Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

«Чыңгыз Айтматов жана доор»: Жамийланын ыры


Чыңгыз Айтматовду Казакстанга кастарлап тез-тез чакырып турушчу
Чыңгыз Айтматовду Казакстанга кастарлап тез-тез чакырып турушчу

Казактын белгилүү акын-жазуучусу, обончусу, домбрачы Илья Жаканов алп жазуучу Айтматовдун атак-даңк алып келген “Жамыйла”, “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу поветтеринин баш каармандары Жамыйла менен Аселге арнап “Жамыйланын ыры”, “Асель” деген ырларды жазып, обондорду чыгарган. “Жамыйланын ырын” кыргыздын көрүнүктүү ырчыларынын ичинен республиканын эл артисти Дарыйка Жалгасынова биринчилерден кыргыз, казак угармандарына ырдап чыккан.

- Дарыйка айым, казактын көрүнүктүү акын-жазуучусу, обончусу, домбырачысы Илья Жаканов менен кандайча таанышып, автордун «Жамыйланын ыры» аттуу ырын кыргыз, казак ырчыларынын ичинен биринчилерден ырдап чыгышыңыз кандайча болду эле?

- Улуу жазуучу Чыкем айткандай, тоолор да карып, тоолор да кулайт тура. Мына, бүгүнкү күндө аза күтүп, кабыргабызды кайыштырып турган кезибиз. Чыкемдин чыгармалары дүйнөгө желдей тарап, коогалаңдуу курч окуя, курч мүнөздүү икаялар, чоң тоолорду ордунан жылдыргандай жаңы ойлордун баары тарап кетти.

Мына, ошол чыгармалардын арасында Чыкеме биринчи жолу атак-даңкты алып келген “Жамыйла” аттуу повести болуп эсептелет. Эми сиздин сурооңузга жооп берейин.

Чыкемдин “Жамыйласы” чыгып, элге тараган кез эле. Казакта эң талантуу акын десе акын, жазуучу десе жазуучу, обончу, ырчы, домбрачы Илья Жаканов деген адам бар экен. Мына, ошол киши менен Бишкектен жолугушуп калдык. Ал кезде казак, кыргыз композиторлорунун арасында өз ара чыгармачылык карым-катыштар күчөп турган кез.

Алматыга композитор Калый Молдобасановдун чыгармачылык концертин бердик. Ошондо биринчи жолу Илья Жаканов агай бизге келип жолукту. Керим Турапов ал кезде калыптанып калган эле. Маэстро Асанкан Жумакматовду, мени, Керимди Илья агай сиздерге айта турган сөзүм, оюм бар эле деп үйүнө чакырды.

Көрсө, Чыкемдин “Жамыйла” повести басмадан чыгары менен окуп, баш каарман Жамыйлага арнап ырын жазып, обонун чыгарыптыр. Ал Чыкемдин бүтүндөй чыгармаларын казак тилине которуптур.

“Жамыйланын ыры” деген ыр жазып, обон чыгардым, ал отуз жылдан бери жатат, бир топ кыздарга ырдатып көрдүм. Бирок алардын ырдаганына ынабадым, купулума толбоду. Мен ойлоп турам сиз Чыкемдин жердешисиз, сиздин үнүңүздүн тембри менин кулагымда угулуп турат. Мүмкүн болсо ошол ырды сиз алып ырдасаңыз жакшы болот эле деп мен сиздерди үйүмө чакырдым",- деди.

Илья домбыра чертет экен. Ал “Жамыйланын ырын” домбыранын коштоосунда ырдап берди. Сөзү да, обону да өзүнүкү экен. Баардыгы жүрөктөн чыккан экен. Мага, маэстро Асакеме да жакты. Ошентип, нотасын, текстин алдык. Керим болсо Даниярдын ырын алды.

Маэстро Бишкекке келери менен тезинен оркестрге салды. Мага да абдан жакты. Илья Жакановдун өзүнүн аткаруусундагы жүрөгүнөн чыккан жалындуу сөздөр, жалындуу обонду укканда жүрөгүмө камтып калган элем.

Биринчи жолу Бишкекте филармонияда бет ачаары болду. Илья Жакановду чакырдым. Ал кезде мен телевидениеде “Дарыйканын өргөсү” деген берүүнү алып барчумун. Илья менен телевидениеде атайын берүү болду. Ошондо ал ыйлады. Көрсө, Илья өтө жука адам экен. Ошондо ыйлап: - айнанайын мен ушул ырымды угуп, эми канат бүтүп, кантип мен Алматыга кубанычымды жеткирем. Ырахмат кыргыз элине, ырахмат Дарыйкага, Чыңгызга, ырахмат, - деп абдан ыраазы болуп кеткен эле.

Илья кийин бизди эки жолу Алматыга чакырды. Эң акыркы жолу мындан эки жыл мурда Илья маэстро Жумакматовду, ырчы Керим Тураповду, мени Астанага чакырды. Өзүнүн кечесинде ырдадык. Ошондо мен Кадичанын, Жамыйланын ырларын, “Балкан тоо” деген ырларды аткардым.

Керим Турапов болсо Ильястын, Даниярдын ырларын ырдады. Беш номер менен казактар бизди абдан жакшы кабыл алды. Үстүбүздөгү жылдын 7-апрель айында Чыкебиздин 80 жылдыгына карата казак туугандардын жазуучулары Алматыга чогулуп, Айтматовдун салтанатын өткөрүштү.

Ошондо Чыкем Дарыйка Алматыга келип ырдап берсе сураныптыр. 3-4 жаш ырчыны алып Алматыга бардым. Мен “Жамыйланын ырын” ырдадым. Ошону менен бирге казак композитору Е.Бурсловскийдин “Кыз жибегинен” “Гаку-гаку” деген ариясын аткарып бердим. Чыкем аябай ыраазы болду. Өзүнүн сөзүн айтты. Ошентип залкар жазуучубуз Чыкемди акыркы жолу көрдүм.


XS
SM
MD
LG