Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Кыргыздын айрым жыл санакчылары жаңы жыл 17-ноябрда жаңырат десе, айрымдар күн-менен түн теңелген 17-мартта жаңы жыл келээрин айтышууда.

Дүйнө эли сыяктуу эле эгемендүү өлкө Кыргызстан дагы 1582-жылы Рим папасы Григорий XIII түзгөн календары менен жыл санагын жүргүзүп келатат.

Бир катар Европа өлкөлөрү Италия, Испания, Португалия, Польша, Франция жана башка мамлекеттер 1582-жылдан бери ушул календарды колдонуп келатышат. Улуу Британия жана анын ошол учурдагы колониясындагы өлкөлөр 1752-жылдан бери Григорий календары менен жыл санагын жүргүшүп келишкен.

1873-жылы күн чыгыш өлкөсү - Жапония, 1911-жылдан бери байыркы тарыхый булактарга ээ - Кытай, 1912-жылдан Германия, 1924-жылы санжыралуу уламыш, тарыхый табылгаларга ээ - Грекия, 1927-жылы Түркия, 1928-жылы Египет өлкөлөрү дагы Григорий календарын колдоно баштаган.

Бирок Григорий календары да Юлий Цезардын жыл санагынан 10 күн айырма менен түзүлгөнүн адистер белгилеп жүрүшөт. Орусия бул Григорий календарын кеңеш доорунда дин кызматкерлердин каршылыгына карабай 1918-жылы кабыл алган.

Жалал-Абат облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну, кыргыздын жыл санакчысы Анарбек Темиркуловдун айтымында, күн менен түн теңелүүсү 17-мартта болгондуктан учурдагы календарда айырмачылыктар арбын.

-Григорий календарын түзүүдө дагы айырмачылыктар болгон. Алардын жыл санагы боюнча 3323 жылда бир күн айырма болот дешет. Анан кантип эле 400 жылда эле он үч күн аттап кетсин. Артка жылдырабыз дешип, булар дагы алдыга аттап кетишкен. Учурда 17-мартта күн-түн теңелип калды. Ушуну эске алып, жыл санагын жүргүзсөк, баары ордуна келип калат эле. Себеби биз Ноорузда, 21-мартта жаңы жылды үч күн кеч белгилеп жүрөбүз. Беш тогол болбойт. Ошондуктан кыргыздар аны көңүлгө алып, арсар ай же он үчүнчү ай деп атап келишкен.

«Калемгер» адабий клубунун жетекчиси Мирлан Самыйкожонун пикиринде болсо, байыркы кыргыздардын жыл санагы боюнча 17-ноябрда жаңы жыл жаңырды.

-Жыл наамасы, ай календарына таянсак 17-ноябрда жыл жаңырды. Биздин бабалардын жыл санагы боюнча 17-ноябрда жыл жаңырат. Эгерде кыргыздын жыл санагы, так маалыматы менен жашай турган болсок, анда 17-ноябрда жыл жаңырып, жаңы жылды тосуп алуубуз керек эле. Кыргыздын жыл санагы, ай календарлары орундары алмашып, унутулуп өчүп баратканы өкүндүрөт.

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору, тарых илимдерин доктору Олжобай Каратаевдин айтымында, байыркы кытай тарыхында кыргыздардын календары так экендиги белгиленген. Себеби күн менен түн теңелген 20-марттан 21-мартка ооган түнү асманда бир түн гана Балык жылдызы көрүнөт.

- Өзгөчө байыркы кытай булактарындагы маалыматтарында кыргыздарда эң так жыл санагы, календары бар экендиги айтылган. Мисалы, Тан доорундагы кытай булактарындагы кыргыздардын жыл санагында 12 жапайы жаныбардын аталышында тураарын, анан алардын жыл санагы «баоши» деп жылды март айынан жылдын башталышы деп атап, үчүнчү айда дан эгиндерин сээп, тогузунчу айда эгиндерин жыйнап алышат деген кытайдын маалыматтарында так, даана белгиленген. Себеби күн менен түн теңелген 20-марттан 21-мартка ооган түнү асманда бир түн гана Балык жылдызы көрүнгөн. Ошондо гана кыргыздар жаңы жыл келди дешип, шаан-шөкөт менен, ат оюндары менен жаңы жылды тосуп, зор салтанат менен майрамдашкан. Негизинен эле жалпы жыл санак боюнча, Григорий календары, Кытайлардын жана башка календарлар боюнча дагы так эместиктер бар экендиги айтылып, талаш-тартышуу уланып келатат. Ошондуктан жыл, ай календарлары боюнча беш-алты жылда бир ирет тактоолор болуп, реформа жүргүзүлүп туруусу зарыл.

«Айтыш» коомунун төрагасы Садыр Шернияздын пикиринде, учурдагы жыл санакта дагы так эместиктер бар. Ошондуктан кыргыздардын байыртан бери жыл санагы болгонун жаштарга айтып, маданият, тарых катары баалай окуп, үйрөнүп таанып-билүү зарыл.

Ал эми көп жылдан бери кыргыздын жыл санагын изилдеп, тактап келаткан Асыкбек Оморовдун пикиринде ай, жыл аталыштары үчүнчү ирет өзгөрүп, өзүнүн байыркы маани-маңызын жоготуп койгон.
Учурда кеңири колдонулуп келаткан Григорий календарынын дагы так эместиктери бар экендиги, жыл сүрүү тартагында реформа кылуу зарылдыгы да адистер таратынан айтылып, кайчы пикирлер өкүм сүрүп жүрөт.

Кыргыз календары, ай-жыл аталыштары тууралуу да маалымат каражаттарында чагылдырылып, оош-кыйыштары коомчулукта кеңири талкууга алынса деген пикирлер да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG