Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, обончу, таанымал комузчу Нурак Абдрахманов улуу жазуучу Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” аттуу романынын баш каарманы Найман эненин армандуу турмушун баяндаган “Найман эне”, “Сары өзөк баяны” аттуу күүлөрдү чыгарган.

- Нурак мырза, азыркы кыргыз комузчуларынын ичинен алгачкы жолу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” аттуу романынын баш каарманы Найман эненин армандуу турмушун сыпатаган “Найман эне” деген күү чыгарыпсың. Ошол күүңдүн маани-маңызын баяндай отуруп “Азаттыктын” угармандарына чертип берсең?

- Дүйнө жүзүндө Чыңгыз байкенин чыгармаларына таасирленбеген өнөрпоз адамдар жок болсо керек. Өнөрпоз эмес эле катардагы карапайым инсандар да Чыңгыз байкенин чыгармаларына таасирленип, каармандарынын образдарын өзүнүн боюна сиңирип, ошого жараша турмуш жолун тандап жүргөндөрдү көрүп жүрөбүз.

Бул жазуучулук өнөр деген адамзатты алдыга үндөп, алдыга сүрөп жол көрсөтүп тура турган чоң каражат экен. Урматтуу жана сыймыктуу жолдо Чыңгыз байкебиз дүйнө элдерине зор мурас калтырып кетти. Учурунда Чыңгыз байкенин чыгармалары китеп болуп басылып чыгаары менен издеп, кууп жүрүп таап окушкан окурмандарды мен көп көрдүм.

Ошолордун бири Чыңгыз абанын “Кылым карыткан бир күн” деген романы жазылып, китеп болуп басылып чыкты. Мен окуп чыктым. Мага манкурт баяны ушунчалык таасир берди. Манкурт деген эс акылынан ажырап, бир жандыкка айланып калды. Макул анда трагедия жок деп коелу. Жүрөгүндө кайгы жок, айдаса баскан макулукка айланып калды. Ал эми чыныгы трагедия манкурттун энесинде.

Менин оюмча манкурттун энесинин жүрөгүнүн сыздаганы, баласынын манкурт болуп калганын көргөнү, баласынын колунан өлгөнү мага ушунчалык катуу таасир этти. Дүйнөдө бардык эле адамдар, жан жаныбарлар балдарын коргойт. Акыл эсинен ажырап калган баланын энесинин арманы өтө бир жүрөктү сыздатканы, ар ким өзүнүн энесинин образын элестетет экен.

Мен манкурт болуп калсам апам эмне болот экен деп ойлойт экенсиң. Мына ошол нерсе кыялымды терметип, ошол кезде энемдин көзү өтүп кеткен кез эле. Башында күүмө “Эне жүрөгү” деген ат койдум эле. Кийин өзүмдү таасирленткен эле, аталышын “Найман эне” деп атап койдум. Күүмдө Найман эненин майаны минип алып казактын талааларын кыдырып кербендер баланы баланча талаадан көргөндөр бар экен деп издеп жүргөн образын берген элем.

Найман түн ичинде айдын жарыгында, казактын чөлүндө калкылдап ак майа менен кетип баратканын мындайча чагылдырдым. Канча жыл жүргөнү белгисиз акыркы барып баласын таап, минтип чыркырап басып жыгылат экен. Баласы болсо тааныбайт. "Айнанайын балам. Мен сенин энеңмин. Сенин атың Жоломан. Атаңдын аты Дөнөнбай. Акыл-эсиң болбосо да жүрү алып кетейин. Кор кылбай өз колум менен багайын," - деп энеси жалынып жалбарса жакындатпай төшкө түртүп бала энесин тааныбай коет. Ошондо жаны сыздап аткан эненин образын күүмдө бердим.

Жоломанды акыл-эстен ажыраткан калмактын экөөсү төөлөрдү карап келели, баягы манкурт эмне болду деп бураларын булкулдатып, найзаларын жаркылдатып келе жаткан жерин күүмдө мындайча кайрыдым. Душмандардын келе жатканын көргөн эне ак майа төөсүнө минип качып жөнөйт. Аны көргөн душмандар кууйт. Ак майа төө желдей сызып, куштай учуп жеткирбей кетет экен.

Ошондо калмактар Жоломанга кайрылып келип: "бул эмне жүргөн жан экен" деп сураганда, Жоломан – "ал сенин энеңмин, алып кетем деп келиптир" – деп укканын айтканда, калмак: "ал сенин энең эмес. Ал азезил шайтан деген. Ал сени алдап ээрчитип барып, башыңды кайрак таш менен сүрөт", – дейт.

Баш терисинен жабыр тарткан Жоломан башыңды кайрак менен сүрөт деген сөздү укканда өңү кубарып кетет. Эми келсе атып сал деп, калмак Жоломандын колун жаа берип, кайра кайрылып кетет. Анан бала төөлөрдүн арасында баягы калмактын берген жаасын камдап, төлөрдүн арасында жашынып отурат.

Калмактар кеткенден кийин баланын энеси кайра келип, - "айнанайын балам Жоломан кайдасың, каралдым", - деп издеп жүргөндө төөнүн далдасында жаасын кесеп отурган баласы, "ай атпа" дегиче бала жааны тартып ийет.

Жаанын жебеси келип жүрөгүнө сайылган эне тыбырап жан талашып ак майа төөнүн үстүнөн кулап бара жатканда Кудайдын кудуретчилиги менен эненин жаны жоолукка өтүп, жоолук кушка айланып, анан баягы эненин сөзүн кайталап: - "Эсиңе кел. Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай!!"- деп учуп кеткен экен.

Ошол Дөнөнбай деген куш бүгүн да казктын чөлүндө кеч курун Дөнөнбай деген куш ары-бери кыйкырып учат дейт. Мына ошол икаяны Чыңгыз байкебиз келиштире жазгандыктан, менин жан дүйнөмө катуу таасир эткендиктен “Найман эне” деген күүнү жараттым эле.

XS
SM
MD
LG