Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

“Манастын” толук варианты жарык көрдү


Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. Бул иш чарага президент Роза Отунбаева катышып, "Манас” эпосун өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик программа иштелип чыгарын билдирди.

“Манастын” толукталып басылган жаңы китептеринин жана “Семетейдин” Уркаш Мамбеталиев айткан варианттарынын бет ачарлары белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин Саякбай Каралаев жөнүндөгү “Манасчы” тасмасы менен ачылды.

Саякбай Каралаев 600 миң сапты эсинде сактап, кыргыз элинин руханий энциклопедиясы болгон “Манасты” көкүрөгүндө кармап, бүгүнкү күнгө алып келген “акыркы манасчы” аталган улуу инсан.

Президент Роза Отунбаевага “Турар” басмасынын директору Тилек Мураталиев Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манастын” алтын жалатылган нускасын жана манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейди”, ал эми “Хан теңири” басмасынын директору Айнагүл Алымжанова Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манасты” тапшырышты.

Роза Отунбаева өз сөзүндө “Манас” эпосун - улуттун энчинде жаткан көөнө байлык катары бир гана кыргыз элинин гана эмес, жалпы адамзаттын тарыхый-руханий байлыгы экендигин белгилеп, “Манасты” кыргыз элинин бүгүнкү жана мындан кийинки мамлекеттик тагдырында чоң касиет жана кут катары аздек тутууну, ыйык сезүүнү туя билишибиз керек деди:

- “Манас” эпосунун идеясы, мазмуну кыргыз элин бир туунун астында дайыма биримдикте, ынтымакта болууга үндөп келет. “Манастын” жалпы адамзаттык философиясы зор жана терең экендигине дүйнөлүк окурмандар тамшанып, суктанып келатышат.

Андыктан, Отунбаеванын айтымында, “Манасты” колдоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик программа иштелип чыгат.

Программанын негизинде “Манас” бала бакчалардан тартып жогорку окуу жайларында, бардык агартуу тармактарында мамлекеттин идеологиясы катары кеңири окутулат.

“Манас” эпосундагы тарбиялык үлгүлөр жаш муун үчүн анимациялык фильмдер катары тасмалаштырылып башташы керек.

Ошондой эле “Манастын” Кыргыз илимдер академиясында сакталып турган кол жазмаларынын 80ден ашык нускасын басуу, алардын котормолорун чыгаруу алдыдагы “Манаска” арналган көп иштердин көрүнүп турганы.

“Манас” боюнча сөзүнүн жыйынтыгында Роза Отунбаева эпостун айтылышында - Улуу Манас атанын, улуу рухтардын энергетикалык каймана күчү жатканын, ал күч кыргыз элине жардамын көрсөтөрүн ар бир кыргыз баласы көкүрөктө багышыбыз керек деди:

- Мамлекетибиздин адилет, айкын, демократиялуу жолго умтулуу аракетинде болуп өткөн апрель окуяларын, мекенибиздеги кечээги калабалуу окуяларды баштан кечирип жаткан өлкөбүздү Манас атабыздын ыйык руху колдоп, кыргыз журту кыйынчылыктарды Манас бабабыз осуяттаган сабырдуулук, биримдүүлүк жана ынтымактуулук менен жеңип өтөт деген тилектемин.

“Манас” эпосунун мурдагы китептеринде – “өтө улутташкан” бөлүмдөр катары жана Кудайга, Көккө сыйынган “динчил” маанайдагы эпизоддор катары айрым бөлүмдөр алынып салынып келген. Бул жаңы китептерде ошол алынгандар кайра өз ордуларына коюлуп басылды.

Жаңы “Манастын” өзгөчөлүгүнө карата “Турар” басмасынын директору Тилек Мураталиев буларды кошумчалады:

- Жаңы “Манастын” дагы бир өзгөчөлүгү – атактуу кыргыз сүрөтчүсү Теодор Герцендин “Манас” эпосуна арналып тартылган бардык сүрөттөрү жайгаштырылды.

Бишкектеги “Хан Теңири” басмасы жаз алдынан манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манастын” толук вариантын басып чыгарган эле. Аталган басманын директору Айнагүл Алымжанованын айтымында, басма мындан ары да “Манастын” дагы башка варианттарын жана кенже эпосторду басууну улантмакчы.

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00
XS
SM
MD
LG