Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Аптанын маданий окуялары


Федор Бондарчук
Федор Бондарчук

Бул аптада улуттук опера жана балет театрында “Айкөлдүк - дүйнөгө карай жол” аттуу кайрымдуулук концерти өттү. Ага белгилүү музыканттар Азамат Сыдыков жана Германиядан келген Барно Хакназарова катышып, белгилүү классиктердин чыгармаларынан тартуулашты. Азамат Сыдыковдун айтуусунда бул долбоорду Европада улантышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги режиссер Темир Бирназаровго “Парз” тасмасы үчүн эл аралык фестивалдын сыйлыгын тапшырды. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай бул сыйлык Тегеранда өткөн 24-эл аралык кинофестивалда берилген.

Федор Бондарчук “Сталинград салгылашуусу” тууралуу тасма тартууну көздөөдө. Фильмдин бюджети 30 млн. долларды түзөт, андыктан мамлекеттин жардамысыз ишке ашыруу кыйын деп билдирет режиссер. Ал ошондой эле бул тасмага батыштагы өнөктөштөр да кызыгып жатканын кабарлаган.

Дүйнөдөгү белгилүү 64-Авиньон эл аралык театр фестивалынын ачылыш програмасына швейцар режиссеру Кристоф Марталердин спектакли коюлган. Маалыматтарга караганда, бул жылы фестивалда көптөгөн музыкалык жана эксперименталдык спектаклдер көрсөтүлөт.

Самарадагы балдар студиясы тарткан “Күн, деңиз, учак” аттуу мультфильм Новосибирскте өткөн фестивалда жеңүүчү деп табылган. Иш-чарага жалпысынан 100 эмгек түшкөн. Калыстар тобу ошондой эле Тува, Москва шаарларынын балдар студиялары жараткан эмгектерди мыкты деп табышкан.

АКШда белгилүү опера ырчысы Чезаре Сьепи 87 жаш курагында каза болду. Маркум ырчы 1950-1970-жылдар аралыгында Нью-Йорктогу Метрополитен сахнасында ырдаган. Ошондой эле ал чыгармачылык жолунда бир нече ирет Бродвей спектаклдеринде катышкан.
XS
SM
MD
LG