Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

“Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүздүн жаңы саны Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын комузчулар тобунун мааракесине арналат. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында комузду, атактуу эл шайырларынын күүлөрүн оңдогон бейтааныш чет өлкөлүк угуучуларга тааныштырган, аткаруучулук чеберчиликтери менен таң калтырган, санжыралуу тарыхы бар Атай атындагы комузчулар тобунунун уюшулганына 70 жыл толууда.

Байыртан эле кыргыздын элдик шайырлары чертме комузду, какма темир, жыгач ооз комузду, тартма кыл кыякты, үйлөмө чоорду, сурнайды, урма доол, добулду жана башка элдик музыкалык аспаптарды жеке чертүү, кагуу, шарттуу үйлөп, уруп ойноо менен бирге ыр-обондорду, күүлөрдү да топтолушуп (ансамбилдешип) ойношкон. Бирок андай аткаруучулук, башкача айтканда эл шайырларынын арасында, чыгармачылыгында кеңири өнүгө алган эмес. Тек гана кыргыз жергесинде өткөн кылымдын 20-жылдарында аспаптарда ансамблдешип ойноо колго алынып, жандана баштайт. 1922-жылы Мураталы Күрөңкеев Каракол шаарында туңгуч комузчулардын тобун уюштурат. Ал эми 1929-жылы айылдык комузчулардын ансамбли тууралуу Москвадагы борбордук киностудия хроникалык даректүү тасма чыгарып, “Союз кино” журналына тартылат. Ошентип күн айга, ай жылга айланган сайын комузчулардын топтору да мекемелерде, окуу жайларында уюшула баштайт.

Кыргыз күүлөрүнө суктануу

1939-жыл. Москва. Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгү жүрүп жатты. Залкар шайыр Атай Огонбаев концертте он үч, он төрт курактагы шакирттери Секенбай Айманбетов, Бейшеналы Кулболдиев менен өзүнүн “Маш ботойун” черткенде колдорун ар түркүн абалда маштап чертип келип, анан “оппа” деген сүрөөнүн астында аспаптарын күүнүн жүрүшүн бузушпай ийиндерине алмак- салмак коюшуп, көргөндөр таң калгандай чеберчиликте чертишкен.
Кыргыз күүлөрүнө, обондоруна сүйүүм артып, кийин бутүндөй өмүрүмдү кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө арнадым.М. Раухвергер

Атайдын шакирттери менен черткен “Маш ботой” күүсүн өз көзү менен уккан москвалык композитор Михаил Раухвергер кийин эскерүү китебине: “Атай өзүнүн боз улан курактагы шакирттери менен” “Маш ботой” аттуу күүсүн бейтааныш угуучуларга тартуулап жатты. Алар колдорун аспаптарында угуп-көрүп отургандар не бир таң калышкандай ар түркүн абалда кубулта ойнотушуп, не бир татаал ыкмаларды, штрихтерди алыша аспаптарынын кылдарына жансала ээн эркин чертишти. Өмүрүмдө мындай чеберчиликтеги чертүүнү алгачкы жолу көрүп айран-таң калдым. Кыргыздын күүлөрүнө, обондоруна болгон сүйүүм артты, кийин бүтүндөй өмүрүмдү, бүтүндөй чыгармачылык тагдырымды кыргыздын профессионалдык музыкасынын өнүгүшүнө арнадым” деп жазган.

50-60 жылдары айтылуу Атай түбүн түптөп кеткен комузчулар ансамблин Огонбаевдин шакирти Бейшеналы Кулболдиев жетектейт. Топто Шекербек Шеркулов, Бектемир Эгинчиев, Турсун Карымшаков, Эстебес Турсуналиев жана башкалар иштешет. 1955-жылы комузчулар ансамбли алгачкы жолу казак, өзбек шайырлары менен Кытай Эл Республикасында гастролдо болот. Ал эми 1957- жылы ансамбль Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин VI фестивалынын лауреаттыгына, 1958-жылы Брюселде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө атайын медалга татыктуу болот.

Узак жылдар комузчулар ансамблинде иштеген, республиканын эмгек сиңирген артисти, комузчу, обончу маркум Бейшеке Жакдаров комузчулар ансамблинин черткен күүлөрүн чет өлкөлүк угуучулар кандай кабыл алышкандары жөнүндө “Ленинчил жаш” гезитине берген маегинде : “Мен Атай Огонбаев негиздеген комузчулар ансамблинде иштеп, кесиптештерим менен жети атам көрбөгөн Улан-Баторда, Брюсселде, Парижде, Монреалда жана шаарларда болдум. Бейтааныш угуучулар Атайдын “Маш ботойун”, Айдараалынын “Көйрөң күүсүн”, Токтогулдун “Чайкамасын” кол ойнотуп кооздоп чертишкенибизде ушунчалык суктануу, ушунчалык таңдануу менен мемиреп угушуп, качан гана тигил же бул күүнү чертип бүткөндө бей тааныш угуучулар тикелеринен тик турушуп, бизди сахнадан кетиришпей дүркүрөтө кол чаап, урматтап атышканда кыргыз комузун, күүлөрүн черткениме эң бир бактылуу экенмин деп кубанычтын кучагына батчумун”

1970-жылдан 1987-жылга чейин комузчулар ансамблинин кыл кыякчы, комузчу, республиканын эмгек сиңирген артисти Чалагыз Исабаев жетектейт. Ал Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринде комузду мыкты черткен, ырдаган, музыкалык билими бар жаштарды комузчулар ансамблине тартат. Алар бир эле мезгилде оркестрде да, комузчулар тобунда да иштешет. Чалагыз ансамблдин түбөлүктүү репертуарына айланып калган күүлөрдөн башка элдик “Саринжи-Бөкөй” баштаган Атайдын “Ак тамак, көк тамак”, Ыбырайдын “Паравоз”, Токтогулдун “Мырза кербез”, “Чоң кербез” аттуу күүлөрүн ансамблдин катышуучуларына үйрөтөт. Чалагыз топ үчүн Атайдын “Ой-булбулун” орустун “Камаринскаясын”, Кавказдыктардын “Лезгинкасынын”, обончу М. Алмакуновдун “Колхоз кечи” деген обондорунун негизинде атайын ансамбль үчүн “Жаштар кечеси” аттуу курама күүнү да иштеп чыгат.

Ансамблде Исабаев менен он жылдан ашык бирге иштешкен азыркы К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру, комузчу Сагынбек Акматалиев: “Мен Исабаев жетектеген комузчулар ансамблинде агай менен он жылдан ашык бирге иштештим. Агай өз ишин мыкты билген инсан эле. Ал комузчулар ансамблинин өздүк репертуарынын түп тамырынан бери жаңыртты. Комузчулар ансамблинин коштоосунда Атайдын “Ой-булбулун” жаштар кечесине ырдап да, чертип да чыктык. Көптөгөн чет өлкөлөрдө, атап айтканда Сирияда, Японияда, Канада, Францияда, Түркияда гастролдо болдук. Бейтааныш угуучулар абдан жакшы кабыл алышчу. Бир сөз менен айтканда ансамблдин атак-даңкынын чет өлкөлүктөргө таанытууга Чалагыз агайдын эмгеги өтө зор”.

Комузчулар тобунун эмки тагдыры кандай болот?
Атактуу ансамблибиз азыр гастрол эмес, концерттерге чыкпай калды. С. Акматалиев

Ал эми Сагынбек мырза “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей учурунда кыргыз комузунун атак-даңкын дүйнөлүк угуучуларга таанытып келген Атай атындагы комузчулар ансамблинин азыркы абалы жөнүндө мындай дейт: “Өзүңүз жакшы билгендей, комузчулар ансамбли эл аспаптар оркестринин алдына уюшулган. Ошондуктан, ансамблдин катышуучуларына өзүнчө айлык төлөнчү. Республикабыз эгемендүүлүккө чыккандан кийин акча жок деген шылтоо менен төлөнбөй калды. Ошентип атактуу ансамблибиз гастрол эмес, концерттерге чыкпай асманга илинип калды”.

70 жылдык бай тарыхы бар, Кыргызстандагы бүтүндөй комузчулар ансамблдеринин атасы, филармониянын куту болгон айтылуу ансамблдин акыркы жылда күндөн-күнгө үлпүлдөп өчүп, өлүп баратканына таң каласың. Балким жаңы жылдан баштап филармониянын жетекчилери жаңыча ойлонушуп ансамблдин тагдырын чечишээр...
XS
SM
MD
LG