Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Жаңырган аптанын маданий окуялары


6-7-апрелде Бишкекте салтка айланган “Аралаштын азил тамаша кечеси” өтөт. Ага Абдылда Иманкулов баштаган бир катар куудулдар катышат. Салтка айлангандай эле бул кечеде жаңы сатиралар тартууланаарын куудул Тынар Курбаналиев кабарлады.

9-апрелден тарта 11-апрелге чейин Бишкекте 5-эл аралык джаз фестивалы өтөт. Бул жолку фестиваль “Чыгыш шаарынын музыкасы” деген темада болмокчу. Уюштуруучулардын бири Ольга Ниязалиева билдиргендей бул иш-чарага 9 өлкөдөн музыканттар келишет.

Фестивалга 9 өлкөдөн 13 джаз топтору катышат. Алардын катарында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Франция, Австрия жана башка өлкөлөр бар. Ал эми Кыргызстандан 4 джаз тобунун музыканттары катышат.

Кыргыз улуттук опера жана балет театрында бул аптада Людвиг Минкустун “Дон кихот” балети жана эл артисти Кыдырбек Чодроновдун 90 жылдыгына карата “Айчүрөк” операсы тартууланат. Ал эми Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында С. Раевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Арбактын таажысы” спектакли коюлат. Үч бөлүктөн турган оюнда бийлик, сүйүү, өлүм темасы чагылдырылат. Бул чыгарма буга чейин бир катар кыргыз театрларында коюлган. Султан Раев билдиргендей спектаклде адамгерчилик бардыгынан бийик болуш керек деген ой айтылат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде ушул күндөрү дайым туруучу экспозициялар менен катар музейдин фондунда сакталган, белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Бул туурасында музей жетекчиси Үрүстөмбек Шыгаев кабарлады.

М галереясында өтүп жаткан сүрөтчү Сансызбек Мирзираимовдун жеке көргөзмөсү бул жумада да уланат. “Менин эскерүүлөрүмдүн мелодиясы” деген аталыштагы бул көргөзмөгө сүрөтчү 30дан ашуун живопистик иштерин койгон.

XS
SM
MD
LG