Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Гүлшара Дулатова: “Сейденин ролун жан дүйнөм менен берилип аткардым”


Өткөн кылымдын 60-жылдарынын экинчи жарымынан тартып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Бетме бет”, “Саманчынын жолу”, “Жамыйла”, “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Жаныбарым Гүлсарат”, “Фудзиямадагы кадыр түн” аттуу ж.б. повесттери биринен сала бири сахналаштырылып, Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында коюла баштайт. Жазуучунун театрга алгачкылардан коюлган “Бетме бет” оюнундагы башкы каарманды аткарган эл артисти Гүлшара Дулатова менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баарлашкан.

- Гүлшара айым залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сахналаштырылган оюндарынын ичинен алгачкылардан «Бетме-бетинен» башкы каарман Сейденин образын сахнага алып чыгыпсыз. Сейде кандай кейипкер, аны алып чыгууда кандай эмгектендиңиз эле?

-Жазуучу Ч.Айтматовдун “Бетме-бетиндеги” Сейденин ролун сахнага алып чыгууда, көрүүчүлөргө тартуулоодо жан дүйнөм менен берилип иштедим. Сейде айымдардын ичинен бөтөнчө жаралган келин. Согуш мезгилинде Сейдеге окшогон жаш келиндер, Толгонайга окшогон энелер, жаш кыздар, мына ушулардын баарысы азыркыга чейин менин көз алдымда.

Мен согуш учурунда 11-12 деги жаш кыз элем. Алардын арасында жүрүп согуш эмне экенин билдим. Аларды көрүп боорум ооруп, ыйладым эле. Ошондон кийин Сейдени сахнага алып чыкканда элестеттим. Сейде сүйүүгө да бекем, адамкерчилиги күчтүү, жакшы эне, жакшы жар. Ысмайыл согушка кеткенде ал кайненесин, жаш баласын багып, канча азап-тозокту башынан өткөрдү. Бир чымындай жаны тынбай колхозунда, үйүндө жумушун жасап, канчалаган гана түйшүктөрдү тартпады.

Ысмайыл аскерден качып келгенде Сейденин ага болгон сүйүүсү, аруу ойлорун мен ушунчалык катуу сездим да, Ч.Айтматовдун Сейде жөнүндө айта турган бийик ойлорун аткара аламбы деген ой менен кейипкердин турпатын сахнага алып чыга аламбы, же жокпу деген ой менен иштедим.

Ысмайыл аскерден качып келип түнү менен уктабай тээ айылдан 6-7 чакырым алыста үңкүрдө жатканда, Ысмайылым ачка болуп калбай эле деп тамак ташып, оорулуу кайненесин, эмчектеги баласын багып, үй оокатын жасап, чарбанын ишин иштеп канчалык кыйынчылыктарды тартса да кабагым-кашым дебей жадырап-жайнап, Ысмайыл качып келсе да анын аманчылыгын тилеп жүрдү. Ысмайылды издеп НКВдан киши келгенде, алардын сураган сурактарына Сейде оңой менен жооп бербей “мен билбейм” дегенден башка сөз айтпайт.

Сейде март айына жетсек деп жазды күтүп, таякелерине Чаткалга кетсек деп жатышкан. Мына ошол күндү эңсеп, ошону күтүп бардык кыйынчылыктарды мойнуна артып коюп Ысмайылды багып атты. Аңгыча айыл арасында Тотойдун уйун ууру уурдап кетиптир деген кеп тарайт. Айыл ичи дүрбөлөңгө түшүп, издей баштайт.

Мына ошол кезде түн ичинде Ысмайыл үйүнө келип колундагы баштыгын жерге таштайт. Сейде баштыкты кармаласа эт экени билинет. Мына ошондо Сейденин үнү каргылданып буулуп “Ысмайыл бул сен белең?! – дейт. - Ошол беш жетимдин канына боелгон колуңду ошолордун жашы менен жууп тазартасың. Ошончолук эле ачыгып баратсаң өзүбүздүн кунаажынды эмне үчүн сойбодуң?” деген сөзүн айтат.

НКВДдан Мырзакул келип: - Сейде айт, айт, Ысмайыл жерге кирип кетсе да табабыз,- дейт. Сейде “мен билбейм, билбейм” дейт. Ичинде болсо Ысмайылды бербейм деп турат. Ошондо Мырзакул Сейденин аркасынан келип камчы менен жонуна бир салганда чаңырып барып бакка жашынып, ошол жерден: - Аке силер эмне мынчалык күйүп-быштыңар. Качса качып кеткендир. Анын эмнесине мынчалык күйүп-бышасыңар, же өзүңөрдөй баары эле майып болуп келсинби, - деген сөздү айтат.

Мына ошентип Сейде ыйлаган бойдон үйүнө жөнөйт. Жолдо камчынын учу мойнуна тийгенде мойну канталап көгөргөнүн байкайт. Муну менен Сейденин Ысмайылга болгон чоң сүйүүсү, ушунчалык бийик ой максаты жерге түшөт дагы Ысмайылды ушунчалык жек көрүп калат. Жек көргөнү жесир Тотойдун, жетим балдардын жалгыз караан туткан кунаажынын союп алганынан болот.

XS
SM
MD
LG