Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:20

“Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүздүн бул чыгарылышында өткөн кылымдын 60-жылынын экинчи жарымынан тартып алгач жумурай журтка өзгөчө аваздык боектогу мукам үндүү ырчы, кийин акын, колунан көөрү төгүлгөн узчу катары таанылган, республикалык сынактардын лауреаты Чолпон Жумагулованын чыгармачылыгы тууралуу сөз болот.

«Ар бир мезгилдин өзүнүн ырчысы бар» дегендей өткөн кылымдын 60-жылынын экинчи жарымынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин тубаса аваздык назик боектор менен шөкөттөлгөн мукамдуу үнү, аткарган ырларынын ажардуулугу менен жумурай журттун жүрөгүнөн түнөк таап келе жаткан белгилүү ырчы-аткаруучу, шаардык, республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү - Чолпон Жумагулова.

Ал кесиби боюнча орус тил мугалими. Чолпон Сары-Өзөндөгү кең Чүйдүн келбети менен көргөңдөрдүн көз жоосун алган кең мейкин талаалуу Күрпүлдөк айылында мындан 60 жыл мурда жарык дүйнөгө келген. Ал дөөлөттүү жашка чыкса да оозунан ырын, колунан калемин түшүрбөй нөшөрлөтө ар кандай темадагы көркөмдүү маңызга бай ырларды жазып, уккандардын руханий жан дүйнөлөрүн асылдантып келет.

Чолпон ыр ырдоо, ыр жазуу менен бирге ырчылык менен узчулукту куштун эки канаты деп курак курап, шырдак шырып, көөрү төгүлгөн узчулук менен да алектенип келет. Ал өмүрлүк жолдошу Таштанаалы менен “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” жашап эгиз уулдуу, төрт эркек, эки кыздуу болушат. Бүгүнкү күңдө Чолпон жети неберенин сүйүктүү чоң энеси.

Мына ушундай тагдырдагы, ар тараптуу шыктагы Чолпон айым ыр дүйнөсүнөн босогосун кандайча аттаганы жөнүндө мындайча кеп салат:
Чолпон Жумагулова курдаштары менен

- Мен ыр дүйнөсүнүн босогосун Бишкектеги В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда окуп жүргөндө аттадым. Ошол кездерде студенттердин арасында “Ала-Тоо жазы” деген фестиваль өтүүчү. Ошол фестивалда ырдап жүрүп обончулар менен тааныштым. Алар мага ырларын беришти. Мен аларды жаттап ырдай баштадым. Айрымдарын кыргыз радиосунун коруна жаздырдым.

- Кайсыл обончунун ыры менен алгачкы жолу сахнага чыктың эле?

- Эң биринчи жолу сахнага обончу маркум Экия Мукамбетовдун “Өчпөсүн менин үмүтүм” аттуу ырын ырдап чыктым. Элге таанылдым.

- Экия менен кандайча таанышып, иштешип калдың эле? Ошол тууралуу угармандарга маалымат бере кетсең?

- Экия Мукамбетов агай менен күтүлбөгөн жерден таанышып калдым. Ошол кезде кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында Капар Абдрахманов деген редактор иштечү. Ал биздин студенттердин фестивалына катышып жүрүп менин ырдаганымды угуп, таанышкан соң “сенин үнүңө топ келген бир обончунун жакшы обондору бар. Мен ошол киши менен тааныштырам, - деп анан Экия агай менен тааныштырды. Экия агай комуздун, ал турсун темир ооз комуз менен эргип ырдаганды, берилип аткарууну үйрөттү. Сен ырдаган ырларды радиого жаздырабыз, түбөлүккө калат, - деп артымдан сая түшүп жүрүп үйрөтүштү. Менин бүгүнкүдөй ырчы болуп калышыма маркум агайдын эмгеги аябай зор. Ал кезде мен жаш элем. Кээде ырдагым, концертке катышкым келбей агай ырыңызды башка кыздарга ырдатыңыз, - деп качсам, агай болбой, чарчабастан мени ырдатты. Мен эми түшүнүп жүрөм.

- Чолпон айым, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин ошол кездеги башкы дирижеру маркум Асанкан Жумакматов оркестрдин ырчылыгына чакырыптыр. Эмне үчүн аякка барбай калдыңыз?

- Ошол кезде эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Асанкан агага Самара Токтакунова менен маркум Чалагыз Исабаев алып барышты. Ырдадым, жактым, өттүм. Бирок ал жака үй-бүлөм жибербей койду.

- Чолпон айым, эл артисттери Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова сенин актрисалык шыгыңды баалашып, Москвадагы Шепкин атындагы театралдык институттан акууга чакырышса эмне себептен барбай койдуң эле?

- Ал кезде Мосвкада жаңыдан ачылган Шепкин атындагы театралдык институтуна кабыл алыш үчүн жаш таланттарды тандап жүрүшүптүр. Экөө мени көрүп калып чакырышты. Актерлор үйүндө тандоо кароосу болду. Мен өттүм. Анан Москвага барсамбы, барбасамбы деп эки ойдо болуп турганда ыраматылык институттун проректору Казакбаев чакырып алып: “Чолпон сен театралдык институтка барбагын. Сенин мүнөзүң педагогдук мүнөз. Сенде артисттик мүнөз жок. Сенде талант болгон менен ал жакта тепсендиде каласың. Артисттик турмуш өтө кыйын. Сен жакшы окуйсуң. Бүткөндө институтка мугалим болуп каласың”, - деген бир сөзү менен институтка барбай калгам.

“Учканбыз бирге уядан”

Чолпондун аткаруучулук чеберчилигине, аткарган ырларына секелек кезинен суктанып учуп келаткан Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын кызматкери Клара Исакова буларды айтат:

- Чолпон эже ырдап чыкканда мен кичинекей элем. Он жашта элем. Анда 5-6 класста окуп жүргөн кезим. Айылда дайыма радио укчубуз. “Фрунзеден сүйлөйбүз. Фрунзе убакты боюнча саат сегиз. Акыркы кабарды угуңуздар. Айыл чарба эмгекчилерине арналган концертти угунуздар”, деп эле сүйлөп калышчу. Дем алуу жок концерттер берилүүчү. Аны биз радиого жабышып алып укчу элек. Мен Чолпон Жумагулова деген ырчыны радио аркылуу билип калдым. Гүлсүн Мамашева, Айнагүл Керимкулова, Нуруйла Кашкараева болуп бирге чыгып калышты. Ошолордун ичинен өзгөчө бөлүнүп, өзгөчө мукам үнү менен секелек кезибизде биздин жүрөгүбүздү бийлеп алган Чолпон Жумагулова деген ырчы эле.

Ал эми Чолпонду ырдаган ырлары менен тааныган көрүнүктүү ырчы, эл артисти Улукмырза Полотов мындай дейт:

- 60-жылдардын аяк ченинде 70-жылдардын башында назик мукам үндүү ырчынын аткаруусунда Э. Мукамбетовдун «Өчпөсүн менин үмүтүм» деген ырды укчумун. Кийин ал ырдаган ырдын ээси Чолпон Жумагулова экен. «Өчпөсүн менин үмүтүм», «Энеме», «Картайтпайт биздин сүйүүбүз» деген ырларды ырдоочу. Анын үнүнүн колорити, үнүнүн кооздугу эч бир башка үнгө окшошпойт. Профессионал ырчы катары айтсам Чолпондун жаштарга үйрөтө турган ыкмалары бар.

Чолпон - уз, акын

Эми Чолпон Жумагулованын колунан көрүү төгүлгөн узчулук, жазма акындык өнөрү тууралуу сөз кылалы

- Чолпон айым, ырдаган ырларың менен жеке эле кыргыз угармандары эмес, бейтааныш москвалык угуучулардын да алкоолоруна алынып, лауреаттыкты жеңип алыпсың. Өнөр жарышында кайсыл обончунун ырын аткардың эле?

- Ыраматылык Асангул Жаркынбаев мен киностудиянын жанындагы №1 мектеп-интернатта окуп жүргөнүмдө бизге агай музыка сабагынан сабак берүүчү. Агай “Жийденин жыты” деген ырын ошол кезде чыгарган. Эң биринчи жолу ал ырды мен ырдап чыккам. Москвада Кыгызстандын 40 жылдыгы белгиленип калды. Ошондо мен шайырлар менен барып, лауреат болуп келгемин.

- Чолпон айым азыркыдай бойдон кирип, жүрөгүңдү кытыгылаган ырларды ырдоо менен бирге колуңдан көрүң төгүлгөн узчу да көргөндөрдүн көз жоосун алгандай кооздуктагы түркүн түрдүү түстөрдөгү курактарды курап, шырдак да жасайт экенсиң. Ыр менен узчулук өнөрүң бири-бири менен айкалышабы?

- Албетте айкалышат. Курак кураган да, сайма сайган дагы чыгармачылыктын бир тармагы деп ойлойм. Кызыл менен караны, сары менен жашылды бири-бири менен айкалыштырып, өңдөштүрүп, жакшынакай боеп, кубанып берилип жасаган ишиң көркөмдүү болот экен. Ырчылык менен узчулук, куракчылык өнөр бири-бири менен аябай байланыштуу. Узчулук өнөр да ырчылык да жан дүйнөңдөн чыгат. Ошон үчүн мен бук болгондо, ырдагым келгенде, элди сагынганда сахнага чыгып ырдабай калсам да эмнегедир ырдагым келет. Ошол учурда мен сайма сайып, курак курайм, узчулук өнөрүмдү өркүндөткүм келет.

- Жасаган буюмдарың менен узчулардын республикалык сынактарына катышып жүрөсүңбү?

- Тилекке каршы ушундай узчулук өнөрүм бар деп, эч кандай кароо-сынактарга катышкан жокмун. Узчулук өнөрүмдү үй-бүлөмө, кыздарыма эле арнап келе жатам.

- Чолпон айым, ырчылык, узчулук, өнөрүңдү өркүңдөтүү менен бирге ыр да жазат экенсиң. Эче жашыңдан ыр жаза баштадың?

- Эң биринчи жолу мектепте 6-класста окуп жүргөңдө “Улагым”, “Апама” деген ырларды жаздым. Бирок аларды чогултуп, жыйнап жүргөн жокмун. Кийин гана институтка өткөндө сезимим ойгонуп ыр жаза баштадым. Эми эң биринчи жолу институттун босогосун аттаганда бойго жеткенде жазган ырыман окуп берейин.

Сүйдүм эле чынында

Сүйгөм сени, сүйгөн элем чынында,
Түрмөктөлүп ак толкундай көбүрүп,
Күтөөр элем жолуңду тосуп айлымдан,
Нөшөрлөгөн жамгыр болуп төгүлүп.

Cүйгөм сени ак шооладай жарык чачып,
Көөнүм таза тоо гүлүндөй наз болуп
А сен болсоң назик кармап колумду,
Сүйөөр элең ак жүзүмдөн өмүр болуп.

Эми «Аттиң ай» деген ырым бар ошону окуп берейин. Бул ырыма бүгүнкү биздин турмуш шайкеш келип жатат.

Чындыкты көрүп турса ушул көзүм,
Калпычы сүйлөп турса, өкүнөмүн,
Кошоматчы жагалданып керт башы үчүн
Аттиң ай, эртеңкисин ойлонбойт деп күйүттөмүн.

Чындыкты сезип турса көкүрөгүм,
Коркокко асыл билим жетпегенин
Ата Журтун тоношуп, каткырышып,
Арман ай, курсак салып тургандарды
жек көрөмүн.

Балалыктын баасын сезбей эзилгенин,
Көрмөксөнгө салып турат көп күндөрүн,
Кызың жүрөт этек-жеңин көтөрүшүп,
Аттиң ай, жетиштик деп,
көтөрүшөт өпкөлөрүн.

Ата Журтуң көтөрө албай кыйындыкты,
Азып-тозуп баратканын сезбегендин
Нанга жетпей калчылдаса энелериң
Аттиң ай, көрбөсөң кызың, балаң тентигенин.

- Чолпон айым, корооң көргөндөрдүн көз жоосун алган жыт аңкыткан түркүн түстүү гүлдөргө толуп турат. Аларды өзүң өстүргөнсүңбү, же балдарыңбы?
Чолпон Жумагулова үй-бүлөсү менен

- Мен ойлойм чыгармачылык адамдардын Жан дүйнөсү гүлгө жакын болуш керек деп, менин жаным гүл. Жакшынакай бажырайып ачылган гүлдөрдү көргөндө көңүлүм ачылып, алар менен жашагым келип, аларды эмне үчүн өмүрү кыска, жаркыраган жазда, жайда жаадырап жайнап ачылган гүл эмне үчүн күздө өлүп калат деп кейийм. Гүлдөрдү аябай жакшы көрөм. короомдун ичине гүл отургузуп, алар менен жашарып, гүл менен жашап жүрөм.

Эми роза гүлүнө арнаган «Роза» аттуу ырымды окурмандарга окуп берейин.

Роза гүлдөрүмдүн ханышасы,
Короомдун көркүн ачкан жакшынысы
Кытыгылап жан дүйнөмө жыпар чачып,
Өмүрүмө өмүр улайт аңкыганы.

Назиксиң кыялындай наристенин,
Оорутуп жүрөгүмдү бүркөлбөгүн
Ар бутагың бала тапкан энедей,
Көтөрүшөт көкөлөтүп үлбүрөгүм.

Кызыл, сары, ак болуп ачылып жүр,
Суктандырып косектериң ачып жүр
Жаратылыш берген аябай
Сулуулуктун туусу болуп өмүр сүр.

- Ак дилиңден ачык айтып, баарлашканыңа чоң рахмат Чолпон айым. Кутман курагың кут болсун. Оозуңдан ыр, колуңдан калемиң, ийнең менен теменең түшпөсүн. Өмүрлүк жолдошуңдун, балдарыңдын, неберелериңдин кашында айдай жаркырап, күндөй күлүңдөп, айдан аман, жылдан эсен жүрө бер.
XS
SM
MD
LG