Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

"Калем": "Жоомарттыктан айрылган атка минер хан болот"


Алтынбек Исмаилов
Алтынбек Исмаилов

Жаш акын Алтынбек Исмаиловдун “Cүйүүнүн султаны - Юнус Эмре” аттуу котормодон турган китеби кайрадан басылып чыкты.

Ошондой эле жаш акын жана котормочу А. Исмаиловдун дагы бир котормолор жыйнагы жарыкка чыгаар алдында турат. Буга чейин ал түрк акыны Юнус Эмренин ырларын которгон болсо, учурда Мевлана Желаледдин Руминин ырларын даярдап жатат. Биз ага котормого башланыштуу төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылган элек.


- Күчтүү котормочу болуш үчүн эмне керек?

- Илимий китептерди илимпоз которуш керек дегендей эле, акындардын китептердин сөзсүз акындар которуу зарыл. Себеби акындын тилин акын гана толук түшүнүп, анын түпкүрдөгү сырын ачып бере алат. Анан албетте, котормочу болуудан мурун өз эне тилиңди жана которо турган чет тилин дагы өз эне тилиңен кем эмес билишиң керек.

- Котормо сага эмне берди, акындыктан айырмасы?

- Мен котормону килемге салыштырат элем. Мисалы котормо начар болсо ал тескерисинен оодарылып калган эле килемге түспөлдөш болуп калат. Ал эми чебер котормочу ошол килемди жибин-жип кылып ыдыратып, ар бир боёгун аралаштырбай бөлүп, кайра анын түп нускасын сактап туруп токуп чыгат. Ошондо гана чыныгы котормо ийине чыкты деп айтууга болот. Ошол сыңарындай, мен дагы акындыктын астанасын жаңы аттап жаткан жаш чыгармачыл адам катары ушул чебер котормонун жашыруун сырларын өздөштүрүп, ар бир которуп жаткан ырымды жүрөгүмөн өткөрүп чыгууну үйрөнүп жатам десем болот.

ЮНУС ЭМРЕ
(1238-1321)

Акыр заман

Ай адамзат, кыямат кантип болот дегиң бар,
Аз кездешет мусулман, аларга да шегим бар.

Даанышмандар бузулуп, туура жолго түшүрбөйт,
Дербиштердин айтканын эл тыңшабайт, түшүнбөйт.

Жоомарттыктан айрылган атка минер хан болот,
Жегендери арам эт, а ичкени кан болот!

Жаман жолго баскандар арам менен чулгашат,
Жерден тажаал чыкканда жапа тырмак чуркашат.

Бир-бирине көз арткан элде дөөлөт жыйналат,
Бирок алар кыямат болгон кезде кыйналат.

Акын Юнус, андыктан сүйүү сага жар болот,
А сүйгөнүң Жараткан, өзөгүңө жан болот!

Кыяматты унуттуң

Даяр ашка көндүрүп, тулку-бойду куруттуң,
Дүнүйө-мүлккө сыйынып, кыяматты унуттуң!

Ажал адам баласын топуракка ээ кылат,
Акыр турпак болгон соң, ал дүнүйөнү не кылат?

Акылы жок пенделер дубал, сарай салышат,
Алар бир күн ыдырап, тегиз кулап калышат.

Ачкан курсак кампаят, иштеп колду жоорутсаң,
Ажылыгың татыбайт көңүлдөрдү оорутсаң!

Кереметим укмуш деп мактангандар түгөнбөйт,
Керемети бар инсан өз напсисин жүгөндөйт!

Анык напсин тыйгандар туура жолго жөнөгөн,
Андайларды Мухаммед о дүйнөдө жөлөгөн.

Көрсөтпөсө Жараткан өзү сага жардамын,
Куткаралбайт мейли миң пайгамбарды жалдагын!

Чындык үчүн чыркырап, Юнус кыркыл, кыйылгын,
Чын дербишмин деп жүрсөң, Жаратканга сыйынгын!

Сүйөм сени

Жолуң тандап, акыйкатты жалаткан,
Жандан артык сүйөм сени Жараткан!

Мен өзүмдө эмесминби, шегим бар,
Менден башка өзөгүмдө "меним” бар!

Бардык жерде барсың, Эгем. Билгизем,
Бирок кантип өзөгүмө киргизем?

Кайда кеткен "өзүмдү” мен көрбөймүн,
Кийим кийип жүргөн менен көңдөймүн!

Кээси тинтсе Жараткандын "дарегин”,
Кай бирлери издейт анын "данегин”!

Кимге эгем жактан келсе шоолалар,
Күндөй күйгөн демек анда шоола бар.

Сүрүп менди өзөгүмдөн чыгарган,
Сенин сүйүүң дартка дабаа шыбалган!

Керек болсо, дин жобосун сыйырам,
Кудайга мен андан күчтүү сыйынам!


МЕВЛАНА ЖЕЛАЛЕДДИН РУМИ
(1207 - 1273)

Арзуу жана азаттык

Азат жаша, жаның кымбат алтындан,
Ач көздөрдү асат байлык алкымдан!

Эгер көлдөн кумурага куйса агым,
Эки ууртам суу толтурат курсагын.

Көз жүгүртүп чексиздикке узактан,
Куткар жанды кара ниет тузактан!

Тыткан болсо сүйүү кимдин күрмөсүн,
Таза деп бил, демек анын дүйнөсүн!

Ким жашаса махабатка карап суз,
Куш сыяктуу учалбайт ал канатсыз!

Анык сүйүү – Жаратканга жанашуу,
А калганы уруш-жаңжал, талашуу!

Көңүл – күзгү, көз уялткан бетинен,
Көрсөң болот көп нерсени четинен.

Каптап бирок канча жылдык “кара чаң”,
Кирдеп турат күзгүңдү сен карасаң!

Тазаланса эгер күзгү чаңынан,
Туш тарапка нур чачырайт жаныңан!
XS
SM
MD
LG