Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Калпак - кыргыздардын кийимдеринин эң ыйыгы. Бирок калпакты чет өлкөлүктөргө, бейтааныш меймандарга кийгизүү адатка айланып баратат.

Калпакты байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына, салтына бекем байланат. Бирок мындай сезимдерге айрым жаштар маани бербей жүрүшкөн сыяктанат.

Бишкектик студент Нурлан Алымбековдун пикиринде улуу муундун өкүлдөрү калпактын ыңгайлуулуктарын жана касиеттерин жаштарга айтпагандыктан көп кийилбей жүрөт.

Жазуучу Асыкбек Оморовдун айтымында, калпакты кийгендердин жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бир нече түргө бөлүнүп, айырмаланып келет. Ошону менен эле бирге улуу Ала-Тоо тоолоруна да окшоп кетет.

- Төбөсү жапыз, айланасы туюк, кыйуусу кара калпакты жалпы кыргыз эр-азаматтары кийген. Төбөсү бир аз бийик калпакты эл башкарган мырзалар кийип, алар айырмаланып турушкан. Ал эми төбөсү бийик “Бакай калпак” аталгандарды эл-журтка сыймык болгон дубанга таанылган аксакалдар гана кийип жүрүшкөн. Маңдайы тилик калпакты жеткинчек, өспүрүм балдар кийген. Мурдакы качкын президентибиз жаш балдар кийчү маңдай тилик калпакты кийүүнү модага айлантып, өзү да келген расмий меймандарга калпак кийгизип, кадырын-баркын кетирди. Ал тоолор кутмандуу кыргыз элинин мекени болгондуктан анын жергиликтүү тургундары ыйык тутуп, калпакты символ кылышкан. Мындай көк мелжиген улуу тоолор жана ал тоолордо боз үй тигип жашаган чыйрак элдин маданияты, үрп-адаты сырттан келген конокторду кызыктырбай койбойт.

Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары Сабыржан Мамбетовдун пикиринде кыргыз калпагы менен чепкенин каалаган, каалабагандын баарына кийгизип, анын наркы менен баркы кетип бүттү.

- Элибиз баш кийимди өзгөчө аздектечү эмес беле. Андай болгон соң барктап кийим катары кийбеген, тепсендиге таштап салчу бөтөн элге калпакты кор кылып, аларга зордоп кийгизүүнүн зарылдыгы жок го. Мындай улуттук буюмду башкага кийгизбей, өзүбүз кийгенди качан үйрөнөбүз?! Адамды адам кылган анын башын ысыкта күндөн, суукта нымдан сактаган, кылым карыткан кыргыз калпагын сыймыктана кийгенди балдарыбызга үйрөтпөйбүзбү.

Бишкектик Гүлазира аттуу айымдын пикиринде кыргыз калпагы жашоо тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим.

- Кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгардан коргогон жылуу, жеңил баш кийим. Калпактын актыгы анын аруулугун, актыгын, тазалыгына символдоштуруу менен акылдын тунуктугун сездирет.

Калпакты иликтеген айрымдардын пикиринде кыргыздар уул-баласы балагатка жеткенге чейин, ага кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Мында болсо бала жаңыдан жаздын илебине багынган табияттын символун алып турат. Качан бала балагат жашына келгенде, анын ордун кыюусу кызыл менен бастырылган калпак алмаштырган. Тактап айтканда, кызыл кыюулуу калпак аркылуу айыл эли толугу менен күйөө баланы тандап алуу укугуна ээ болушкан.

Ал эми жигит үйлөнгөндөн кийин кыз тарап «күйөө баштык» даярдап келип, ошол баштыктын ичине сала келишип, ага кыюусу кара болгон калпак кийгизишкен. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, анын турмушу ак-карасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн сырттан башкаларга сездирип турган.

Эгер ал адамдын өз айылынын алдында же өз уруусунун ичинде кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда туугандары, уруулаштары ал кишиге эч кандай башка түсү болбогон аппак калпак кийгизишкен.

Ошол калпагынын актыгына карап аны төрдү көздөй өткөрүп жиберишкен.

Экинчиден, мындай калпакты акка моюн сунган, калыстыгынан жазбаган адамдарга да кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ал эми уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турган. Алардын эл алдында даражасын көтөрө билген, азыр биз «Бакай калпак» деп атаган калпакты, балким, формасы башкача болсо да, бийиктиги алыстан көрүнгөн, төбөсү шуңшуюп турган, бастырылбаган калпакты кийишкен.

Кыргыз элинде калпак жөнүндөгү элдик макалдар арбын кезигет. Мисалы, “Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт”, “Калпакты жерге койбо”, "Калпагыңды жоготсоң башыңды жоготосуң", "Калпагыңды сатсаң акылыңды сатасың" жана башка ушул сыяктуу макалдар айтылып жүрөт.

Ошондой эле бабалар "калпакчан жүрсөң оорубайсың", "калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет", "түңкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун" деп эскертип келишкен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG