Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

“Аралаштын азил тамаша” кечеси өтөт


Борончу Кудайбергенов
Борончу Кудайбергенов

Салтка айланган “Аралаштын азил тамаша” кечеси күлкү күйөрмандарына апта соңунда тартууланат.

Ар бир айдын алтысы, жетисинде өтүүчү концерттин өзгөчөлүгү бири-бирине окшошпогондугунда. Башкача айтканда, ар бир концерттин программасы жаңы болуп, ошол бир ай ичинде коомдо болуп өткөн ар кыл окуялар, жаңылыктар же болбосо маанилүү даталар сатира аркылуу көрүүчүлөгө тартууланат.

Бул жолку концерт 5-6-март күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Анда көрөрмандарга Борончу Кудайбергенов, Абдылда Иманкулов, Тынар Курбаналиев өңдүү белгилүү куудулдар көңүлдүү маанай тартуулашат.

Бул концерт 8-март айымдардын майрамын утурлап өтүп жаткандан кийин кечеде ойнолчу сатиралар да мына ушул темада болот. Тынар Курбаналиев билдиргендей кечеде буга чейин ойнолбогон жаңы сатиралар көп болот.

- 8-мартка карата “Сулуулар сынагы” деген сатира жазганбыз. Мына ушул сыяктуу жана саясат жаатындагы тамашаларыбыз бар.

Сатира ар кыл учурда жаралат. Абдылда Иманкуловдун айтуусунда, тамашалардын авторлору - көрүүчүлөр. Ал эми куудулдар коомдогу көрүнүштөрдү сатиранын тили менен айтып чыгышат.

- Сатираларды меники же тигиники деп айтыш кыйын. Себеби кимдир бирөө бир идея айтышы мүмкүн. Ошону биз бардыгыбыз бир кабинетте олтуруп алып эле иштейбиз. Мисалы, өткөн концертте койлорго паспорт берүү тууралуу сатира алып чыктык. Себеби өкмөттө койлорго паспорт берүү тууралуу айтылбадыбы.

Концерттин жүрүшүндө бири эле куудулдар тамаша тартуулабастан, улуу, орто муундагы эл сүйгөн обончу, аткаруучулар да катышат. Салтка айлангандай эле "Аралаштын" ар бир концерти ЭлТР каналы аркылуу жалпы журтка көрсөтүлүп турат. Ошондой эле куудулдар ушул программасы менен өлкөнүн тоолуу аймактарын кыдырууну көздөшүүдө.

Нооруз майрамына карата “Аралаштан азил тамаша” кечеси Ош жергесинде өтөт.
XS
SM
MD
LG