Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Түрмөктүн жаңы саны Кыргызстандагы гитара мектебин негиздөөчүлөрдүн бири, таанымал гитарчы, музыка изилдөөчү, Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү, тубаса педагог, профессор, Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Даниал Назарматовдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына жана жаркын элесине арналат


Кыргыздын тунгуч гитарчысы

Дүйнө элдеринин шайырларына орток байыркы чертме музыкалык аспап - гитарда манжаларын жорго салдыра ойноп, черткен күүлөрү менен кумар кандырган, кыргыздын тунгуч гитарчысы, Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Даниал Назарматов тирүү болгондо үстүбүздөгү жылдын 4-февралында 70 жашка чыкмак. Ал болгону 67 гана жаш жашады. Бирок маркум аз жашаса да, артына өлбөй-өчпөй турган мурастарды калтырып кетти.

Даниал Москвадагы П.Чайковский атындагы Консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайдын атактуу дүйнөлүк ысымдагы гитарчы Иванов - Крамскойдун классын бүтүрөт. Ал алгачкы эмгек жолун Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан баштайт. Даниал гитара классында педагог болуп иштейт. Шыктуу улан-кыздарга гитара үйрөтөт. Бир эле мезгилде мугалимдик кесип менен бирге концерттик залда дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларынан байма-бай концерттерди бере баштайт.

2001-жыл, декабрь айы. Маркум Даниалга жолугуп кыргыздын классикалык обондорун, күүлөрүн гитарага күүлөштүрүп чертишине ким себепчи болду эле? –деп сураганымда ал мындайча жооп узатты.

- 1968-жылдан баштап Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында иштеп, гитарадан сабак бере баштадым. Күндөрдүн биринде ошол кездеги Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, Эл артисти Мукаш Абдыраевге жолугуп калдым. Ал жайыбызды сурашкандан кийин Мукаш: "Даниал иним, азыркы кыргыз жаштарынын гитарага кызыгуулары күн санап өсүп баратат. Аны өзүң көрүп да, сезип да жүрөсүң. Сен менин тилимди алсаң дүйнөлүк композиторлордун чыгармалары менен бирге кыргыздын классикалык обондорун, күүлөрүн гитра үчүн иштеп чыгып окуучуларга үйрөтсөң жакшы болот эле", – деди. Мен макул дедим. Алгачкы жолу атактуу Атай Огонбаевдин “Ой булбулун”, “Гүлүн”,”Күйдүм чогун” гитара үчүн иштеп чыктым, жакшы чыкты. Концерттерде черте баштадым. Угуучулар да саамалык катары жакшы кабыл алышты.

Даниал, Атайдын “Ой булбулун”, “Гүлүнүн”,”Күйдүм чогунун” обондорун гитарага салып чертүүдө алардын аваздык кайрыктарын уккандардын жүрөктөрүнө чок салгандай обондуулуктарынын, мукамдуулуктарынын түстөрүн өчүрбөй, түп нускадан алыстабай жогорку чеберчиликте иштеп чыкты. Ал турсун Назарматов Атайдын “Күйдүм чогун” гитарада чертүү менен бирге жалындаган жаштык дем менен жалбырттай жана күйүп-быша созолонто созуп да жиберүүчү.

Назарматов Кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси, директору, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын мүдүрү, 1990-95-жылдары легендарлуу Жогорку Кеңештин депутаты, Республиканын Маданият министри болуп иштөө менен бирге басса-турса, кайда барса да колунан гитарасын түшүрбөй улуу шайырлардын күүлөрүн, обондорун гитара үчүн иштеп чыгат. Алсак, Карамолдо Орозовдун “Көкөй-кестисин”, “Ибаратын”, “Жаш Кербезин”, Муратаалы Күрөңкеевдин “Кер-Өзөнүн”, Асанбек Кыдырназаровдун “Кыргыз көчүн” жана башка күүлөрдү. Даниал аталган күүлөрдү гитарага салууда күүлөрдөгү кайталангыс мукамдуу кайрыктардагы көп түстүү көркөм боекторду, эки аспаптын биринин обонун экинчиси толуктаганын кооздуктарды, мукамдуулуктарды өчүрбөй өткөрө чеберчиликте иштеп чыккан. Маселен кайрыктары муңканган муунга, зар каткан арманга жык толгон Карамолдонун “Көкөй-кеси” аттуу күүсүн укканыңда ченемсиз чечендигине. Күүнүн чеберчиликте салынганына Даниалдын шыгына таазим этесиң.

Көрүнүктүү гитарчы, таанымал маданий коомдук ишмер Назарматовдун о, дүйнөгө сапар алганына төрт жылдын жүзү болду. Бирок маркумдун иштеген иши, чертип кеткен күүлөрү, жаркын элеси замандаштарынын арасында күнү бүгүнкүдөй жашап келүүдө.

Даниал менен узак жылдар бою бирге иштешкен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын директору, профессор, эл артисти Тенти Мураталиев агайын мындайча эскерет:

- Даниал байке жөнүндө көп нерсени айтсак болот. Ал көп кырдуу талант, Кыргызстандагы гитара мектебинин негиз салуучусу эле. Москвада окуусун бүтүп келгенден кийин чыгармачылык эмгек жолун М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан баштады. Атайын гитара классын ачты. Андан кийин ордо калаадагы Б. Шубин атындагы музыкалык мектепте директордун орун басары болуп иштеди. Окуучуларга гитара классынан сабак берип жүрүп, кийин Жогорку Кеңешке депутат да болду. Маданият министри болгондо азыркы Улуттук Консерваториянын ачылышына чоң салымын кошту. Өкмөттүн жетекчилигине Консерваторияны ачуу жөнүндө өзүнүн оюн, консерваториянын керектигин айтып, ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаевге чогуу барып, токтомдун кабыл алынышына баарыбыз чуркаганбыз.

Даниал байке көп эле жакшы кызматтарда иштеди. Ал башкаларга окшоп ары карап үшкүрүп, бери карап чүчкүргөн жок. “Жетекчиликке жеткенде жээнин ала коет” дегендей жердештикке, тууганчылыкка, кыргызчылыкка барган жок. Бир сөз менен айтканда “Туура бийде, тууган жок” деп түз жүрүп, туура сүйлөгөн залкар инсандардын бири эле. Ал көрүнүктүү гитарчы катары кыргыздын классикалык обондорун, күүлөрүн гитара үчүн иштеп чыгып, экинчи өмүр берди десем жаңылышпайм. Алсак Карамолдонун ”Көкөй-кестисин” Асанбек Кыдырназаровдун “Кыргыз көчүнүн” мазмунун, көркөмдүүлүгүн, кайрыктарын бузбай гитарага салып, окуучуларына үйрөттү. Ондогон талантту гитарчыларды тарбиялады. Бизге, биздин жаштарыбызга чоң мурас калтырганы “Гитарада ойноо” аттуу китеби болду. Ошентип, агай өзүнүн көп жылдык тажырыйбасын муундан-муунга калтырып кетти. Ошол окуу китеби аркылуу өзүнө-өзү өчпөс, өлбөс эстеликти тургузуп кетти десек эч жаңылышпайбыз.

Ал башкаларга окшоп жогорку жетекчилик кызматка көтөрүлгөндө көпкөн жок. Кээ бирөөлөр көбөм, керек болсо асмандагы айды өбөм дебей туура сүйлөп, түз жүрдү. 1978-жылы кыргыздын ырчылары, музыканттары менен чет өлкөлөрдө гастрольдо болдук. Экөөбүз бир пультта отуруп ойнодук. Ал өзүнүн гитарасын жан дүйнөсү менен берилип ойночу. Ошентип ал кайсыл иште иштебесин колунан аспабын түшүрбөй чертип жүрдү. Консерватория ачылганда мен кафедра башчы болуп калдым. Өлөр өлгөнчө Даниал байке профессор болуп иштеп жүрдү. Ондогон жаш гитарчылардын сынактарын өткөрдү. Россияда жана башка өлкөлөрдө өткөн сынактардын, балдардын калыстар тобунун мүчөсү болуп жүрдү.

Даниал байкенин өзгөчө касиети бирөөгө жаманчылык кылбаган, бирөөгө жаман айтпаган терс кыялы жок түз жүргөн салмактуу, оор басырыктуу, акыл менен иш кылган чоң инсан эле. Ошентип, ажал деген ак болду, арабыздан Даниал байке жок болду. Анткени ажал улук экен, ага моюн сунуп кетти. “Дагы жашаса бомок арабызда калдайып караан болуп жүргөнү биз үчүн сыймык эле” – дейт, Тенти Мураталиев.

Маркум Назарматовдун элине бергенине бере элеги көп эле. Көрсө, өткөн өмүр качкан куш, өкүнсөң да кайр келбейт дейт тура. Ошондой болсо да күн артынан күн, ай артынан ай өтүп, жылдар жылып, айлардын барактарын барактаган сайын Назарматовдун гитара үчүн жазган китептери, иштеп чыккан обондору, күүлөрү калк жүрөгүндө жашап келүүдө.
XS
SM
MD
LG