Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Экологияны коргоо жана токой чарба агенттигинин жеткечисинин милдетин аткаруучу Топчубек Тургуналиев Конституциянын жаңы долбооруна өлкө жарандары милдеттүү түрдө үч: кыргыз, орус, англис тилдерин билиши керек деп белгиленүүсүн сунуштоодо.

- Топчубек мырза, тилдин ордун Конституцияда кандай белгилесе болот?

- Кыргыз тилине 1989-жылы али комунисттер башкарып атканда мамлекеттик тил деген макам берилген. Бирок андан бери 21 жыл өттү ушул күнгө чейин кыргыз тили чындап мамлекеттик тилге айлана элек. Мамлекеттик тилди биринчи орунга чыгырышыбыз керек . Мамлекеттик кагаздар, ишканалар, жетекчилер өзүбүз орусча сүйлөп өзүбүз күнөөлүбүз. Ошондуктан биз өзүнүн жол-жобосу менен бардык мамлекеттик органдардын иш кагаздары мамлекеттик тилге өтөт деген чечим чыгарыш керек. Мурда мындай чечим эчен жолу кабыл алынып, аткарылбай калган. Экинчиси, менин оюмча мектептерден жогорку окуу жайларга чейин кыргызстандыктар үч тилди сөзсүз үйрөнүш керек деп жазышыбыз керек. Мамлекеттик кыргыз тили биринчи орунда, англис тили анан орус тили. Орустарга жана башкаларга шарт түзүп, курстарды ачып чындап окутуп аракет кылышыбыз керек ызы-чуу чыгарбастан.

- Сиз дагы бир органды жетектеп турган адам катары кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн кандай иштерди жасап жатасыз же жасайсыз?

- Биз ушул күнгө чейин тарыхый байлыктарды талкалап гана келгенбиз, мындан кийин жалаң эле биздин мекеменин деңгээлинде эле эмес бүтүндөй мамлекеттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана башка мамлекеттик уюмдардын деңгээлиндеги жаңы саясатты түптөшүбүз керек. Кыргыздар деле көпчүлүгү кыргызчаны жакшы билсе дагы, билбесе дагы орусча жазып жүрөт. Иштегениме мына эки жумача болду көпчүлүгү кыргызча жаза баштады. Начар билген же таптакыр билбей калган "киргиздер", орустар жана башка улуттун өкүлдөрүнө биз эртең эле сөзсүз түрдө сен кыргызча жазасың, кыргызча сүйлөйсүң деп айта албайбыз. Аларга курстарды ачабыз, кыргыздын бир дагы сөзүн билбеген, кыргыздын дилине көңүл бурбагандар гана мени улутчул деп чыкты. Алар айта берсин, кыйкыра берсин. Кыргыз тилин, дилин, маданиятын сөзсүз өздөштүрүшүбүз керек. Орус тилин биз улагага чыгарып койбойбуз, себеби дегенде орус тили дүйнөлүк тилдердин бири, орус маданиятында көпчүлүгүбүз тарбияланганбыз. Ошондуктан бул болбогон эле нерсе.

- Орус тилдүү мыкты кадрлар бар да, ошол эле орус тилдүү жарандардын укуктары мыйзам боюнча тепселип калбайбы?

- Бул эң бир татаал маселелердин бири. Бир жагынан алардын акылын, алардын билимин, тажырыйбасын мамлекет сөзсүз пайдаланыш керек. Сен кыргыз тилди билбейсиң деп эле аларды четке чыгарып койбошубуз керек. Бирок биз айтышыбыз керек орус, англис тилин укмуш билет экенсиң, анан өзүң кыргыз болуп туруп эмне үчүн кыргызча билбейсиң деп курстарга окутуш керек. Аз аздан алар үйрөнүп кетет кулагында эле турат, канында бар тили, дили. Кыргызбыз да. Ошондуктан кыргыздын "киргиздери" кайрадан толугу менен кыргыз болуш оңой эле. Ага өзүнүн каалоосу керек.

- Ушул маселе улуттар аралык мамилеге доо кетириши мүмкүнбү?

- Жок, эч кимисине доо кетирбейт, себеби дегенде биз азыр эле кыргызча билбесең кызматтан алабыз деп айткан жерибиз жок, ары жакка түртүп койгон жерибиз жок. Ал түгүл Кыргызстанда 80ге жакын улут өкүлдөрү бар деп жүрөбүз. Кыргызстанда бир эле улут бар ал кыргыз улуту, кыргыз мамлекетин түптөгөн бул өзү түпкүлүктүү эл. Өзбек тили дагы расмий тил болушун каалагандарга, же расмий тил болсун дегендердин бардыгына акырын айтып түшүндүрүшүбүз керек. Түштүктөн өзбек туугандарыбыз кыргыз телекөрсөтүүлөрүн эмес Өзбекстандыкын көрөт. Мен жакшы билем, бизде өзбек мектептери, гезит, радиосу бар. 1990-жылкы кандуу окуялар Ош, Өзгөн, Жалал-Абадда ушундан чыккан. Аларды туура түшүндүрүш керек.

Улуттук маселелерде идеологияны бир эле сүйлөмгө батырса болот. Бул кыргыз улуту түптөгөн мамлекет, ошону башка улуттар билип жүрсүн. Ал эми башка улуттун өкүлдөрү, топтору эгерде кыргыз улутун сыйлап, автономия талап кылбай, анан тилибиз тигиндей болсун, мындай болсун деп аша чаап кетпестен кыргыз улуту менен кошо Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айландырам деп эриш-аркак боло турган болсо анда ал айкөл улут, асырап алат, кыргыз чертип да койбойт аларды .

- Ушул маселелерди мурдатан эле мамлекеттик тил комиссиясы жөндөп, көтөрүп келген да. Азыр мамлекеттик тил комиссиясынын орду, макамы кандай болушу керек?

- Мамлекеттик тил комиссиясы - албетте орточул болуп, мамлекеттик идеология саясатын жүргүзө турган бирден бир комиссия. Ал комиссиянын колунан эмне келмек эле, эмне келди. Өзгөчө Аскар Акаев, мурдагы жылы Курманбек Бакиев Кытайга барып ошол жерден орусча сүйлөп атат. Эмне үчүн ошол протоколду өзү кармабайт. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев барып казак тилинде сүйлөдү. Жалаң гана кыргыз тили боюнча комиссияга жүктөп коюу болбойт. Бул мамлекеттик чоң саясат болуш керек. Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент, сот демек бүт мамлекеттик органдарга тегиз жайылганда гана кыргыз тили өнүгөт, өсөт.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG