Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Даниэл: "Келечекте тасмага тартылууну каалайм"


Жаш ырчы Даниэл “Азаттык+” уктуруусунун коногу болуп чыгармачылык жашоосунда болуп жаткан акыркы жаңылыктары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө келечекте тасмага тартылууну максат кылып жаткандыгын белгиледи.

"Азаттык:" - Азыркы тапта көпчүлүккө жаккан чыгарма “ Карагат көздөр” аттуу ырыңдын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсең.

Даниэл: - Сөзү жана обону менин сахналаш досум Нурлан Насипке таандык. Ырды биринчи эле укканда абдан жаккан. Азыр бул ырга клип тартып жатам. Анда негизги каармандын образын өзүм аткардым. Ал эми кыздын образы чоң көз айнек тагынган, жоош кыз. Бирок көздөрү абдан татынакай болот. Мен аны сүйүп калган болом.

1-угарман: - Ырчылыктан да башка кесибиң барбы? Кыздарда кайсы сапатты баалайсың жана качан үйлөнөсүң?

Даниэл:
- Келечекте бажы кызматкери болом. Акылдуу, сулуу, чачы узун, түшүнүктүү жана көздөрү кара кыздар жагат. Азыр үйлөнөйүн деген оюм жок.

"Азаттык": - Эстен кеткис, унутулгус учурларың барбы?

Даниэл:
- Эң биринчи жолу чоң сахнага чыкканым эстен кетпейт.

2-угарман: - Патриотсуңбу? Патриот болсоң кантип далилдейсиң?

Даниэл: - Ырларым менен далилдей алам. Ар бир аткарган чыгарманы чын жүрөгүмдөн ырдайм. Буйруса, алдыда Кыргызстан тууралуу ырларды жаратам.

3-угарман: - Алдыга койгон ой-максаттарыңыз кандай?

Даниэл: - Апамды Меккеге алып баруу. Көптөн бери ойлонуп жүрөм бул туурасында.

"Азаттык": - Көптөгөн ырчылар өздөрүн тасмаларда да сынап жүрүшөт. Сенде бул туурасында ойлор барбы?

Даниэл: - Киного тартылууга бала кезимен бери кызыгып келем. Өзүм комедия жанрындагы тасмаларга кызыгам. Сунуш болсо жок дебейт элем.

4-угарман: - Качан концерт бересиз жана эсиңизде калган белектериңиз тууралуу айтып берсеңиз.

Даниэл: -
Жакында жакшы даярдыктар менен берем. Башка концерттерге окшошпогон, өзгөчө концерт берүүнү пландап жүрөм. Ал эми белектер тууралуу айтсам, алган белектердин баары мен үчүн кымбат.

5-угарман: -
Шоу-бизнеске кандай көз караштасыз?

Даниэл: - Жакшы көз караштамын. Анткени өзүм эмгектенип жүрөм. Бирок ар кандай. Айрымдары акчанын күчү менен ырдап жүрсө, кээ бирлери таланты менен таанымал. Мен ойлойм, чыныгы ырчы чыгармачылыкка жеңил карабашы керек, ар бир ырын чын дили менен аткарышы керек.

6-угарман: - Сахнадан аябай жоош көрүнөсүз. Өзүңүз жашоодо кандайсыз?

Даниэл: - Жакшы суроо. Кичине кезимен эле тентекмин. Өзгөчө кыздарга тийишкенди жакшы корөм. Мектепте окуп жүргөндө бир кызды сууга түртүп жиберем деп өзүм кулап кеткем. Мындай учурлар көп эле болот.

Ырчы Даниэл тасмага тартылууну каалайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00
XS
SM
MD
LG