоодо айдан ачык көрүнөт. Калый дирижерлук пультка чыккан күндөн тартып, чыгармаларды жазуунун үстүндө жемиштүү эмгектене баштайт. Алсак, ал ар кыл курактагы жаш жеткинчектер үчүн түрдүү маңыздагы аспаптык күүлөрдү (пьесаларды) ырларды чоңдор үчүн лирикалык ырларды, романстарды, вальстарды жана башка чыгармаларды жазат.

Автордун кыргыздын кесиптик музыкасынын жаны, жүрөгү болгон элдик обондордун, күүлөрдүн берметтери менен шөкөттөлгөн “Жайлоодо”, “Селкиге”, “Өрттөнсүн бозой жалынга”, “Жыргалым белең сезимге” аттуу жана башка ырлары угамандардын, ырчылардын ооздорунан түшүрбөй ырдаган сүйүктүү ырына айланат. Анын “Жайлоодо” аттуу ыры да өз учурунда улан-кыздардын арасында элдик ыр шекилдүү ырдалып калган


Жайлоодо

Сөзү Абдрасул Токтомушевдики.

Мемиреген жайкы жайлоо таңында,
Балдан ширин таттуу уйкуга батамын.
Жагымдуу бир сезим берди жаныма,
О, жылкычым, сени ырдап жатамын.

Камбар-Ата сан жылкынын башында,
Таңга карап көшүп, ыгып тургандыр,
Ырчы жигит түн күзөтүп кашында.
Ойгонсун деп, мага көңүл бургандыр.

Балким менмин, балким тигил ак келин,
“Бекбекейлеп” улуу тоодон үн каткан.
Каршы эмесмин тапкандарга тең-теңин,
Кызык экен үн алышып мал баккан.

Калый Молдобасановдун тубаса жаркын шыгы башка жазган чыгармаларына караганда балет жанрында ачылат. Ал алгачкы балети - “Куйручукту” композитор Герман Окунев, “Жаңыл Мырзаны” Михаил Бруштин менен биргелешип жазат. Ал эми кыргыздын профессионалдык музыкасынын тарыхында таптакыр жазыла элек Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” аттуу повестинин негизинде атайы балет- ораторияны “Кылым карыткан бир күн” деген романын маңызында “Маңкурт жөнүндө баян” аттуу балетти жазышы кыргыз балетинин жаңы баракчасын ачып, дүйнөгө таанытты. Автор “Саманчынын жолу” балет-ораториясы үчүн өзү гана эмес башкы каармандарды ойношкон биийчилер А. Токомбаева Р. Чокоева балетмейстер У.Сарбагышев СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттарынан да болушту.

1998-жылдын 19-январында Калый акеге үйүнөн жолугуп, эмне себептен сизди Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повести кызыктырды, эмне үчүн повестин каармандарын балет аркылуу бердиңиз деп сураганымда маркум Калый аке: “Биринчиден, Чыңгыз Айтматовдун повестинде терең филиософиялык ой камтылган. Ошондуктан, илгерки “Чолпон”, “Анар”, “Селкинчек” жана башка балеттердей эмес, ыр, хор, бий , сөз аралашкан жаңы багыттагы, жаңы көз караштагы, жаңы агымдагы, жаңы жанрдагы балетти жазууга туура келди. Себеби, андай изденүүчүлүктөгү балетти жазбасам супсак, кургак болуп калмак. Чыңгыздын чыгармачылыгын сахналаштырыш, өзгөчө балеттин тилинде бериш өтө кыйын. Анын каармандарын ачып бериш үчүн бүтүндөй жан дүйнөңө сиңириш керек. Мен балет-ораториямды жазып жатканда ошондой абалда болдум. Ал Советтер Союзунун учурунда кыргыз балетинин тарыхында биринчи жолу СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болду. Мен өзүм эле эмес, бийчилер А.Токомбаева, Р. Чокоев, балетмейстер У.Сарбагышов да жогорку сыйлыкка ээ болушту. Бул болсо биздин улуттук музыканын кадыр-баркын көтөрүп кетти”- деген эле.

2006-жылы 29-майда Калый Молдобасанов о, дүйнөгө сапар алып, андан бери төрт жылга аяк басты. Мезгил барактары баракталган сайын Калый акенин жазган чыгармалары замандаштарынын жан дүйнөлөрүндө жаңырып, жадыраган элеси бирге жүргөн, бирге иштешкен кесиптештеринин арасында тирүүдөй жашап келүүдө.

Калый Молдобасанов менен жаш кезинен бирге жүрүп, кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство иниститутунда бирге иштешкен профессор Асанбек Асакеев Калый акенин композитордук шыгы, адамкерчилиги жөнүндө мындайча эскерет:

- Мен жаш кезимден Калый Молдобасанов менен Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркесстринде бирге иштештим. Ал киши 1955-56-жылдары оркестрде иштеп калды. Адамкерчилигин айтсам абдан ак көңүл, сыйчыл, сыпаттуу инсан эле. Композиторлук жагын айтсам Молдобасановдой Кыргызстанда композитор болгон эмес, болбойт, чыкпайт деп ойлойм. Калый аке искусство иниститутуна ректор болуп иштегенде мен проректор болуп иштедим, экөөбүз бүт жумуштун баарын так, өз убагында аткарчубуз. Баягы “немистик тактык” менен жүрүүчү.

-Асанбек мырза, Калый акенин биздин арабыздан о дүйнөгө кеткенине төрт жылдын жүзү болуп калды. Бүгүнкү күнгө чейин ысымын түбөлүкө калтыруу боюнча маселе чечиле элек. Ушул жөнүндө өз оюңузду айтсаңыз.

-Менин оюмча, биздин жетекчилер чоң ката кетирип жатат, мына Калый Молдобасановдун, Таштан Эрматовдун ысымдары көлөкөдө калып атат. Молдобасановдун үй музейи жок. Окуу жайларына, көчөлөргө ысымы берилбей жатат. Калый Молдобасановду бүт дүйнөнүн көрөрмандары, музыка угуучулары билет, ошонундуктан ысымын чоң көчөлөргө, чоң окуу жайларга берсек эчтеке болбойт. Бүгүнкү күнгө чейин Калый Молдобасановдун, Мукаш Абдыраевдин музейи жок. Сөздүн ачыгын айтканда биздин республикага өнөр музейи керек.

Композиторлор союзунун төрагасы, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кенжегазы Асанбеков бул боюнча кеп учугун мындайча улады:

- Кептин ачыгын айтсам Калый Молдобасановдой таланттуу композитор экинчи жолу чыгабы, чыкпайбы белгисиз. Советтер Союзунун учурунда идеологиянын бир тармагы болгон профессионалдык музыкага өзгөчө көңүл бөлүнчү. Азыр андай болбой калды. Калый Молдобасановдун көзү өтүп кеткенден бир жылдан кийин эле маданияттын көрүнүктүү ишмерлери өкмөткө, президентибизге К. Молдобасановдун ысымын түбөлүккө калтырыш үчүн кайрылганбыз. А көрүстөнүнө айкели абдан жакшы коюлду. Ал эми ысымын көчөгө, окуу жайына берүү, үй музей кылуу жагы чечилбей жатат. Биз ойлойбуз, өкмөтүбүз, президентибиз эске алып, улуу композиторубузду унутта калтырбай Бишкек шаарынан жакшынакай бир көчөнүн атын берсе, биз маданият кызматкерлери консерваторияга аты берилсин деп кайрылганбыз ошону берсе, үйүнө музей уюштурса жакшы болоор эле. Ошондой эле Молдобасановдун чыгармаларынын тандалмасын басмадан басып чыгарса жакшы болоор эле.

Ооба, Калый Молдобасановдун ысымын түбөлүккө калтырууну жетекчилер төрт жылдан бери эстеринен чыгарып келишүүдө. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында Молдобасанов тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Аны белгилөө аземи болсо Маданият жана маалымат министрлигинин, опера жана балет театырынын жетекчилери тарабынан өз учурунда белгиленбей калды. Атка минерлер, жетекчилер унутушса да Калый Молдобасановдун чыгармалары карапайым калктын жүрөгүндө жашап келүүдө.
XS
SM
MD
LG