Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Токтогул музейинде көргөзмөлөр өтүп жатат


Ушул күндөрү Токтогул музейинде эки көргөзмө отүп жатат. Биринчиси окумуштуу, филолог, котормочу Тазабек Саманчиндин өмүр-чыгармачылык жолун чагылдырган, экинчиси залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине карата ачылган көргөзмө.

Көргөзмөдө белгилүү жазуучулардын Тазабек Саманчинге берген китептери, маркумдун колдонгон буюмдары бар.

Шайыр Арыкбаеванын айтымында, көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнүн көпчүлүгүн студенттер жана ардактуу эс алуудагы ата-апалар түзөт. Алардын арасында Тазабек Саманчинден таалим алгандар да бар.

-Карыган кишилер, адабиятка кызыккан адамдар келип, жакшы маектерди куруп беришет. Саманчиндин студенттеринен келип, билгендерин сүйлөп беришет.

Музейдин экинчи залында кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналып уюштурулган көргөзмө бар. Шайыр Арыкбаева билдиргендей жазуучу тууралуу кенен маалыматтар камтылган бул көргөзмө өзгөчө жаш муундардын кызыгуусун арттырууда.

- Бир жашында үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрү бар. Көбүнчө студенттер кызыгып, ар кыл суроолорду беришип, маалымат алып кетишүүдө.

Бактыгүл Шаршенова Токтогул музейине дайыма келген көрүүчүлөрдөн. Ал бул жерден эс алып, ошону менен бирге керектүү маалыматтар алып кайтат.

- Мен бул музейге дайыма келем. Ар кандай көргөзмо жана кечелерге күбө болуп, керектүү маалыматтарды алам.

Токтогул музейинде белгилүү инсандарга арналган көргөзмөлөрдөн тышкары акын-жазуучулардын кечелери өтүп турат. Музей жетекчилиги эми алдыда жаш калемгерлерге көмөк көрсөтүүнү ниет кылууда. "Жаш акын, жазуучулардын уюмдары менен иш алып барабыз" дейт музей жетекчиси Сырга Иманалиева:

-Жок дегенде бир айда бир жолу болсо да, эсте калаарлык кече уюштурсак деген оюм бар. Жаш акындардын ырларын окутуп, белгилүү акындардын оюн угуп, жакшы баарлашуулар ушул музейде болсо деген тилек.

Токтогул музейи жайы бою иштеп, көрүүчүлөрүн кабыл алат. Ал эми анда жүрүп жаткан Чыңгыз Айтматов менен Тазабек Саманчиндин өмүр-чыгармачылык жолун чагылдырган көргөзмө июль айынын соңуна чейин уланат.
XS
SM
MD
LG