Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев 85 жашта


Бишкектеги Улуттук китепканада белгилүү сынчы-адабиятчы жана прозаик Шаршенбек Үмөталиевдин 85 жылдыгына арналып, илимий эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Сынчы кезегинде Аалы Токомбаевдин, Алыкул Осмоновдун чыгармачылык бейнелерин ачып, Молдо Кылычтын чыгармаларын да изилдөөгө алган.

Сынчы-адабиятчы Шаршенбек Үмөталиевдин 85 жылдыгына арналып ачылган көргөзмөгө Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, маркумдун замандаштары, белгилүү окумуштуулар, акын-жазуучулар эскерип сүйлөштү.

Белгилүү акын Субайылда Абдыкадырова Шаршенбек Үмөталиевдин сынчылык тилинин өзгөчөлүгүн, көркөмдүгүн белгиледи:

- Мисалы, Алыкул Осмонов тууралуу китебин окуп көрсөңөр, башынан аягына чейин кызыгып окуйсуңар. Монография фактыларды келтирүү менен эле чектелбестен, чыгарма катары көркөм жазган. Алыкул Осмоновдун эстелигин койууну да уюштуруп, ишке ашырган. Алыкул Осмоновго, кыргыздын мыкты талантына абдан күйүп мамиле жасагандыктан, Шаршенбек Үмөталиевдин сын китеби өтө көркөм жаралган.

Шаршенбек Үмөталиев учурунда Москвадагы Горький атындагы дүйнөлүк Адабият институтунун аспирантурасын аяктаган. Кыргыз адабият илиминде Шаршенбек Үмөталиевдин “Алыкул Осмонов”, “Токтогул”, “Аалы Токомбаев”, “Чындык жана чыгарма”, “Реализм дүйнөсүндө” жана дагы башка эмгектери менен белгилүү.

Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин айтымында, Шаршенбек Үмөталиев кыргыздын көп пайдаланылбай бараткан сөздөрүнө өтө маани берген жана чыгармаларында аларды кеңири пайдаланган:

- Ал кишинин сөз бакканын, сөзгө баа бергенин өзгөчө белгилегим келет. Кээ бир кыргыздын сөздөрү “архаика” - эскирди делинип, колдонуудан чыгып калды. Ал эми бул киши мындай эскирип бараткан сөздөргө өтө чоң маани берген. Көркөм чыгармаларында да, публицистикаларында да архаикаларды пайдаланууга аркет кылчу.

Шаршенбек Үмөталиевдин Аалы Токомбаевдин “Белегим” аттуу ыр китебин сындаган учуру бар. Аны жыйында Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев мындайча эскерди:

- Аалы Токомбаев ал кезде абройу чоң киши. Шаршенбек Үмөталиев болсо бир кара бала. Анан ал "Баатырларды сындаса болобу? Аалы Токомбаев “Белегим” аттуу китебиндеги “Күзгү Чүй” аттуу ырында Чүйдөгү түтүн бурулдаткан зоотторду көрбөйт, Чүйдөгү Кант зоотун көрбөйт, анан эле Чүйдүн бактарын, сууларын жазат" деп сындайт. Мен ошондон кийин Аалы Токомбаев Шаршенбек Үмөталиевди бир каарына албаса деп ойлогом... Кийин Токомбаевге жолукканымда ушуну айтсам, Аалыкем мурутун жанып-жанып, “О, ал кара шумкар да” деген эле.

Шаршенбек Үмөталиев советтик түзүлүш окуп, изилдөөгө тыйуу салынган Молдо Кылычтын чыгармаларын да иликтөөгө алган.

Жакындарынын айтымында, Шаршенбек Үмөталиев 14 жыл төшөктө жатып калды. Катуу кармаган оор дартка да илимий эмгектерин жазып иштеп отуруп кабылган.

Шаршенбек Үмөталиев 1955-жылдан 1990-жылдарга чейин илимий изилдөөлөрдүн үстүндө иштөө менен жогорку окуу жайларында студенттерге билим да берди. Шаршенбек Үмөталиевдин студенттеринин бири, акын Бактыгүл Чотурова агайын төмөнкүчө эскерди:

- Ооба, ал киши лекция окуганда, биз абдан берилип угар элек. Шаршенбек агайдын сүйлөгөндө көпчүлүктү өзүнө тартып алар жөндөмү бар болчу. Сөзмөр адам эле.
XS
SM
MD
LG