Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

“Талант тагдыры” түрмөгүнүн бул жолку мейманы - кесиби боюнча агроном, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер ырчы, обончу Жамин Акималиев.

Жамин Акималиев Ак-Талаанын Үгүт айылында төрөлүп, эр жетет. Азыркы күндө ал кадырлуу карыя. Кесиби боюнча агроном, профессор, ондогон монографиялардын, жүздөгөн илимий макалалардын автору. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын, Орусиянын академиги, Республиканын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, бир нече жолу Республиканын Жогорку Кеңешине шайланган депутат, коомдук ишмер болсо да элдик жана улуу шайырлар Муса Баетовдун, Атай Огонбаевдин ырларын угуп өмүрүнө-өмүр, махабатына-махабат кошуп, ыракатка батып, өзү да ырдап, обон чыгарып, ыр толкунунда чабак уруп, асылдуулуктун сулуулугунда жашап келүүдө.

Жамин 50 жылдан бери республикада өткөн өздүк көркөм чыгармачылыктын кароолоруна, эл аралык фестивалдарга катышып, ар дайым жеңиштен-жеңишке жетишкен.
Жамин Акималиев комузчулар ансамбли менен Москвадагы чоң театрдын сахнасында, 1956-жыл

Жаминге ырчылык шыгыңдын жанышына ким себепчи болду эле деген собол узаттык.

- Менин ырчылык шыгымдын жанышына Муса Баетов себепкер болду. Мусакемдин туулган айылы Байкөнчөк, биздин айыл Үгүт. Экөө жап-жанаша жайгашкан. Бир кезде эки айыл бир колхоз да болуп турган. Менин атам ырга ынак, күү жандуу киши эле. Ал үйдөгү патефонду такай коюп, ыр, күүлөрдү такай угуучу. Атам Мусакемди өтө жакшы көрүүчү. Экөө жолдош, курдаш эле. Менин эсимде 1947-жылдын январ айында Мусакем кесиптештери менен Ак-Талаага келип концерт берди. Андан кийин биздин айылга токтоду. Кычыраган кышта январ айында Мусакем мектептин алдында ырдады.

Ошондо Мусакемди көзүм менен көрүп, ырдаганын өз кулагым менен угуп, “ушундай булбул үндүү ырчы болот экен” деп таң калдым. Кептин ачыгын айтсам, ырдап калышыма Мусакемдин таасири өтө күчтүү тийди десем болот. Концерт бүткөндөн кийин кечинде Мусакем кесиптештери менен биздин үйгө келишти, жылуу үйдө отуруп атам, ырга ынак апам Мусакемди таң атканча ырдатышты. Мен да алар менен Мусакемдин жанында отуруп кирпик какпай ырларын уктум. Бүгүнкү ырдалып жүргөн ырларынын баары аткарылды. Мусакем ошондо катып калган кара таш да ээригендей эргип, төгүлүп чачылып ырдады. Ошол күнкү үйдө отуруп Мусакемдин ырдаганындай тунук, мукамдуу үндү уга элекмин.

Чынында Мусакем кыргыздын накка булбулу эле. Көрсө, Мусакемдей, Атайдай шайырлар бир кылымда бир гана жаралат тура. Ошентип, Мусакемди көргөн, ырларын уккан күндөн ырчы болууну чечтим. Атам Мусакеме ичик жаап, “жакшы баргыла” деп узатты. Мен атамдын алдына Мусакемдей ырчы болом деп маселени кабыргасынан койдум. Ал кезде он эки жашта элем. Ата мен комуз үйрөнүшүм керек, комуз чаптырып бериңиз десем атам макул деп Тогуз-Торо тараптан бирөөнүн өрүк комузун алып келип берди. Кийин ал комузду көпкө чейин чертип жүрдүм.

- Кечиресиң, комузду кайдан үйрөндүң?

- Атам Мусакемдин шакирти ырчы Жумакадыр Айтбаевди үйгө чакырып келди. Агай комуз үйрөтө баштады, дээримде бар экен үч төрт күндө эле комузду үйрөнүп кеттим. Бассам-турсам бүгүнкү күнгө чейин Мусакемдин элеси турат. Комузду болсо Жумакадыр Айтбаев үйрөттү. Ошентип, ырчы болуп калдым. Мен өзүмө кубанганым Мусакемди Асек Жумабаев, Жумакадыр Айтбаев кайталап ырдашты. А мен ага барган жокмун. Мен өзүмдүн жолумду тапканга аракет кылдым.

- Сөзүң оозуңда, Мусакемдин ырдаган ырларынан өздүк репертуарыңда барбы?

- Эми Мусакемдин ырларынын баарын эле билем. Маселен “Ойгономун”, “Даанышманын”, “Сагынамын”, “Окудум борбор шаарынан” жана башка ырларын аткарам. Бирок мен Мусакемди ушунчалык сыйлап, урматтаймын. Ошондуктан, ал кишинин обондорун туура эмес ырдап бузуп алам деп ырдабай калдым. Мусакемден мен өрнөк алдым. Азыр да ырдагым келет. Бирок залкардын ырларын өзүндөй аткара албайм. Мен өзүмдүн ырларымды аткарып берсем. Мусакемдин ырларын ырдагандай болом.

- Жамин мырза ырчылык шыгыңдын отун жандырган Мусакем экен. 1961-жылдан баштап өзүңдүн “Жалжалым”, Асанбек Абдыласовдун “Жай түнү” аттуу жана башка ырларды калк алдында ырдап чыктың эле. Эми жашчылыгыңды эстеп алгачкылардан ырдап чыккан ырларыңдын бирин аткарып берсен.

- Калк алдында, эфир аркылуу ырдап чыккан ырым “Жалжалым” эле. Сөзү Аалы Токомбаевдики, обонун өзүм чыгаргам. Азыркы мезгилге чейин ар кыл курактагы ырчылар тарабынан комуздун, эл аспаптар, синфониялык оркестрдин коштоосунда ырдалып келе атат. Менин чыгармачылыгымдын туу чокусу “Жалжалым” болду окшойт. Анда азыр “Жалжалымды” ырдап берейин.

“Жалжалым”
(үзүндү)
сөзү: А.Токомбаевдики,
обону: Ж.Акималиевдики.

Ачылган гана ысык гүл көрсөм,
Окшотуп коем өзүңө.
Жанымдын жаркын сен белең,
Жалжалым көрүнгүм келет өзүңө.

Э-э-э-ээ и-и-и-и-и

Күттүрдүң гана мени гүл бактан,
Күүгүмдө келдиң сен анан.
Таалайдын таңы өңдөнүп,
Жалжалым жаралсаң керек мен үчүн.

Э-э-э-э- и-и-и-и-и

- Мына азыр “Жалжалым” аттуу ырыңдан үзүндү уктук. Рахмат. “Жалжалымдан” кийин обончу Асанбек Абдыласовдун “Жай түнү” аттуу ырын угуучуларга ырдап чыктың эле. Ошол ырдан да бир-эки шингил аткарып берсең?

-Ал кишинин көзүн көрүп калдым. Мен ырдап, радиого тасмага “Жай түнүн” жаздыргандан кийин Асакем радиодон жолугуп калып, абдан таң калып, эки колумду бекем кысып абдан ыраазы болгон эле. Ошондо Асакем менин “Жай түнү” аттуу обонумду сендей эч бир ырчы аткара элек”, -деп, айткан. Азыр аткарып берейин.

“Жай түнү”

сөзү: Б.Сарногоевдики,
обону: А.Абдыласовдуку.

Жай мезгил тыптынч айлана,
Асмандан калкып ай гана.
Айга окшоп мен да токойдо,
Кыдырып жүрдүм жай гана.

Ал жактан муздак жел келет,
Жалбырак-бутак термелет.
Жанаша өскөн кайың-тал,
Жаш бозой-селки өңдөнөт.

- Жамин мырза өзүң агроном, көрүнүктүү окмуштуу болсоң да обончулардын ырларын ырдоо, комуз чертүү менен бирге обон да чыгара коюп жүрөсүң. Өткөн жылы Кыргыз Улуттук теле радиосу уюштурган теле сынакка катышып, ырчы Гүлзат Батырканова менен кошулуп (дуеттешип) “Жалжалым”, “Ак кептерим” аттуу ырларыңды ырдап чоң сынакта үчүнчү орунга ээ болдуң. Сыйлыгың кут болсун!

“Аргымактын туягы арыбайт да, карыбайт да” дегендей Акималиев 74 жашка чыкса да оозунан ырын түшүрбөй табыйгат берген мукамдуу үнү менен угуучуларга ыракат тартуулап келүүдө. Төшү Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Манас ордендери, медалдар менен толсо да азыркы күнгө чейин элим өркүндөсүн, жерим гүлдөсүн деген ак тилек менен айыл чарбасынын өсүшү үчүн күн тынымын, түн уйкусун үч бөлө иштеп жаткан ырчы, обончу, комузчу, академик Акималиевге чың ден соолукту, албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.
XS
SM
MD
LG