Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

“Табияттын сулуулугу” аттуу көргөзмө ачылды


Анда 19 чебердин жаныбарлардын элестери түшүрүлгөн эмгектери коюлган.

Көргөзмөгө келген көрүүчүлөр ар кыл жаныбарлардын элестери түшүрүлгөн 80ден ашуун эмгекти көрө алышат. Чуйков музейинин жетекчиси Марина Закревскаянын айтуусунда, ал иштер кол өнөрчүлүктүн ар кыл багытында жасалган.

-Бул жерде көбүнчө сайма иштер бар. Кээ бир чеберлер терини иштетип, эмгек жаратышкан. Ошондой эле ачытылган камырдан жасалган ар түрдүү айбанаттардын сүрөттөрү жана табияттын өзгөчөлүктөрү чагылдырылган эмгектер.

Көпчүлүк чеберлер менен катар Мадина Хусаинова да бул көргөзмөгө иштерин койгон. Саймы саюу Мадина айымдын сүйгөн иши болгондуктан, көпчүлүк убактысын ошого бөлөт. Ал эмгектеринде үй жаныбарларынын элестерин түшүргөн.

- Кол өнөрчүлүк менен мен 5 жылдан бери алектенип келем. Бош убактымды дээрлик сайма саюу менен өткөрөм. Андыктан музейдеги көргөзмөгө жыл сайын катышып турам.

Мындай көргөзмө Чуйков музейинде салтка айланган иш-чара. Жылда чебер айымдардын биргелешкен көргөзмөсүн уюштурат. Бирок буга чейин темасы жалаң жаз майрамына карата болсо, быйыл биринчи ирет жаныбарлар дүйнөсүнө кайрылышкан. Ал эми көрүүчүлөр үчүн бул жаңылык экенин айтат көргөзмөгө келген Татияна Триногина:

- Бул жерде коюлган эмгектердин көбү сайма иштери экен. Аларды алыстан караганда май боектор менен тартылган экен деп ойлойсуң. Жакын келип карасаң өтө майда сайылган сайма экенин көрөсүң.

Бул көргөзмөгө музей жамааты мектеп окуучуларын чакырышкан. Себеби кол өнөрчүлүк менен алектенген окуучуларга бул иш-чара жакшы таасирлерин берет деген пикирде музей жетекчиси Марина Закревская:

- Мектеп окуучуларына көбүрөөк көрсөтүүгө аракеттенебиз. Анткени алар өз колдору менен эле мына ушундай кооз буюмдарды жасап алса болоорун түшүнсө дейбиз. Анын үстүнө азыр көпчүлүк мектептерде кол эмгек сабактары өтпөй калбадыбы.

Бул иштерди жасоого кеминде бир эки ай, айрымдар эмгектер жарым жылда бүтөт. Чебер Мадина Хусаинованын айтуусунда, эгерде ал иштерди сатчу болсоң, арзан баалангандыктан эмгегиң акталбайт.

- Биздеги негизги маселе Бишкекте сайма сайганга керектүү жакшы жиптер жок. Мен көбүнчө Орусиядагы тааныштарымдан алдыртам. Болжол менен бир эмгекке 2 миң сомдун тегерегинде жип сатып аласың, ал эми сатып алуучулар болсо бир ишиңди 500, 600 сомго эле сурашат.

“Табияттын сулуулугу” аттуу көргөзмө жума соңуна чейин созулат. Андан соң балдар жараткан сүрөттөр көрүүчүлөрдүн сынына коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG