Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:34

Ашыраалы Айталиев кенже эпосторду өзгөчө чеберчилик менен бүтүндөй жан дүйнөсүн таштап коюп, дастанын маңызын байыта көркөмдөп, аваздык түркүн боёк кошуп жеткире айтуучу.

1961-жылдын октябрь айы. Ал кезде Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштөөчүмүн. Ашыкемди атайын редакцияга чакырып, “Карагул ботом” дастанын радионун алтын казынасына тасмага жаздыргам. Ошондо Ашыкеден алгачкы жолу “Карагул ботомду” айтып калышыңызга ким себепчи болду эле деп сураганымда мындайча жооп кайтарган эле:

"Жаңы жылда түштүккө барып калдым. Саламалик айлындагы Тажибай аке деген райистин үйүнө мейман болуп отурабыз. Бир маалда Тажибай аке "Ашыке “Карагул ботомду” билесиңби?"- деп сурап калды. Улуу устатым Осмонкул дайыма "бирөө баланча ырды, дастанды билесиңби деп сураса "билбейм" деп айтпа, жок дегенде мазмунун билсең болду. Калганын өзүң улап ырдай бер" деп көп айтуучу. Филармонияда бирге иштешкен комузчу, дастанчы Асылбек Эшмамбетов командировкада жүргөндө "мындай болуптур, тигиндей болуптур" деп сөзүн айтып эки-үч куплет айтып ыйлап калуучу. Жаш кез. Шараптан жутуп алганбыз. Ал кезде райис деген аябагандай чоң кызмат болчу. Мен “Карагул ботомду” айтам дедим. Ошондо ”Карагул ботомду” ырдадым.

Бүгүнкү күндө 10-15 минут ырдалып жүрсө, ал кезде “Карагул ботомду” эки саат айтчумун. Дастандын көп жерин оюмдан чыгарып кошуп айтчумун. Алсак, баласынын атасын ээрчип баратканын да ырдап айтчумун. Ошондо мен айтып жатканда Тажибай аке менен аялы Касиет ыйлагандай болсо көздөрүнүн жашы он талаа. Алар буркурап ыйлап атканда ого бетер "мен Осмонкул болуп калган турбаймынбы" деп, өзүм обончу болгондон кийин обондорунун ыргактарына жаңы ыргак кошуп "ооу" деп боздогон жерде боздоп ырдап атам.

Көрсө, бечараларда үч кыздын ортосунда жалгыз уулу бар экен. Анын өлгөнүнөн кырк күн өтө элек экен. Тажибай аке “Карагул ботомду” угуп алып, ого бетер ботодой боздоп атыптыр. Үйдө отургандардын баары ыйлады. Ошентип “Карагул ботомду” ырдап чыкканмын. Менин оюмча “Карагул ботом” тээ бир байыркы заманда кыргыздар бирде жарыкчылык дүйнөнү көрүп, бирде көрбөй тоо таштын арасында жашап, азап чегип, кайгынын сазына батып турган турмушта чыккан болсо керек”.

“Карагул ботом” дастанынан үзүндү

(Ашыраалы Айталиевдин айтуусунда)


Карыпбай чыга бербейт ууга күндө.

Отунга, сууга барса уулу бирге

Адаты жалгызынын көрүп калса,

Жанынан карыш жылбай ээрчип жүрмө.


Кечинде тамак-ашын жеп алышып,

Жатканда жомок айт деп кыйнайт күндө,

Эрикпейт ата-энеси эрмекке бай,

Бала аман, кереги жок башка дүйнө,


Бир күнү Карыпбай чал шашып калды,

Жей турган эт жок экен бүгүн үйдө.

Атанын кеткенин бала туйду,

Атасы узаганда ыргып турду.


Көзүнө чалдыкпайын ээрчитпейт деп,

Көрүнчү жерден барып боорлоп жылды.

Атасы эңкейгенде кырдан ашып,

Бала да төмөн карай боюн урду.


Алдынан да бир белес көрүнгөндө,

Баса албай чарчап калды, жаштык кылды,

Эмне атат, көзүм менен көрсөм ээ деп,

Балалык кыял анын уйгу-туйгу.


А. Айталиев “Карагул ботомго” удаалаш өз башына, өз тагдырына ээ болбой, өз теңи Болотко жете албай, азуусу айга жанган манап Жантай чалга ботодой боздоп сатылып бараткан 16 жашар бийкечтин муңун баяндаган “Ак Мөөр” дастанын жумурай- журтка тартуулайт.

Ал эл ичинде “Ак Мөөр”, “Мөөркан”, “Мөөр” деген аттарда жөнөкөй ыр, алым-сабак, кара сөз түрүндө жети вариантта айтылат. Ал эми айрым үзүндүлөрү болсо “Болоттун ыры”, “Ак Мөөрдүн зары” деген аттарда угуучулардын арасында элдик ыр түрүндө ырдалат. Ашыкем “Ак мөөрдүн” бардык үлгүлөрүн иликтеп окуп, өзүнүн”Ак Мөөр" аттуу дастанын жазат.

Дастанчы “Ак Мөөрдүн” окуясын өркүндөтүп, чабал чачыранды жерлерин көркөмдөп, төрт тарабы төп келген тарыхый дастандарды жаратат. Ал Ак Мөөргө, Жантайга, Болотко таандык мүнөздөмөлөрдү таап, көркөм боёкторду, аваздык кооз ыргактарды табат. Алардын ар бирин өз тилинде, өз үнүндө сүйлөтүүгө, өз обондорунда ырдап берүүгө жетишкен. Ошондуктан “Ак Мөөр” алгачкы ырдалганда эле калың калктын арасына кудум элдик чыгарма катары сиңип кетти.

Айтылуу дастанчы Айталиев Ак Мөөр менен Болоттун тагдырына тамырлаш, түштүк кыргыздардын арасына кеңири тараган “Аксаткын менен Кулмырза” дастанын “Мырза уул менен Аксаткын” деген ат менен угуучуларга тартуулайт. Оболу бөтөнчө обондогу, өзгөчө ыкмадагы, айрыкча айтуучулукту талап кылган дастанды калк алдына алып чыгууда Ашыкең “жети өлчөп бир кес” дегендей чыгармачылык изденүүгө чыгат.

Аркалыктардын обондорунан, сөздөрүнөн бөтөнчө айырмаланган, армандуу ашыктын муңун баяндаган “Мырза уул менен Аксаткынды” дастанчы алгач ырды, күүнү, обонду жакшы билген, түшүнгөн түштүктүк бир карыяга ырдап берип, сындан өткөргөндөн кийин жумурай журтка ырдап чыккан эле.

Роза Аманова, ырчы-дастанчы:

- Биринчиден, 20-кылымдагы кенже дастандарды айтуучулардын ичинен Ашыраалы атабыздын алган орду эбегейсиз. Биринчиден алар бир сюжетти айтууда адамдын жан дүйнөсүндөгү терең философиялык маңыздагы мазмунду алат.

Эң бир өкүнүчтүүсү - Ашыраалы атабыздын дастан айтуудагы өнөрүн алып кала турган аракет болгон жок. Ашыраалы атабыз менен айтуучулук өнөрү кошо кетти.


Экинчиден, атабыз айтуучулук өнөрдүн бирден-бир багыты болгон кара сөз менен айтпастан, руханий жан дүйнөңдү дүүлүктүргөн жана дүрбөлөңгө салган обон менен айтат.

Үчүнчүдөн, эң башкысы Ашыкебиз дастандарын комуздун коштоосунда айтат. Мына ушундай бири-бири менен тутамдашкан ажырагыс көркөм каражаттарды төп келтирип айтуу касиети миңдеген адамдардын ичинен Кудай таалам жакшы көргөн шайырларында гана болот.

Маселен, “Аксаткын менен Кулмырзаны” айтып жатканда Ашыкем дастандын сюжетинин ичине кирип айтат. Жанагы Кулмырза Аксаткынды бычак менен сайып жатканда эчен эле ишенесиң. Анан бооруң ооруп, жаның ачып ыйлайсың.

“Карагул ботом” кыргыздын оозеки адабий-музыкасынын шедевири. Биз бала кезде дастандарды угуп чоңойдук. Ал эми “Ак Мөөрдү” уккан сайын “тура калып, бара калып” дегендей патриоттук сезимим козголуп, ыйлап бараткан Ак Мөөрдү ушунчалык коргогум келчү. Себеби дегенде ал ушунчалык берилип, ушунчалык эргип ишенимдүү айтуучу.


XS
SM
MD
LG