Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

2-апрелде Баласагын атындагы Улуттук университетте акын Жолон Мамытовдун 70 жылдыгына арналган илимий жыйын болду. Жыйында акындын эстелигин Бишкектеги “Сүйүү” гүлбагына орнотуу сунушу көтөрүлдү.

Улуттук университеттин филология факультетинде акын, Кыргызстан Ленин комсомолу, Токтогул мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты маркум Жолон Мамытовдун 70 жылдыгына арналган жыйында окумуштуулар, маданият ишмерлери акындын чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрү тууралуу илимий докладдар менен чыгып сөз сүйлөштү.

Жолон Мамытов 1988-жылы 48 жашында катуу оорудан каза болгон. Акын каза болгондон берки жылдарда Жолон Мамытовдун жубайы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана жазуучу Меңди Мамазаирова акынды жоктогон бир топ ырларды жазып, “Кайгыдан тургуздум сага эстелик” аттуу жыйнагын чыгарды.

Мага эртелеп сен буйрубай калгандай,

Мен да сага буйрубапмын түбөлүк.

Жалгыз кал деп, Кудай каргап салгандай,

Сенсиз күнүм, бир тирилип, бир өлүп,

Келатамын кайгы менен муң-зардын,

Арасынан сууруп чыгып жанымды.

Күйүп-күйүп, күйүт ырын көп жаздым,

Ырым менен дарылайм деп кайгымды.

Эл дүрбөгөн шооктордо, майрамда,

Эчен ирет шордоп турду бул жаным,

Эм болбоду дос сөзү да андайда,

Өксүп-өксүп, өксүгөндөн ыйладым...

Жолон Мамытовдун 1969-жылы алгачкы “Отту сүйөм” китеби, андан кийин “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Жарышкан суулар”, “Суунун өмүрү”, “Жүз жашка тол, кылым” жыйнактары жарык көргөн. Акындын балдар үчүн жазылган да бир топ китептери басылып чыккан. Айрым чыгармаларынын негизинде аннимациялык тасмалар тартылган. Ырлары бир канча тилдерге которулган.

Жолон Мамытовдун калемдеш жолдошу, белгилүү жазуучу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мелис Абакиров акындын поэзиясынын өзгөчөлүгүн белгилеп, согуш темасында жазылган “Кырманда” аттуу ырынан мисал тартты:

- Жолон кандайдыр бир сыйкырдуу касиетке ээ акын болчу. Ал ыр окуганда залдагы элдин баары арбалып, ырынын сыйкырына тартылып калар эле.

Жолондун “Кырманда” деген ырынан үзүндү:

Кырман десе, кырк үчүнчү жылдын күзү элестейт,

Ортосунда жалгыз мылтык, эки караан – абышка,

Тегеренип жүрүшөт, топудай үймөк буудайды,

Чакырышты алар мени жанына,

“Ырдап берчи, уулум”- дешет, дирилдеген үн менен...

Ата, качан келесиң деп ырдаймын,

Мени качан өбөсүң деп ырдаймын,

Ата, сени сагындым деп, ырдаймын,

Мени жетим калтырба деп ырдаймын,

Поезд менен келип кал деп, ырдаймын,

“Тып-тып” этип жаштар тамат,

чылпактаган көздөрүнөн чалдардын...

Жубайлар Жолон Мамытов менен Меңди Мамазаирова Ош облусунун Кара-Суу районундагы кошуна турган эки айылда туулуп бой жетишкен. Алардын махабаты ошол окуучулук кездерден башталып, кийин чыгармачылыктын түйшүгү менен ырахатын артынган тагдырга алып келип кошту.

Меңди Мамазаирова ал кезди мындайча эскерди:

- Жолон экөөбүз кошуна эки айылданбыз. Балалык кезден көрүшүп чоңойдук. 8-класста окуп жүргөн чагымда Жолондон кат алдым. Ал кезде Фрунзеде Айыл-чарба институтунда окучу. Анын ошол мен сегизинчи класста алган биринчи каты акыры бизди баш коштурду. Жолондун үй-бүлөсү биздин үйлөнүшүбүзгө каршы да болду. Бирок биз сүйүүбүздөн баш тарталбадык. Төрт балалуу болдук. Тагдырдын түйшүгүн ушинтип Жолонсуз көтөрүп келатам.

XS
SM
MD
LG